Загрузка документа…
БАЛБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
БИРГЕЛЕШКЕН ТОКТОМ
2024-жылдын 15-августундагы № 78
«Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылын Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө»
Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылынын тургундарынын Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө кайрылууларын угуп, Балбай жана Түп айылдык кеңештеринин депутаттарынын маалыматтарын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1п.,113-беренесинин 3п., 2021-жылдын 20-октябрь №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин17-п.,63-беренесинин 1-п.таянып, Балбай жана Түп айылдык Кенештеринин XXVIII- чакырылышынын бириккен сессиясы
токтом кылат:
1. Балбай айыл аймагына караштуу Келечек айылы Түп айыл аймагынын карамагына өткөрүлүп берилсин. Балбай айыл аймагынын айыл өкмөтү мыйзам чегинде тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого милдеттендирилсин.
2. Балбай айыл өкмөтү менен Түп айыл өкмөтү Келечек айылынын Түп айыл аймагынын карамагына өтүп жаткан иш-аракетинен жаралган маселелерди : салыктын төлөмдөрү, жерди ээлөө жана чек араларын аныктоо, жана башка ушуга окшогон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө иш-аракеттерин жумшашсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүбүзгө калтырылат.
Балбай айылдык кеңешинин Түп айылдык кеңешинин
төрагасы төрайымы
___________Т.Т.Омуралиев __________А.О.Орозбекова