Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-августу № 460
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине турак эмес жайды жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик социалдык объекттерди куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөнкү объекттерди белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
1) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Ю.Абдурахманов көчөсү, 1в (идентификациялык коду 3-10-01-0017-0731) дарегиндеги аянты 16920,0 кв. м болгон жер участогун;
2) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Ю.Абдурахманов көчөсү, 1в (идентификациялык коду 3-10-01-0017-0768) дарегиндеги аянты 15010,0 кв. м болгон жер участогунда жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 3919,7 кв. м болгон турак эмес жайды;
3) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Д.Малашов көчөсү, 51н (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2181) дарегиндеги аянты 10754,0 кв. м болгон жер участогун.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайды жана жер участокторун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) өткөрүлүп берилүүчү объекттерди белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) күтүүнү жана андан ары тейлөөнү белгиленген тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;
4) өткөрүлүп берилүүчү объекттерди белгиленген тартипте андан ары ээликтен ажыратпоо жана аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |