Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №26
““К.Тайгараев мектебинин имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу убактылуу пайдаланууга берилген жеке турак үйгө
ижара акы төлөп берүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,
Көк-Арт айыл өкмөтүнун Жоон-Күнгөй айылындагы К.Тайгараев мектебинин имараты жаңыдан курулуп жаткандыгынан Нуркасымов Нурмаматтын жеке турак үйүн ижарага алып, убактылуу пайдаланып жаткандыгына байланыштуу ижара акысын төлөп берүү боюнча Курманбек айылдык кеңешинин 07.02.2024-жылдагы кезектеги XXV-сессиясынын №11 токтому менен 40 000 (кырк ) миң сом бөлүнүп берилип бирок багытын аныктоочу беренеге отурбай калгандыгына байланыштуу Көк-Арт айылдык кеңешинин резервттик фондунан берүү боюнча сунушту Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Мектепке убактылуу жеке турак үйүн пайланууга берген Нуркасымов Нурмаматка Көк-Арт айыл өкмөтү менен түзгөн келишимдин негизинде айыл өкмөттүн резервтик фондунан 1 жылга 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө ижара акысы төлөнүп берилсин;
2. Келишим түзүп, ижара акысын төлөп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага : | А.А. Энназаров |