Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №27
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылынын тургуну медицина тармагында өмүрунун акырына чейин кызмат кылып, элге эмгеги синген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги Кадыралиев Исматилла Кадыралиевичтин ысымын Кара-Алма айылына кеткен чоң жолго Баймуратов Кайыпберди көчөсүнөн Орозалиев Бай көчөсүнө чейинки жолго коюп берүүну сурап кайрылган Н.Кадыралиевдин 28.05.2024-жылдагы кириш № 39 сандуу кайрылуусун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылына кеткен чоң жолдун К.Баймуратов көчөсүнөн Орозалиев Бай көчөсунө чейинки жолго Кадыралиев Исматилла Кадыралиевичтин аты айгарылсын;
2. Жолдун тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээси Н.Кадыралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |