Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-июну № 317
Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун куруу жөнүндө
Темир жолдор тармагын өнүктүрүү, республиканын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда темир жол каттамын куруу жана республиканын жана региондордун экономикасын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун куруу долбоору мамлекеттик маанидеги долбоор деп аныкталсын.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун куруу боюнча иштердин заказчысы болуп;
- субподряддык уюмдарды тартуу укугу менен "Кыргыз Темир Кен" жоопкерчилиги чектелген коому Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун куруу боюнча иштердин башкы подрядчысы болуп.
3. "Кыргыз Темир Кен" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды жана инвестицияларды тартуу укугу берилсин.
4. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Темир Кен" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда ара тараптуу көмөк көрсөтсүн;
- зарыл болгон учурда Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жолун жана жол инфратүзүмүн куруу үчүн "Кыргыз Темир Кен" жоопкерчилиги чектелген коомуна зарыл болгон жер участокторун бөлүп берүү жана пайдалануу укугун каттоо/кайра каттоо бөлүгүндө жер-кадастрдык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 100 "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталышында, 1, 2 жана 3-пункттарда "- Кара-Кече" деген сөздөр алып салынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |