Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 13-01

Нурабад айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү тарабынан 2022-жылда жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн финансылык –экономикалык бөлүмү тарабынан 2022-жылдын жергиликтуу бюджетинин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысы Т.Акуловдун маалыматы айылдык кенешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

Токтом кылат:

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловдун 2022-жылда жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча алып барган иштери «Канааттандырарлык » деп табылсын.

 

2. Нурабад айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы бардыгы болуп 6629523 сом,анын ичинен атайын каражат счетунун калдыгы 19000,0 сом ,бюджеттик счеттун калдыгы 6560523 сом акча каражаттарынын пайдалануусу № 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.

(№ 1-тиркеме тиркелет.)

 

3. Жогоруда аталган кемчилдиктерди жоюу жана айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгын пайдалануусу боюнча Каржы министрлигинин Араван башкармалыгына сметаларды даярдап тапшыруу ФЭБ башчысы Т.Акуловго милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика , бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов

 

 

Нурабад айылдык кеңешинин

V-чакырылыш 13-сессиясынын

02-токтомуна

№ 1- тиркеме

 

Нурабад айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн калдыгын пайдалануусу төмөндөгүчө.

Берененин аталышы

Берене

Сумма

Тушундурмо

Аппарат

Ар түрдүү чыгым

2215

280,0

 

Учурдагы ремонт

2221

32,0

 

Телефон жана интернет

2212

15,0

 

Жалпысы:

 

327,0

 

  Айыл чарбасы

Ар түрдүү чыгым

2215

300,0

 

Жалпысы:

 

300,0

 

ЖКХ

Ар түрдүү чыгым

2215

450,0

 

Хоз материал

2222

440,0

 

Машина жана жабдуулар

3112

450,0

 

Жалпысы:

 

1340,0

 

Билим берүү (ортомектеп)

Машина жана курулуш

3112

4200,0

 

Жалпысы:

 

4200,0

 

Билим берүү (балдар бакчасы)

Ар түрдүү чыгым

2215

180,5

 

Тамак аш

2218

113,0

 

Машина жана курулуш

3112

100,0

 

Жалпысы:

 

393,5

 

Бардыгы бюджет:

 

6560,5

 

Билим берүү атайын каражат (балдар бакчасы)

Тамак аш

2218

69,0

 

Жалпысы атайын каражат:

 

69,0

 

Бардыгы бюджет жана

атайын каражат:

 

6629,5

 

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов