Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 20-апрели № 07-09
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин айыл өкмөтүнүн бухгалтерия иштерини 1С программасына өткөрүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин айыл өкмөтүнүн бухгалтерия иштерини 1С программасына өткөрүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн бухгатерия иштерини 1С программасына өткөрүү кийинки жылдын бюджетинде каралсын .
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги бухгалтерия иштерини 1С программасына өткөрүу боюнча иш чарасын иштеп чыксын.
3. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө бюджет жана мыйзамдуулук комиссияларына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |