Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралы № 3

 

«Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ийри-Суу айылдык  Кенеши токтом кылат:

 

1. «Ийри-Суу айылдык кеңеши» мекемеси жана «Чаңгет айылдык кеңеши» мекемесин бириктирүү жолу менен «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш айылного аймака Ийри-Суу".

Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» м-си.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш айылного аймака Ийри-Суу".

 

2. «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Жийде айылы, Р.Мырзакматов көчөсү, 35 аныкталсын.

 

3. «Ийри-Суу айылдык кеңеши» мекемесинин жана «Чаңгет айылдык кеңеши» мекемесинин өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы бекитилсин.

 

4. «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин жобосу бекитилсин.

 

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат. 

 

«Ийри-Суу» айылдык кеңешинин төрагасы

 

Кыргызбаев А. К