Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 126-28
2022-жыл үчүн кирешелер планынын ашыра аткарылышы жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 2022-жыл үчүн бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн планынын ашыра аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2022-жыл үчүн бюджеттин кирешелер планынын ашыра аткарылышына байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча негизги эсеп боюнча план көбөйтүлсүн:
Киреше салыгы- 11508,0 миң сом
МИнин субъектилери үчүн бирдиктүү салык – 9340,3 миң сом
Патенттин негизиндеги салык – 10759,0 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык 1-т. -140,0 миң сом
Жалпы баары – 31747,3 миң сом
2. 2022-жылга карата кирешелер планынын аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча негизги эсеп боюнча план азайтылсын:
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык -234,9 миң сом
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 6373,2 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык 3-т. -184,2 миң сом
Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык - 2500,0 миң сом
Баары: 9292,3 миң сом
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |