НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 13-08
Нурабад айыл аймагында Айылдардагы коомдук инвистициялык ассоциацияны (АКИА) каттоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Нурабад айыл аймагында Айылдардагы коомдук инвестициялык ассоциациянын (АКИА) аткаруу комитетинин төрагасы Кадыров Ульмасбектин арызын карап чыгып, АРИСтин «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору учун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында Нурабад айыл аймагында социалдык инфраструктураларды жакшыртуу жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл аймагынын Айылдардагы коомчулуктун инвестициялык ассациациясынын (мындан ары АКИА) уставдык ишмердүүлүгүнүн аймагы катары Ош областынын Араван районунун Нурабад айыл аймагы белгиленсин.
2. Нурабад айыл аймагынын Айылдардагы коомчулуктун инвестициялык ассациациясынын (мындан ары АКИА) уставы бекитилсин.
3. Бекитилген Уставдын жана Протоколдун негизинде АКИАны Араван районунун Нурабад айыл аймагынын айылдык кеңешинде каттоого алынсын.
4. Нурабад айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына КРнын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин негизинде АКтин ушул токтомун КР юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук реестрине киргизүүнү камсыздоо тапшырылсын.
5. Айыл өкмөтүнө АКИАнын жана анын аткаруу комитетинин Нурабад айыл аймагында өзүнүн Уставынын негизинде жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү тапшырылсын.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |