Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 526
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
"21) Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги 21-тиркемеге ылайык.";
2) бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эсеп-фактура (инвойс) - салык мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоону жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салык документи;
2) товар-транспорттук коштомо кагазы (ТКК) - CMR эл аралык автомобилдик коштомо кагазынын ордуна КМШ өлкөлөрүнүн чегинде товарларды өткөрүүдө пайдаланылуучу документ;
3) CMR эл аралык автомобилдик коштомо кагазы - жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын (ЖЭЖТК) талаптарына ылайык таризделген документ.".