Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 13-10

Кайрагач-Арык айылынын тургуну Абдураимов Абдукаримдин арыздары жөнүндө

Кайрагач-Арык айылынын тургуну Абдураимов Абдукаримдин мурдагы Ленин колхозунда иштеген мүлк пай акысыны кыймылсыз мүлк же там –жай кылып берүүнү суранган жана там жай курууга жер тилкесини берүү боюнча арызы боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Кайрагач-Арык айылынын тургуну Абдураимов Абдукарим мурдагы Ленин колхозунда иштеген мүлк пай акысыны кыймылсыз мүлк же там –жай кылып берүүнү суранган арызы боюнча мүлк пай бөлүштүрүү комссиясынын мүчөлөрү ишин токтоткондугуна байланыштуу тиешелүү жогорку турган органдарга кайрылуусу сунушталсын .

 

2. Кайрагач-Арык айылынын тургуну Абдураимов Абдукаримге там- жай курууга жер тилкесини берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине арыз менен кайрылып кезекке туруу боюнча сунушталсын.

 

3. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов