Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 124-28
Долбоорлор жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл аймагынын социалык чөйрөсүн өнүктүрүү жана чечүү көйгөйлөрү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги каржылаган конкурска катышууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин:
- “Бөбөк” балдар бакчасынын чатырына жабылган профнастилди алмаштырып, имаратынын алдыңкы бөлүгүн, ички бөлмөлөрүн күнүмдүк оңдоп-түзөө – 2 328 196 миң сом көлөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 698 456 миң сом, республикалык бюджеттен – 1 629 737 миң сом.
- Балдар аянтчаларын орнотуу жанабалдар аянтчаларынын аймагын абаттоо – 4 500 000 миң сом көлөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 1 500 000 миң сом, республикалык бюджеттен – 3 000 000 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунан дем берүүчү гранттарды алууга долбоордук билдирмелер конкурсуна катышууга документтерди даярдасын жана жөнөтсүн, ошондой эле 2023-жылдын бюджетин түзүүдө эске алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин “Өнөр жай, соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, коммуникация, курулуш, архитектура, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |