Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №28

 

“Көчөгө ат коюу жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдукулов Тайчинин ысымын Таран-Базар айылынын башындагы бурулуштан жогору кеткен көчөгө коюп берүүнү сурап Турдукулов Нуржигиттин 29.05.2024-жылдагы кириш №40 сандуу кайрылуусун жана депутат Абдукаимов Нурланбектин сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.     Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылынын башындагы бурулуштан жогору адыр жака кеткен аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдукулов Тайчинин аты айгарылсын;

 

2.     Көчөнүн тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээси Н.Турдукуловго милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров