Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №29
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылы менен Кара-Алма айылынын кесилишкен жолдон Жоон-Күнгөй айылынын кире беришиндеги мазардын жанындагы бурулушка чейинки көчөгө Керимкулов Токтакундун ысымын коюп берүүнү сурап Т.Акматкуловдун жазган 05.06.2024-жылдагы кириш № 49 сандуу кайрылуусун жана депутат К.Малашовдун сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылы менен Кара-Алма айылынын кесилишкен жолдон Жоон-Күнгөй айылынын кире беришиндеги мазардын жанындагы бурулушка чейинки көчөгө Керимкулов Токтакундун ысымы ыйгарылсын;
2. Көчөнүн тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээси Т.Акматкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |