Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 123-28
Байге фонду жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 641-т тескемесине ылайык Аламүдүн айыл өкмөтү 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты айыл өкмөтү” номинациясы боюнча байге фонду 500 000 (беш жүз миң) сомду түзгөн байгеге ээ болгондуктан, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин эки китепканага китеп сатып алууну жактырууну сурангандыгы тууралуу катын карап чыгып жана талкуулап ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагындагы эки китепканага 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү каражатка китеп сатып алуу жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |