Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №25
“Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Шерматова Гульбурак Болушовна жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 25-беренесин негиздеп, Көк-Арт айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты бүгүнкү күндѳ «Ак-Тилек 2» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору кызматында эмгектенген Шерматова Гульбурак Болушовна, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын «Жергиликтүү кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңеш менен, ал эми жергиликтүү кеңештин сессияларынын аралыгында - жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес болгондуктан азыркы иштеп жаткан кызмат ордунда калтырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
3.Токтом Көк-Арт айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : | А.А. Энназаров |