ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Төрт-Көл айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21-февралы № 5
«Төрт-Көл айылдык кеңеши» мекемесин жана
«Жылалды айылдык кеңеши» мекемесин бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Төрт-Көл айылдык кеңеши» мекемесин жана «Жылалды айылдык кеңеши» мекемесин бириктирүү жолу менен «Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы «Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин төрагасына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
«Төрт-Көл» айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мураталиев |