Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңещинин XXX чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылдын 23-августундагы № 30/39-17
«Чолпон-Ата шаарынын чыгыш аймагында жайгашкан жер тилкесин башкы планына актуализация алкагында жер тилкесинин үзүндүсүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
“Газпром Нефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 27-февралындагы иш кагазы, Ысык-Кѳл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаар куруу кеңещинин 2024-жылдын 27-июнундагы протоколу, Чолпон-Ата шаардык кеңещинин 2006-жылдын 16-июнундагы №01 Токтому менен бекитилген Чолпон-Ата шаарынын шаар куруу жана пайдалануу эрежелери, Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун, Ысык-Көл филиалынын Чолпон-Ата шаарынын башкы планынын үзүндүсүнө актуализация кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Чолпон-ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги №91 Токтому менен бекитилген,Чолпон-Ата шаарынын башкы планынын актуализация алкагында, Чолпон-Ата шаарынын шаар куруу жана пайдалануу эрежелерине өзгөртүү киргизүү менен, Чолпон-Ата шаарынын Абдрахманова №35 көчөсүндө жайгашкан 0,22 га жер тилкесинин максаттык багыттын “коомдук-коммерциялык зонасы” максаттык багыттына которулсун.
2. Чолпон-Ата шаардык мэриясы алдындагы жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облсутук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага Б.Бакиров