Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-январы № 129-28
Кошумча акы жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” жарлыгынын 4, 5-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 4, 5- пункттарына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2023-жылдын 1-январынан тартып жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин төмөнкү муниципалдык кызматкерлерге төмөнкүдөй өлчөмдө эмгек акысына кошумча акы төлөп берүүгө уруксат берилсин:
- башчыга – 50%;
- башчынын орун басарына, жооптуу катчыга – 30%;
- ФЭБнун жетекчисине, башкы жана жетекчи адистерге – 30%;
- Аскердик-эсепке алуу столунун адистерине жана инспекторлоруна – 30%.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |