Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна) |
Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, тариздөө жана кароо боюнча жол-жоболорду аныктайт.
2. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) менен иш жүргүзүү - ойлоп табууга өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышуу, ошондой эле укук алуу жана башкаруу боюнча мыйзам менен каралган иш-аракеттерди аткаруу;
2) мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
4) ЭПК - Ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясы. Кыргыз Республикасы 1971-жылдын 24-мартындагы Эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна "Кыргыз Республикасынын эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде аныкталган маанисинде колдонулат.
3. Ойлоп табуу катары продуктуга (түзүлүш, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткалары) же ыкмага (материалдык каражаттардын жардамы менен материалдык объектке иш-аракеттерди жүргүзүү процессине), анын ичинде продуктуну же ыкманы жаңы багыты боюнча колдонууга тиешелүү кандай жааттагы болбосун техникалык чечим корголот.
4. Ойлоп табуунун объекттери:
1) ойлоп табуунун объекттери катарында түзүлүштөргө конструкциялар жапа буюмдар кирет;
2) ойлоп табуунун объекттери катарында ыкмаларга материалдык объекттердин жардамы менен материалдык объекттердин үстүнөн иш-аракеттерди аткаруу процесстери кирет;
3) ойлоп табуунун объекттери катарында заттарга төмөнкүлөр кирет:
- жеке химиялык кошулмалар, аларга ошондой эле шарттуу түрдө жогору молекулалуу кошулмалар жана гендик инженериянын объекттери кирет;
- композициялар (курамдар, аралашмалар);
- ядролук айлануу продуктулары;
4) ойлоп табуунун объекттери катарында микроорганизм штаммдарына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларына төмөнкүлөр кирет:
- микроорганизмдин жеке штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткалары;
- микроорганизмдердин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларынын консорциумдары;
5) жаңы арналышы боюнча мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды пайдаланууга ойлоп табуунун объекти катарында башка арналышына ылайык аларды пайдалануу кирет;
6) жаңы арналышы боюнча пайдаланууга коомдук керектөөнү канааттандыруу үчүн белгилүү болгон заттардын (табигый жана жасалма жолу менен алынган) биринчи жолу пайдаланылышы теңештирилет.
5. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 9-бөлүгүндө аныкталган объекттер ойлоп табуулар деп таанылбайт.
Ойлоп табуунун курамымда эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.
6. Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө (мындан ары - ойлоп табууга өтүнмө) бир ойлоп табууга же бирдиктүү ойлоп табуучулук ой-пикирди билдирген (ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабы), өз ара байланышкан ойлоп табуулардын тобуна тиешелүү болушу керек.
Ойлоп табуунун бирдиктүүлүгү сакталган болуп таанылат, эгерде:
1) бир көз карандысыз пункту болгон ойлоп табуунун формуласында бир ойлоп табуу мүнөздөлгөн болсо;
2) ойлоп табуунун формуласында бир нече көз карандысыз пунктунда ойлоп табуулардын тобу мүнөздөлгөн болсо:
- алардын бири башкасын алуу (жасап чыгаруу) үчүн арналган (мисалы, түзүлүш же зат жана түзүлүштү же затты бүтүндөй же алардын бөлүгүн алуунун (жасап чыгаруунун) ыкмасы);
- алардын бири башкасын ишке ашырууга арналган (мисалы, бүтүндөй же анын аракеттеринин биринин ыкмасын ишке ашыруу үчүн ыкма жана түзүлүш);
- алардын бири башкасын (башкасында) пайдалануу үчүн арналган (мисалы, ыкмада пайдалануу үчүн арналган ыкма жана зат; ыкма же түзүлүш жана анын бөлүгү; жаңы арналышы боюнча түзүлүштү же затты колдонуу жана ушул арналышына ылайык аларды пайдалануу менен ыкма; жаңы арналышы боюнча түзүлүштү же затты колдонуу жана алардын курамдык бөлүгү болуп алар эсептелинген түзүлүш же композиция);
- бир эле техникалык натыйжа алууну камсыз кылуучу бирдей арналыштагы, бир түрдүн объекттерине киргендер (варианттар).
2-глава. Мөөнөттөрдү эсептөө
7. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттердин мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн эрежелерине ылайык эсептелет.
Ошентип белгиленген убакыттын мөөнөтүнүн өтүшү календардык датадан кийинки күнү башталат же анын башталышы белгиленген окуянын болушу саналат.
Жылдар менен эсептеле турган мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тийиштүү айында жана күнүндө бүтөт.
Айлар менен эсептеле турган мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тийиштүү күнүндө бүтөт.
Жарым айга белгиленген мөөнөт күндөр эсептелүүчү мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө тең болуп эсептелет.
Эгерде айлар менен эсептелүүчү мөөнөттүн бүтүшү анда тийиштүү сан жок болгон айга туура келсе, анда мөөнөт ушул айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келсе, мөөнөт бүткөн күн болуп андан кийинки жумушчу күн эсептелет.
Кандай болбосун иш-аракеттер үчүн мөөнөт белгиленсе, ал мөөнөттүн акыркы күнүндө жыйырма төрт саатка чейин аткарылышы керек.
Бирок эгерде бул иш-аракет уюмда аткарылышы керек болсо, анда ушул уюмда белгиленген эрежелер боюнча тийиштүү операциялар токтотулган саатта мөөнөтү бүтөт.
Мөөнөттүн акыркы күнүндө жыйырма төрт саатка чейин почтага же телеграфка өткөрүлгөн жазуу түрүндөгү арыздар жана кабарламалар мөөнөтүндө аткарылган болуп эсептелет.
8. Кыргызпатенттин юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаруунун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрү "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган учурларда токтотулуп турат.
9. Калыбына келтирилген мөөнөттөрдү эсептөө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
10. Кыргызпатенттин кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө жөнөтүлөт.
11. Кыргызпатент жөнөткөн кандай болбосун кабарламалары, суроо-талаптары жана чечимдери "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык талаптагыдай жеткирилген болуп саналат.
3-глава. Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө берүүгө укук
12. Патент алууга өтүнмө берүүгө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөн жактар укуктуу.
Ойлоп табуунун автору өтүнмө берүүгө жана төмөнкүдөй учурларда патент алууга укуктуу:
- эгерде ойлоп табуу кызматтык болуп саналбаса;
- эгерде ойлоп табуу кызматтык болуп саналса, бирок автор менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим менен патент алууга автордун укугу караштырылса же эгерде жумуш берүүчү анын автору түзүлгөн ойлоп табуу жөнүндө кабарлаган датадан тартып төрт айдын ичинде Кыргызпатентке өтүнмө бербесе, башка жакка патент алууга укукту кайра өткөрүп бербесе же авторго ойлоп табууну жашырын сактоо жөнүндө билдирбесе.
Өтүнмө ээси тарабынан патент алууга укукту өткөрүп берүү ойлоп табууну каттаган учурга чейин Кыргызпатентке арызды берүү аркылуу жүргүзүлөт жана өтүнмө ээсинин укуктарын өткөрүп берүү болуп эсептелет.
Өтүнмө берүүгө укукту кандай болбосун документ менен тастыктоо талап кылынбайт.
13. Өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз, патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу же башка өкүл аркылуу берилет.
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим менен башкача тартип белгиленбесе, өтүнмө берүүнүн датасын аныктоого, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, жогоруда аталган жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана кабарламаларын алууга, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөөгө байланыштуу жол-жоболордон тышкары, патентти алууга, ошондой эле ойлоп табууну коргоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзөт.
4-глава. Ойлоп табууга патент алууга өтүнмөнүн курамы
14. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) ойлоп табуунун авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган ордун, электрондук почтасынын дарегин жана телефондун, факстын (бар болсо) номерин көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арыз;
2) аны жетишерлик толук ишке ашыра тургандай ачылган ойлоп табуунун сыпаттамасы;
3) анын маңызын жана сыпаттамага толугу менен негизделгенин билдирген ойлоп табуунун формуласы;
4) эгерде алар ойлоп табуунун маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелери жана башка материалдар, анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча электрондук түрдө анын үч өлчөмдүү модели;
5) реферат.
15. Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө тиешелүү алымды төлөгөн же өтүнмө берүү үчүн алым төлөөдөн бошотуу үчүн негиздин же анын өлчөмүн азайтууну тастыктаган документ тиркелет, ал өтүнмө берүүдө же кошумча алым төлөнгөн шартта эки айдын ичинде берилет.
Белгиленген мөөнөттө аталган документтер берилбесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат.
16. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин алдында өкүлчүлүк кылууга ишеним кат жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары менен каралган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт.
Кыргызпатент ишеним кат берген жактын кол тамгасынын жана/же кызмат абалынын анык экендигин ырастоого укуктуу, Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча ишеним кат белгиленген тартипте мыйзамдаштырылышы (апостиль коюлушу) керек.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат ушул жактын өзү, ошондой эле өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилет. Акыркы учурда аталган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү берилет.
Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген жак кол коет;
- ишеним кат патенттик ишенимдүү өкүлдүн атына берилет;
- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын өлчөмү көрсөтүлүшү керек;
- ишеним катта ал түзүлгөн күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал анык эмес.
Эгерде ишеним кат бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына берилсе, өтүнмө боюнча патент алуу боюнча иштер алардын кимиси менен болбосун жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кайсы аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети же өтүнмө ээсине карата аракеттер катары бааланат.
17. Конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө өтүнмө ээси тарабынан Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде берилген биринчи өтүнмөнүн (мындан ары - биринчи өтүнмө) көчүрмөсү тиркелет, ал Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмөнү берген күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен берилет. Эгерде биринчи өтүнмөдөн бир нече болсо, ушул өтүнмөлөрдүн бардыгынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Эгерде конвенциялык өтүнмөдө жана берилген көчүрмөлөрдө өтүнмө ээлери ар башка болсо, ошондой эле кайра өткөрүп берүү актысы берилиши керек.
Биринчи өтүнмөнү берген күндөн тартып он эки айдын ичинде, бирок он эки айлык мөөнөттүн өтүшүндө 2 айдан кечиктирбестен келип түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылыкты сураганда өтүнмөгө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Конвенциялык артыкчылыгын аныктоо жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (патент берүү жөнүндө арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
18. Өтүнмөгө, анын ичинде электрондук документтин формасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча анын жеке маалыматтарын чогултууга, иштетүүгө, сактоого, өткөрүп берүүгө жана жарыялоого өтүнмө ээсинин макулдугу тиркелет.
19. Ойлоп табууга өтүнмөнүн материалдары ал Кыргызпатентке келип түшкөн учурдан тартып өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин купуя болуп эсептелет.
5-глава. Өтүнмөнүн документтерин толтурууга жана анын мазмунуна талаптар
20. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет.
21. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө берилүүчү документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилде котормосу тиркелет. Котормонун так экендигине өтүнмө ээси жооптуу болот.
22. Ушул Эрежелердин 14-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн өтүнмөнүн документтери бир нускада берилет.
23. Патент берүү жөнүндө арыз (мындан ары - арыз) Кыргызпатент тарабынан бекитилген форма боюнча берилет.
24. Арыздын графалары Кыргызпатент тарабынан аныкталган тартипте толтурулат.
25. Өтүнмө ээси арызды электрондук түрдө берүүгө укуктуу, мында арыздын графалары экран интерфейсинин элементтерин пайдалануу менен толтурулат.
Арыздын электрондук формасынын жээги өзгөрүлмө көлөмгө ээ, ушуга байланыштуу кошумча барактарды толтуруу талап кылынбайт.
Электрондук түрдө берүүдө арызды толтуруу ушул Эрежелердин 23-24-пункттарына жана Кыргызпатент тарабынан бекитилген Өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасын пайдалануучунун нускамасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Арыздын электрондук түрүнө күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга (мындан ары - КЭК) коюлат.
26. Ойлоп табуунун сыпаттамасы аны ишке ашыруу үчүн ойлоп табууну толук, жетишерлик ачышы керек.
27. Сыпаттама ойлоп табуунун аталышынан (өтүнмө берилген ойлоп табуу кирген ЭПКнын колдонуудагы редакциясында рубрика берилген учурда - ушул рубриканын индексинен) башталат жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- ойлоп табуу киргем техниканын тармагы;
- техниканын деңгээли;
- ойлоп табуунун маңызы;
- чиймелердин фигураларынын жана башка материалдардын тизмеги (эгерде алар тиркелсе);
- ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар.
Сыпаттаманын бөлүмүн зарыл маалыматтар камтылган булактарга шилтеме кылуу менен алмаштырууга болбойт (адабий булакка, мурда берилген өтүнмөдөгү сыпаттамага, коргоо документине карата сыпаттамага ж.б.).
28. Ойлоп табуунун аталышы кыска жана так болууга, анын маңызына туура келүүгө жана объекттин арналышын мүнөздөөгө тийиш.
Аталышы жекелик санда берилет. Төмөнкүлөрдөн башкасы:
- жекелик санда колдонулбаган аталыштар;
- жалпы структуралык формуланы түзгөн химиялык кошулмаларга кирген ойлоп табуулардын аталышы.
29. Төмөнкүлөргө кирген ойлоп табуунун аталышына:
1) жеке химиялык кошулмага кирген ойлоп табуунун аталышына химияда кабыл алынган номенклатуралардын бири боюнча анын аталышы киргизилет; ошондой эле анын конкреттүү арналышына көрсөтмө, ал эми биологиялык активдүү кошулмаларга- биологиялык активдүүлүктүн түрү келтирилиши мүмкүн;
2) аныкталбаган структуранын жогору молекулалуу кошулмасын алуу ыкмасына кирген ойлоп табуунун аталышына, эгерде анын арналышына зарыл болсо, жогору молекулалуу кошулманын аталышы жана көрсөтмө киргизилет;
3) аныкталбаган курамдагы аралашма затты алуу ыкмасына кирген ойлоп табуунун аталышына бул заттын арналышына жана биологиялык активдүү касиетине көрсөтмө киргизилет;
4) микроорганизм штаммына же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларына кирген ойлоп табуунун аталышына автордун (авторлордун) фамилиясын (фамилияларын), штаммдын түрүн жана арналышын көрсөтүү менен латын тилинде биологиялык объекттин уруулук жана түрдүк аталышы киргизилет. Микроорганизмдин же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларынын аталышы эл аралык номенклатуранын талаптарына ылайык берилиши керек;
5) белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды жаңы арналышы боюнча пайдаланууга кирген ойлоп табуунун аталышы тийиштүү объект үчүн кабыл алынган эрежелер боюнча түзүлөт жана белгилүү болгон объекттин жаңы арналышын мүнөздөйт;
6) алардын бири башкасын алууга (жасоого), ишке ашырууга же пайдаланууга арналган объекттерге кирген ойлоп табуулардын топторунун аталышы бир ойлоп табуунун толук жана башкасынын кыскартылган аталышын камтыйт. Алардын бири башкасын (башкада) пайдалануу үчүн арналган объекттерге кирген ойлоп табуулардын топторунун аталышы топко кирген ойлоп табуулардын толук аталышын камтыйт;
7) варианттарга кирген ойлоп табуулардын топторунун аталышы "варианттар" деген кашаадагы сөз менен көрсөтүлүп толукталган топтун бир ойлоп табуусунун аталышын камтыйт.
30. Ойлоп табуунун аталышында фамилиялык аталыштарды, аббревиатураларды, товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин, жарнамалык, фирмалык жана башка атайын аталыштарды, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын, географиялык көрсөтмөлөрдү, "ж.б." деген жана ушуга окшогон ойлоп табууну бирдейлештирүү максаттарына кызмат кылбаган сөздөрдү пайдалануу сунуш кылынбайт.
31. Сыпаттаманын "Ойлоп табуу тийиштүү болгон техниканын тармагы" деген бөлүмүндө ойлоп табуу колдонула турган тармак көрсөтүлөт. Эгерде мындай тармактар бир нече болсо, артыкчылыкка ээ болгондору көрсөтүлөт. Мында ойлоп табуу объектинин өнөр жай тармагы гана эмес, конкреттүү арналышы көрсөтүлөт.
32. "Техника деңгээли" бөлүмүндө ал өтүнмө ээсине кандай белгилүү болсо жана ойлоп табууну түшүнүү, издөө жүргүзүү жана ойлоп табууга берилген өтүнмөнү экспертиза өткөрүү үчүн пайдалуу болуп эсептелине турган деңгээлде техниканын мурдагы деңгээли көрсөтүлөт.
Бул бөлүмдө маңыздуу белгилеринин топтому боюнча ойлоп табууга эң жакын болгон (прототип), алардын ичинен аналогун бөлүү менен өтүнмө ээсине белгилүү болгон ойлоп табуунун аналогдору жөнүндө маалыматтар берилет.
Ойлоп табуунун аналогу катарында ойлоп табуунун маанилүү белгилеринин топтому менен окшош белгилердин топтому аркылуу мүнөздөлө турган ойлоп табуунун артыкчылык алган күнүнө чейин жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардан белгилүү болгон ошол эле арналышынын каражаты көрсөтүлөт.
Окшошторунун ар бирин сыпаттоодо ал ачылып баяндалган маалымат булагынын библиографиялык маалыматтары келтирилет, өтүнмө берилген ойлоп табуунун маанилүү белгилери менен дал келгендерин көрсөтүү менен аналогунун белгилери, ошондой эле өтүнмө ээсине белгилүү болгон талап кылынган техникалык натыйжаны алууга тоскоолдук кылуучу себептери көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу конкреттүү арналышы же биологиялык активдүү касиеттери менен аныкталбаган курамдагы аралашманы алуу ыкмасына кирсе, аналог катарында ушундай эле арналышы же ушундай эле биологиялык активдүү касиеттери менен аралашманы алуу ыкмасы көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу жаңы жеке химиялык, анын ичинде жогору молекулалуу же гендик инженериянын кошулмасын алуу ыкмасына кирсе, анын белгилүү болгон структуралык аналогун алуу ыкмасы жөнүндө маалыматтар берилет.
Микроорганизм штаммына же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларына, заттын продуцентине кирген ойлоп табуунун эң жакын аналогун сыпаттоодо алынуучу зат жөнүндө маалыматтар берилет.
Эгерде ойлоп табуу мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды колдонууга кирсе, анда анын аналогдоруна мурун белгилүү болгон түзүлүштөр, ыкмалар, заттар, ошол эле арналышы боюнча штаммдар кирет.
Ойлоп табуунун топторун сыпаттоодо аналогдор жөнүндө маалыматтар ар бир ойлоп табуу үчүн өзүнчө берилет.
33. Ойлоп табуунун маңызы ойлоп табуу камсыздандыруучу техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишерлик маанилүү белгилеринин жыйындысында берилет.
Белгилер эгерде алар алына турган техникалык натыйжага таасир берсе, башкача айтканда көрсөтүлгөн натыйжа менен себебин издөө байланышында турса, маанилүүгө кирет.
Бул бөлүмдө өтүнмө берилген ойлоп табуу мындайча ачылат: ойлоп табууну ишке ашырууда алына турган техникалык натыйжаны көрсөтүү менен техникалык маселени, анын чыгарылышын түшүнүүгө боло тургандай болуп ачылат.
Ойлоп табууну мүнөздөөчү жана техникалык натыйжага жетүү менен аны ишке ашыруу үчүм зарыл болгон бардык маанилүү белгилери келтирилет. Ойлоп табууну эң жакын аналогунан (окшошунан) айырмалаган белгилери бөлүнүп көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу бир нече ойлоп табууну алууну камсыздаса (анын ичинде аны аткаруунун конкреттүү формаларында же пайдалануунун өзгөчө шарттарында), аларды көрсөтүү керек.
Техникалык натыйжа негизинен: сүрүлүү коэффициентин төмөндөтүүдө (жогорулатууда); бузулуунун алдын алуу; титирөөнү төмөндөтүү; органды кан менен жабдууну жакшыртуу; дары каражатынын таасирин чектөө; анын уулуулугун төмөндөтүү; куюу структураларынын кемчиликтерин жоюу; жумушчу органдын чөйрө менен байланышын жакшыртуу; белги берүүнүн түрүн бурмалоону азайтуу; суюктуктун жылжып өтүүсүн төмөндөтүү; нымдалышын жакшыртуу; жарака кетүүнүн алдын алуу менен билдирилет.
Эгерде ойлоп табууну түзүүдө белгиленген багыттагы техникалык каражаттардын арсеналын кеңейтүүнүн же мындай каражаттарды биринчи жолу алуунун гана маселеси чечилсе, техникалык натыйжа бул багытын ишке ашыруу менен негизделет жана анын атайын көрсөтмөсү талап кылынбайт.
Ойлоп табуулардын топтору үчүн көрсөтүлгөн маалыматтар, анын ичинде техникалык натыйжа жөнүндө маалыматтар ар бир ойлоп табуу үчүн өзүнчө келтирилет.
Микроорганизм штаммын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын топторун баяндоодо кошумча белгилери көрсөтүлөт, алар менен ал баштапкы же аларга жакын штаммдардан айырмаланат.
Белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды колдонууга тийиштүү ойлоп табууну сыпаттоодо бул белгилүү объекттин мүнөздөмөсү жана ал сыпатталган маалымат булагынын библиографиялык маалыматтары келтирилет, анын белгилүү жана жаңы арналышы көрсөтүлөт.
34. Ойлоп табуулардын объекттерин мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер:
1) түзүлүштөрдү мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- конструктивдүү элементтин(тердин) болушу;
- элементтердин ортосундагы байланыштын болушу;
-элементтердин өз ара жайгашышы;
- элементтин(тердин) же бүтүндөй түзүлүштүн, негизинен геометриялык форманын аткарылышынын түрү;
- элементтердин ортосундагы байланышын аткаруу формасы;
- элементтин(тердин) параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү жана алардын өз ара байланышы;
- андан элемент(тер) же бүтүндөй түзүлүш жасалган материал;
-элементтин функциясын аткаруучу чөйрө;
2) ыкмаларды мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- аракеттердин же аракеттердин жыйындысынын болушу;
- убактысында ушундай аракеттерди аткаруунун тартиби (ырааттуу, бир убакта, ар түрдүү айкалышта ж.б.);
- аракеттерди ишке ашыруу шарттары; режим; заттарды (алынуучу чийки затты, реагенттерди, катализаторлорду ж.б.), түзүлүштөрдү (ыңгайлаштыргычтарды, аспаптарды, жабдууларды ж.б.), микроорганизм штаммдарын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларын пайдалануу;
3) жеке химиялык кошулмаларды мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- төмөн молекулалуу кошулмалар үчүн - сапаттык курамы (белгилүү бир элементтердин атомдору), сандык курамы (ар бир элементтин атомдорунун саны), атомдордун ортосундагы байланыш жана химиялык структуралык формула менен берилген молекулада алардын өз ара жайгашышы;
- жогору молекулалуу кошулмалар үчүн - химиялык курамы жана макромолекуланын бир звеносунун структурасы, бүтүндөй макромолекуланын структурасы (сызыктык, тармакталган), звенолордун мезгилдүүлүгү, молекулалык масса, молекулалык-массалык бөлүштүрүү, макромолекуланын геометриясы жана стереометриясы, анын аяккы жана каптал топтору;
- аныкталбаган структурасы менен жеке кошулмалар үчүн - аларды бирдейлештирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү физикалык-химиялык жана башка мүнөздөмөлөр (анын ичинде алуу ыкмасынын белгилери);
4) композицияларды мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- сапаттык (ингредиенттер) курам;
- сандык (ингредиенттердин камтылышы) курамы;
- композициялардын түзүмү;
- ингредиенттердин түзүмү.
Аныкталбаган курамдагы композицияларды мүнөздөө үчүн алардын физикалык-химиялык, физикалык жана утилитардуу көрсөткүчтөрү жана алуу ыкмасынын белгилери пайдаланылат;
5) ядролук кубулуш аркылуу алынган заттарды мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- сапаттык курам (элементтин изотобу(тору), сандык курам (протондордун жана нейтрондордун саны);
- негизги ядролук мүнөздөмөлөр: жарым-жартылай бөлүнүү мезгили, нурлануу тиби жана энергиясы (радиоактивдүү изотоптор үчүн);
6) микроорганизмдердин жеке штаммдарын мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- культуралык-морфологиялык мүнөздөмө;
- физиологиялык-биохимиялык мүнөздөмө;
- хемо жана генотаксономиялык мүнөздөмө;
- кариологиялык мүнөздөмө;
- маркердик мүнөздөмөлөр: генетикалык, иммунологиялык, биохимиялык, физиологиялык;
- биотехнологиялык мүнөздөмө: штаммдан чыгарылган пайдалуу заттын аталышы жана касиети, активдүүлүк (түшүмдүүлүк) деңгээли, продуцент болуп эсептелбеген штаммдын арналышы; узакка созулган өстүрүүдө пайдалуу касиетин сактоонун туруктуулугу жөнүндө маалыматтар ж.б.;
- вируленттүүлүк, антигендик түзүм: иммуногендүүлүк, сенологиялык өзгөчөлүктөрү, онкогендүүлүк, антибиотиктерге карата сезгичтик, антагонистикалык касиеттер (медициналык жана ветеринардык багыттагы микроорганизмдердин штаммдары үчүн);
- ата-энелер (өнөктөрдүн) штаммдарын мүнөздөө, гибриддештирүү принциби (гибриддик микроорганизмдердин штаммдары үчүн);
7) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларынын жеке штаммдарын мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- культуранын теги;
- паспорттоштуруу учуруна карата пассаждардын саны;
- өстүрүүнүн стандарттуу шарттары;
- өстүрүү касиеттери;
- өсүү (кинетикалык) мүнөздөмөлөрү;
- жаныбарлардын организминде (аргындаштыруу үчүн) өстүрүүнүн мүнөздөмөсү;
- цитогенетикалык (кариологиялык) мүнөздөмө;
- цитоморфологиялык мүнөздөмө;
- түргө карата тийиштүүлүк жөнүндө маалыматтар (гибридомаларды кошкондо, жаныбарлардын клеткалары үчүн);
- морфогенезге жөндөмдүүлүк (өсүмдүктөрдүн клеткалары үчүн);
- онкогендүүлүк (гибридомаларды кошкондо, жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткалары үчүн);
- маркердик мүнөздөмөлөр: цитогенетикалык, иммунологиялык, биохимиялык, физиологиялык;
- контаминация жөнүндө маалыматтар (жөнөкөйлөр, козу карындар, бактериялар, микоплазмалар, вирустар ж.б.);
- биотехнологиялык мүнөздөмө: штамм менен көбөйүүчү пайдалуу заттын аталышы жана касиети, активдүүлүк (түшүмдүүлүк) деңгээли, продуцент болуп эсептелбеген штаммдын арналышы; узакка созулган өстүрүүдө пайдалуу касиетин сактоонун туруктуулугу жөнүндө маалыматтар ж.б.;
- криоконсервация ыкмасы;
8) микроорганизмдердин консорциумун мүнөздөө үчүн жеке штаммдар үчүн аталган белгилерге карата кошумча негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- адаптациянын жана селекциянын келип чыгышы (бөлүп чыгаруу булагы), фактору жана шарттары, таксономиялык курам, бөлүнүүчүлүгү, саны жана басым кылуучу компоненттери, жеке компоненттердин культуралык-морфологиялык жана физиологиялык-биологиялык белгилери, бүтүндөй консорциумдун тиби жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү;
- таксономиялык курам, штаммдардын катышы жана алмаштыруучулугу, жаңы жеке штаммдарды мүнөздөө.
9) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларынын консорциумун мүнөздөө үчүн жеке культуралар үчүн аталган белгилерге кошумча катары төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат: адаптациянын жана селекциянын фактору жана шарттары, таксономиялык курам, бөлүнүүчүлүк, алмаштыруучулук, саны жана басым кылуучу компоненттер, культуралык-морфологиялык, жеке компоненттердин физиологиялык-биохимиялык жана башка белгилери, бүтүндөй консорциумдун физиологиялык өзгөчөлүктөрү;
10) мурун белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды мүнөздөө үчүн колдонулуучу объекттин аны бирдейлештирүү үчүн жетишерлик кыскача мүнөздөмөсү жана ушул жаңы арналышынын көрсөтмөсү пайдаланылат.
35. Сыпаттамада фигуралардын тизмесинен тышкары, алардын ар бириндеги сүрөттөп көрсөтүүлөрүнө карата кыскача көрсөтмө келтирилет.
Эгерде ойлоп табуунун маңызын түшүндүрүүчү башка материалдар көрсөтүлсө, алардын мазмунуна кыскача түшүнүк берилет.
36. Ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктоочу маалыматтардын сыпаттамасынын бөлүмүндө өтүнмө ээси тарабынан белгиленген арналышын колдонуу менен ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
Анын маңызы негизинен функционалдык жалпылоо деңгээлинде көрсөтүлүп, жалпы түшүнүк менен берилген белгини пайдалануу менен мүнөздөлгөн ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү мындай белгини же аны алуу ыкмасын ишке ашыруу үчүн түздөн-түз өтүнмөнүн материалдарында каражатты баяндоо же ушундай каражаттын же аны алуу ыкмасынын белгилүүлүгүн көрсөтүү менен тастыкталат.
Бул бөлүмдө маселени чыгарууну мүнөздөөдө "Ойлоп табуунун маңызы" деген бөлүмдө көрсөтүлгөн ошол техникалык натыйжанын ойлоп табуусун ишке ашырууда алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар келтирилет. Маанилери интервал түрүндө берилген ойлоп табууну мүнөздөө үчүн сандык белгилерди пайдаланууда ушул интервалдагы техникалык натыйжаны алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
37. Ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктоочу маалыматтар.
Түзүлүшкө кирген ойлоп табуу үчүн чиймелердин фигурасына шилтеме менен анын конструкциясынын сыпаттамасы (статикалык абалда) келтирилет. Конструктивдүү элементтердин сандык белгилери сыпаттамада чийменин фигурасындагы алардын сандык белгилерине туура келиши керек.
Түзүлүштүн конструкциясын сыпаттоодон кийин чиймелердин фигурасына шилтеме менен анын аракети (жумушу) же пайдалануу ыкмасы, ал эми зарыл учурда - башка түшүнүк берүүчү материалдар (эпюра, убактылуу диаграммалар ж.б.) баяндалат.
Эгерде түзүлүш функциялык деңгээлде мүнөздөлгөн элементти камтыса жана ишке ашыруунун сыпатталуучу формасы программалоочу (жөнгө салуучу) кеп функциялуу каражатты пайдаланууну болжосо, анда ушундай каражаттын ушул түзүлүштүн курамындагы конкреттүү функцияны аткаруу мүмкүндүгүн тастыктаган маалыматтар келтирилет. Эгерде ушундай маалыматтардын ичинде, негизинен эсептөө алгоритми келтирилген болсо, ал артыкчылыктуу түрдө блок-схема же мүмкүнчүлүккө жараша тийиштүү математикалык туюнтма түрүндө көрсөтүлөт.
38. Ыкмага кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар.
Ыкмага кирген ойлоп табуу үчүн материалдык объектке карата аракеттердин ырааттуулугу (ыкмалардын, операциялардын), ошондой эле аракеттерди жүргүзүүнүн шарттары, эгерде зарыл болсо, мында түзүлүштөрдө, заттарда жана штаммдарда пайдаланылуучу конкреттүү тартиптер (температура, басым ж.б.у.с.). Эгерде ыкма артыкчылык алган күнгө чейин белгилүү болгон каражаттарды пайдалануу менен мүнөздөлсө (түзүлүштү, заттарды жана штаммдарды), ушул каражаттарды көрсөтүү жетиштүү. Белгилүү болбогон каражаттарды пайдаланууда алардын мүнөздөмөсү берилет жана зарыл учурда, графикалык сүрөттөр тиркелет.
Ыкмада жаңы заттарды пайдаланууда аларды алуунун ыкмасы баяндалат.
Жалпы структуралык формула менен берилген жаңы химиялык кошулмалардын тобун (катарын) алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн ушул ыкма менен топтун (катардын) кошулмасын алуунун мисалы келтирилет, ал эми эгерде топ (катар) химиялык жаратылышы боюнча ар түрдүү радикалдар менен кошулманы камтыса, ушул ар түрдүү радикалдар менен кошулмаларды алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн жетишерлик мисалдар келтирилет. Топко (катарга) кирген кошулмаларды алуу үчүн белгилүү ыкмалар менен тастыкталган структуралык формулалар жана физикалык-химиялык мүнөздөмөлөр келтирилет. Сыпаттамада ошондой эле жаңы кошулмалардын арналышы жана биологиялык активдүү касиеттери жөнүндө маалыматтар берилет.
Аныкталбаган структурадагы жогору молекулалуу кошулмасын алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн аны бирдейлештирүү үчүн керектүү маалыматтар көрсөтүлөт. Кошулмаларды алуу үчүн баштапкы реагенттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле өтүнмө ээси белгилеген кошулманын арналышын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар, негизинен ушундай арналышын шарттаган касиеттери жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Аныкталбаган курамдагы жана конкреттүү арналышы менен структуралуу же биологиялык активдүү касиеттери менен аралашманы алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн мисалдар кабыл алууну сыпаттоодон жана ыкманы жүргүзүү шарттарынан тышкары, аны бирдейлештирүү үчүн зарыл болгон аралашма жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле өтүнмө ээси белгилеген аралашманын арналышын ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтарды, негизинен ушундай арналышты шарттаган касиеттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Анын элементи же буюмдун өзү аныкталбаган курамдагы жана структурадагы материалдан жасалган буюмду алуунун ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн материал жана аларды бирдейлештирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү андан жасалган буюм жөнүндө маалыматтар, материалдын касиеттери жана элементтин жана/же буюмдун иштетүү мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Адамдардын жана жаныбарлардын оорусун дарылоо, аныктоо же алдын алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн оорунун этиопатогенезине таасир берүүчү же этиопатогенез менен пайдаланылуучу диагностикалык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы болгон байланышты шарттап турган факторлор жөнүндө маалыматтар, ал эми мындай маалыматтар жок болгон учурда - аталган ооруну дарылоо, диагностикалоо же алдын алуу үчүн ыкманын жарамдуу экендигин тастыктаган анык маалыматтар келтирилет.
39. Затка кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар.
Аныкталган структурасы менен жаңы жеке химиялык кошулмага кирген ойлоп табуу үчүн белгилүү ыкмалар менен далилденген структуралык формуласы, физикалык-химиялык константасы келтирилет жана жаңы кошулма биринчи жолу алынган ыкма сыпатталат. Белгиленген багыт боюнча ушул кошулманы пайдалануу мүмкүнчүлүгү тастыкталат, ал эми биологиялык активдүү кошулма үчүн активдүүлүктүн жана уулуулуктун сандык мүнөздөмөлөрүнүн көрсөткүчтөрү, зарыл учурда - тандалган аракеттери жана башка көрсөткүчтөрү келтирилет.
Эгерде ойлоп табуу адамдардын жана жаныбарлардын белгиленген бир оорусун дарылоо үчүн каражатка тийиштүү болсо, сыпаттамада оорунун этиопатогенезине аны пайдаланууда таасирин түшүндүрүүчү аныкталган факторлору жөнүндө маалыматтар, ал эми мындай маалыматтар болбогон учурда - аталган ооруну дарылоо үчүн анын жарамдуулугун тастыктаган анык маалыматтар келтирилет.
Эгерде жаңы жеке химиялык кошулма микроорганизмдин штаммын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын культурасын пайдалануу менен алынса, ушул штаммдын катышуусу менен биосинтездин ыкмасы жөнүндө маалыматтар, ап тууралуу маалыматтар, ал эми зарыл учурда - штаммды депонирлөө жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Эгерде ойлоп табуу жаппы структуралык формуласы менен сыпатталуучу аныкталган структурасы менен жаңы жеке химиялык кошулмалардын тобуна (катарына) кирсе, алуу ыкмасынын жалпы схемасын, ошондой эле топтун (катардын) конкреттүү кошулмасын алуунун мисалын келтирүү аркылуу топтун (катардын) бардык кошулмаларым алуу мүмкүнчүлүгү тастыкталат, ал эми топ (катар) химиялык жаратылыш боюнча ар түрдүү кошулмаларды камтыса - ушул ар түрдүү радикалдар менен кошулмаларды алуунун мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн жетишерлик мисалдарды келтирет.
Кошулмаларды алуу үчүн ошондой эле белгилүү ыкмалар менен тастыкталган алардын структуралык формулалары, физикалык-химиялык константасы, химиялык жаратылышы боюнча ар түрдүү радикалдары менен айрым кошулмаларга карата ушундай мүмкүнчүлүктү тастыктоо менен көрсөтүлгөн арналышын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнүн далилдери келтирилет.
Эгерде жаңы кошулмалар биологиялык активдүү болуп эсептелсе, бул кошулмалар үчүн активдүүлүк жана уулуулук көрсөткүчтөрү, ап эми зарыл учурда-тандалган аракеттер жана башка көрсөткүчтөр келтирилет.
Эгерде ойлоп табуу орто аралык кошулмага кирсе, аны белгилүү акыркы продуктуга иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү же андан конкреттүү арналышы же биологиялык активдүү касиеттери менен жаңы акыркы продуктуну алуу мүмкүнчүлүгү дагы көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу композицияга (аралашмага, эритмеге, эритиндиге, айнекке ж.б.) кирсе, композициянын курамына кирген ингредиенттер, алардын мүнөздөмөсү жана сандык катышы мисал келтирилет. Композицияны алуу ыкмасы сыпатталат, ал эми эгерде ал ингредиент катарында жаңы затты камтыса, аны алуу ыкмасы баяндалат.
Келтирилген мисалдарда ар бир ингредиенттин камтылышы аталган ойлоп табуунун формуласында көрсөтүлгөн маанилеринин интервалынын чегинде көрсөтүлөт (ойлоп табуу формуласында ингредиенттердин сандык катышын пайыз менен билдирүүдө (салмагы боюнча же көлөмү боюнча) мисалда көрсөтүлгөн бардык ингредиенттердин суммардык камтылышы 100%га барабар).
40. Микроорганизм штаммына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культурасына кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар.
Штаммга кирген ойлоп табуу үчүн номенклатуралык маалыматтар жана штаммдын келип чыгышы, азыктандыруу чөйрөсүнүн сандык жана сапаттык курамы (себүү жана ферментациялык), өстүрүү шарттары (температура, рН, салыштырма салмагын ташуу О2, жарык берилгендиги ж.б.), ферментация убагы, биосинтезди мүнөздөө, пайдалуу (максаттуу) продуктулар, продуктуну алуу, штаммдын активдүүлүк (түшүмдүүлүк) деңгээли жана аны аныктоонун (тестирлөө) ыкмалары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Максаттуу продуктуларды бөлүү жана тазалоо ыкмасы билдирилет (жаңы максаттуу продуктулардын продуценттери үчүн, мисалы, антибиотиктер, ферменттер, моноклоналдык антителолор ж.б.).
Микроорганизмдердин жана өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культурасынын комсорциуму үчүн төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: компоненттер кошулгандыгын текшерүү ыкмасы, бөлүп алуу ыкмасы (селекция) жана селекция жүргүзүлгөн белгилер, узакка созулган өстүрүүдө консорциумдун туруктуулугу, башка микроорганизмдер тарабынан жуккан ооруга туруктуулук.
Микроорганизм штаммына, өстүрүлгөн клеткаларга же ал пайдаланылуучу ыкмаларга кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тийиштүү штамм кайсы жерде жана кантип алына тургандыгын көрсөтүү менен тастыкталат.
Штаммды алуу мүмкүнчүлүгү аны алуу ыкмасын сыпаттоо же белгиленген тартипте таризделген депонирлөө жөнүндө документти көрсөтүү менен тастыкталат, мында депонирлөө датасы ойлоп табуу артыкчылыгынын күнүнөн мурда болот.
41. Жаңы арналышы боюнча колдонууга тийиштүү ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар.
Жаңы арналышы боюнча түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды колдонууга тийиштүү ойлоп табуу үчүн алардын ушул арналышын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар келтирилет.
42. Ойлоп табуунун формуласынын арналышы жана ага коюлуучу талаптар:
1) ойлоп табуунун формуласы патент менен берилген укуктук коргоонун ченемин аныктоо үчүн арналат;
2) ойлоп табуунун формуласы толугу менен сыпаттамага негизделет, башкача айтканда ойлоп табууну анын сыпаттамасында камтылган түшүнүктөр менен мүнөздөйт;
3) ойлоп табуунун формуласы, эгерде ал өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишерлик анын маанилүү белгилеринин топтомун камтыса, анын маңызын билдирген болуп таанылат.
43. Ойлоп табуунун белгилери ойлоп табуунун формуласында аларды аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо боло тургандай кылып билдирилет, башкача айтканда адистин түшүнүктөрдүн маанилик мазмунунун белгилүү болгон техника деңгээлинин негизинде бирдей түшүнүүсү, алар менен бул белгилер мүнөздөлгөн.
44. Ойлоп табуу формуласында белгинин мүнөздөмөсү шилтемесиз ушул Эрежелердин 43-пунктунун талаптарын бузбастан белгини мүнөздөө мүмкүн болбогон учурдан тышкары, сыпаттамага же чиймелерге карата шилтеме менен алмаштырылбайт.
45. Эгерде бир эле техникалык натыйжаны башка маанилүү белгилери менен бирге алууну камсыздоочу белгинин бир нече түрүн ишке ашыруу мүмкүн болсо, белгини ишке ашыруунун аныкталган формаларын камтыган жалпы түшүнүк менен билдирүү максатка ылайыктуу.
Эгерде мындай түшүнүк болбосо же ал жалпылаштырууну бирдей эмес кылган, көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаган белгини ишке ашыруу формаларын камтыбаса, анда белги белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формаларын мүнөздөөчү альтернативдүү түшүнүктөр түрүндө берилет.
46. Формула бир звенолуу жана көп звенолуу жана тиешелүү түрдө бир же бир нече пункттарды камтышы мүмкүн.
47. Ойлоп табуунун бир звенолуу формуласы аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларына колдонулуучу өнүгүүсү же тактоосу болбогон маанилүү белгилердин топтому бир ойлоп табууну мүнөздөө үчүн колдонулат.
48. Көп звенолуу формула аткаруунун жеке учурларына же ойлоп табууну пайдалануу же ойлоп табуулардын топторун мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу анын маанилүү белгилеринин топтомун өнүктүрүү жана (же) тактоо менен бир ойлоп табууну мүнөздөө үчүн колдонулат.
Бир ойлоп табууну мүнөздөй турган көп звенолуу формуланын бир көз карандысыз пункту жана андан кийинки андан көз каранды пункту(тары) бар.
Ойлоп табуулардын тобун мүнөздөй турган көп звенолуу формуланын бир нече көз карандысыз пункттары бар, алардын ар бири топтун ойлоп табууларынын бирин мүнөздөйт. Мында топтун ар бир ойлоп табуусу тиешелүү көз карандысызга караштуу көз каранды пункттарды тартуу менен мүнөздөлөт.
49. Ойлоп табуулардын тобун мүнөздөй турган формуласын сыпаттоодо төмөнкүдөй эрежелер сакталат:
- өзүнчө ойлоп табууларды мүнөздөй турган көз карандысыз пункттар эреже катары, формуланын башка пункттарына шилтемени камтыбайт (мындай шилтеме качан ал андагы башка пункттун болбогондугун толук кайталоосуз бул көз карандысыз пунктту сыпаттоого мүмкүнчүлүк берген учурда гана болот);
- көз каранды пункттар алар караштуу болгон көз карандысыз пункт менен бирге топтолот;
- эгерде ойлоп табууларды топко бириктирүү шарты болуп ойлоп табуунун объектинин бири башкасын алуу, ишке ашыруу же пайдалануу үчүн арналган болуп эсептелсе, анда биринчи көз карандысыз пунктта ал үчүн башка ойлоп табуу арналган ойлоп табуунун мүнөздөмөсү келтирилет.
50. Формуланын пункту, эреже катары, эң жакын аналогунун белгилери менен дал келген ойлоп табуунун белгилерин, анын ичинде ойлоп табуунун арналышын чагылдырган тектик түшүнүктү камтыган чектөөчү бөлүктөн жана ойлоп табууну эң жакын аналогунан айырмалоочу белгилерди камтыган айырмалоочу бөлүктөн турат.
Формуланын пунктун түзүүдө чектөө бөлүгүн баяндагандан кийин "ушуну менен айырмаланат" деген сөз айкашы киргизилет, андан кийин түздөн-түз айырмалоочу бөлүк баяндалат.
Эгерде ойлоп табуунун формуласы төмөнкүлөрдү мүнөздөсө, пунктту чектөөчү жана айырмалоочу бөлүктөргө бөлбөстөн эле түзүлөт:
- жеке химиялык кошулма;
- микроорганизм штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткалары;
- мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды жаңы арналышы боюнча колдонуу;
- аналогдору болбогон ойлоп табуу.
51. Ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пункту бир гана ойлоп табууга тиешелүү болууга тийиш. Ал ойлоп табууну анын белгилеринин жыйындысы менен мүнөздөйт, ал суралып жаткан укуктук коргоонун көлөмүн аныктайт жана ойлоп табуунун объектинин логикалык аныктамасы түрүндө баяндалат.
52. Ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пункту бир сүйлөм менен берилет.
53. Формуланын көз карандысыз пункту бир ойлоп табууга тийиштүү болуп таанылбайт, эгерде андагы камтылган белгилердин топтому:
1) альтернатива түрүндө билдирилген, бир эле техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаган белгилерди камтыса, же болбосо альтернатива айрым белгилерге эмес, функционалдык өз алдынча белгилердин тобуна кирсе (түзүлүштүн түйүнү же тетиги, операциянын ыкмасы, ыкмада пайдаланылуучу зат, материал, ыңгайлашуу, композициянын ингредиеттери ж.б.), анын ичинде мындай белгилердин кайсы бири үчүн тигил же бул альтернативаны тандоо башка белги (белгилер) үчүн өндүрүлгөн тандоого көз каранды болгондо;
2) белгинин аталган топтомдо болушуна, ошондой эле болбошуна жол берилген түрүндөгү белгини камтыса (негизинен, "камтышы мүмкүн (түзүлүштүн элементи, ыкманын операциясы)" деген типтеги сөз колдонулганда же заттын ингредиенттеринин биринин сандык мазмуну нөлгө барабар болгон төмөнкү чеги менен маанилердин интервалы түрүндө көрсөтүлгөн учурда);
3) ар түрдүү объекттерге же каражаттардын топтомуна кирген ойлоп табуулардын мүнөздөмөсүн камтыса, алардын ар бири жалпы багыттагы каражаттардын көрсөтүлгөн топтомун ишке ашыруусуз өз арналышына ээ болсо.
54. Ойлоп табуунун формуласынын көз каранды пункту ойлоп табууну аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларында гана мүнөздөөчү белгилер менен көз карандысыз пунктта келтирилген ойлоп табуунун белгилеринин жыйындысын өнүктүрүүнү жана (же) тактоону камтыйт.
Ойлоп табуунун формуласынын көз каранды пунктун мындай учурда ал баш ийген формуланын пунктунун белгилери алмаштырылгандай же жокко чыгарылгандай кылып баяндоого же ага жыйындысы ушул Эрежелердин 51-пунктунда көрсөтүлгөн мүнөзгө ээ болгон белгилерди киргизүүгө болбойт.
Эгерде ойлоп табуунун формуласынын көз каранды пункту көз карандысыз пункттун белгилерин алмаштыруу же алып салуу орун алгандай түзүлсө, бул көз каранды пункт ал баш ийген кез карандысыз менен бирдикте бир ойлоп табууну мүнөздөйт деп таанылышы мүмкүн эмес.
55. Формуланын көз каранды пунктунун чектелген бөлүгү ойлоп табуунун арналышын билдирген тектик түшүнүктөн турат, эреже катары көз карандысыз пунктта келтирилгенге салыштырмалуу кыскартылып жана ага (аларга) бул көз каранды пункт кирген көз карандысыз пунктка жана (же) көз каранды пунктка(тарга) шилтеме менен көрсөтүлүп баяндалган. Көз каранды пункттун формуланын бир нече пункттарына көз каранды болушунда аларга карата шилтеме альтернативаны пайдалануу менен көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табууну мүнөздөө үчүн аны аткарууда же пайдаланууда көз каранды пункттун белгилери менен катар көз карандысыз пункттун белгилери гана зарыл болсо, бул көз каранды пункттун түздөн-түз көз карандысыз пунктка көз карандылыгы пайдаланылат. Эгерде аталган мүнөздөмө үчүн формуланын бир же бир нече башка көз каранды пункттарынын белгилери зарыл болсо, ушул көз каранды пункттун көз карандысыз пунктка тийиштүү көз каранды пункттары аркылуу көз карандылыгы пайдаланылат.
56. Түзүлүштүн белгилери формулада аны статикалык абалда мүнөздөө үчүн берилет. Түзүлүштүн конструкциялык элементинин аткарылышын мүнөздөөдө анын кыймылдуулугуна, белгилүү бир
функцияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө көрсөтмө берүүгө жол берилет (мисалы, тормоздоо мүмкүнчүлүгү менен, фиксациялоо мүмкүнчүлүгү менен ж.б.).
Ошондой эле эгерде бул ойлоп табууну толугу менен түшүнүүгө өбөлгө түзсө, тигил же бул түйүндөрдүн же механизмдердин арналышын же милдетин же аракеттенүү принцибин түшүндүргөн белгилерди дагы пайдаланууга жол берилет (мисалы, "... камсыз кылуучу X элементи пайдаланылган...").
Түзүлүштүн белгилери конкреттүү материалдык каражаттар катары берилиши милдеттүү түрдө эмес. Эгерде адисте бул функцияларды белгилүү материалдык каражаттар менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү шек жаратпаса, бул белгилер ушул каражаттардын функционалдык мүнөздөмөлөрү аркылуу баяндалышы мүмкүн. Алсак мисалы, түзүлүш кайсы бир түйүндү муздатуу үчүн кызмат кылуучу желдеткич менен жабдылган деп көрсөтүүнүн ордуна, эгерде ушул каражаттын мүнөздөмөсү сүйлөмдүн маңызын бузбаса, түзүлүш түйүндү муздатуу үчүн каражат менен жабдылган деп көрсөтсө болот.
Эгерде сөз жалпыга белгилүү объектте кайсы бир түйүндү өркүндөтүү жөнүндө болуп жатса, анда ойлоп табуунун формуласынын чектөөчү бөлүгүндө ушул объектинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген анын бардык маанилүү белгилерин санап өтүүнүн кажети жок.
Демек, мисалы, биз велосипед жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда анын дөңгөлөктөрү ж.б. бар экенин көрсөтүүнүн кажети жок.
57. Кыймыл аракетти (кабыл алууну, операцияны) мүнөздөө үчүн этиштерди ыкманын белгиси катары колдонууда алар анык этиш, жай ыңгайда, үчүнчү жакта, көптүк түрде (ысытышат, нымдашат, кызытышат ж.б.) баяндалат.
Эгерде ыкма тектик аныктамалары кыйынчылык келтирген альтернативдүү каражаттарды пайдалануу менен мүнөздөлсө, мисалы, эгерде сөз ыкманы ишке ашырууда өз ара алмаштырууга боло турган химиялык заттарды пайдалануу жөнүндө болсо, ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пунктунда бул каражаттар аларды "же" деген байламта аркылуу берилиши мүмкүн, мисалы:...А заты же В заты пайдаланылат ж.б. же "зат төмөнкүдөй топтон тандалган:..." (Маркуш формасы).
Мындай конструкция ойлоп табууну ишке ашырууда аларды окшош жүрүм-турумун жана функциясын камсыздоочу жалпы маанилүү түзүмдүк элементи бар заттарды же ушу сыяктуу түзүмү жана активдүүлүгү бар химиялык заттарды пайдалануу менен ойлоп табууну баяндаган ойлоп табуунун формуласы үчүн мүнөздүү.
58. Келип чыгышы ар кандай болгон жеке химиялык кошулманы мүнөздөөчү ойлоп табуунун формуласына кошулманын аталышы же белгилениши киргизилет. Ойлоп табуунун формуласына белгиленген түзүм менен кошулуу үчүн анын түзүмдүк формуласы киргизилет. Аныкталбаган түзүм менен кошулуу үчүн ойлоп табуунун формуласына бул кошулманы идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү анын мүнөздөмөлөрү (касиеттери), анын ичинде аны алуу ыкмасынын белгилери да киргизилет.
Композицияны мүнөздөөчү ойлоп табуунун формуласына ага кошулуучу ингредиенттер жана ингредиенттердин сандык мазмунуна кирген белгилер кирет.
Композицияны мүнөздөөчү формула ингредиенттердин сандык мазмунуна тиешелүү белгилерди камтыса, анда алар эреже катары мазмундун минималдуу жана максималдуу чектерин (төмөнкү жана жогорку) мүнөздөөчү эки маани менен ар кандай бир маанилүү бирдиктерде берилет.
Композициянын ингредиенттеринин биринин камтылышын бир маани менен, ал эми калган иигредиенттердин камтылышын - бул бирдиктүү мааниге карата маанилердин интервалы катары көрсөтүүгө жол берилет (мисалы, ингредиенттердин камтылышы композициянын негизги ингредиентинин 100 мас.с. же 1 л эритмесине жүргүзүлөт).
Композициянын курамында антибиотиктердин, ферменттердин, анатоксиндердин ж.б. сандык курамын композициянын калган компоненттеринин бирдиктерине караганда башка бирдиктерде көрсөтүүгө жол берилет (мисалы, композициянын калган ингредиенттеринин массалык санына карата миң бирдик).
Эгерде композицияга кирген ойлоп табуу кошумча ингредиент киргизүү менен мүнөздөлсө, формулага тийиштүү айырмалап туруучу белгисин көрсөтүүдөн мурун "кошумча төмөнкүлөрдү камтыйт" деген сөз айкашы кошулат.
Дайындалышы жаңы активдүү башталыш менен гана аныкталган, ал эми башка компоненттер ушул арналыштагы композицияларда салттуу колдонулуучу чөйрөнүн нейтралдуу алып жүрүүчүлөрү болуп саналган композициялар үчүн формулада ушул активдүү башталышты жана композициянын курамындагы анын сандык мазмунун, анын ичинде "натыйжалуу сан" формасында гана көрсөтүүгө жол берилет.
Мындай композицияны мүнөздөөнүн башка варианты болуп, анда активдүү башталыштан тышкары, "максаттуу кошумча" деген жалпыланган түшүнүк түрүндөгү башка компоненттерди (нейтралдуу алып жүрүүчүлөрдү) көрсөтүүгө болот. Бул учурда, активдүү башталыштын жана максаттуу кошулманын сандык катышы көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуунун белгиси катары татаал курамдагы белгилүү зат көрсөтүлсө, бул заттын функциясын же касиетин жана анын негизин көрсөтүү менен анын атайын аталышын пайдаланууга жол берилет. Мындай учурда ойлоп табуунун сыпаттамасына ушул зат сыпатталган маалымат булагы киргизилет.
Аларды даярдоо ыкмасы менен мүнөздөлгөн заттар үчүн ойлоп табуунун формуласы артыкчылыктуу түрдө "Ү жолу менен алынган X заты" деген түргө ээ.
59. Микроорганизм штаммын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларын мүнөздөөчү формулага түрдүн авторунун(лорунун) фамилиясын(ларын) көрсөтүү менен латын тилинде биологиялык объекттин уруулук жана түрдүк аталышы жана эгерде штамм депонирленген болсо - расмий коллекция-депозитарийдин аббревиатурасы, депонирленген объектке коллекция ыйгарган каттоо номери жана штаммдын арналышы камтылат.
60. Ойлоп табуунун объекти болуп белгилүү түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды жаңы арналышы боюнча колдонуу эсептелген учурда төмөнкүдөй түзүмдөгү формула пайдаланылат: "... катарында (аталган түзүлүштүн, ыкманын, заттын же штаммдын жаңы арналышы жазылат) ... пайдалануу (белгилүү болгон түзүлүштүн, ыкманын, заттын же штаммдын аталышы же мүнөздөмөсү жазылат)".
61. Ойлоп табуунун маңызын түшүндүрүүчү чиймелер, электрондук формадагы ойлоп табуунун үч өлчөмдүү модели жана ойлоп табуунун сыпаттамасы бири-бирине карама-каршы келбеши керек.
Ойлоп табуунун маанисин түшүндүрүүчү чиймелердин ордуна графикалык материалдар (мисалы, схемалар, сүрөттөр, графиктер, эпюралар, осциллограммалар), фотосүрөттөр жана таблицалар түрүндө таризделген ойлоп табуунун маани-маңызын түшүндүрүүчү башка материалдар дагы берилиши мүмкүн.
Сүрөттөр эгерде сыпаттаманы чиймелер же схемалар менен сүрөттөөгө болбосо көрсөтүлөт. Фотосүрөттөр графикалык материалдардын башка түрлөрүнө кошумча түрүндө берилет. Өзгөчө учурларда, мисалы, хирургиялык операциялардын этаптарын көрсөтүү үчүн түшүндүрмө материалдарынын негизги түрү катары фотосүрөттөр берилиши мүмкүн.
Графикалык материалдардын ар бир барагынын оң жагынын үстүнкү бурчунда ойлоп табуунун аталышы көрсөтүлөт.
Электрондук түрдө ойлоп табуунун үч өлчөмдүү модели ойлоп табууга өтүнмөнүн материалдарына киргизилген химиялык формулалардын үч өлчөмдүү түрүндө визуалдуу берилиши өтүнмөлөрдү электрондук берүү системасын пайдалануучунун нускамасында көрсөтүлгөн форматта жана өлчөмдө берилиши мүмкүн.
62. Реферат ойлоп табуу жөнүндө маалыматтын максаты үчүн кызмат кылат жана өз алдынча аталышын, ойлоп табуу кирген техника тармагынын мүнөздөмөсүн жана/же эгерде бул аталышынан түшүнүксүз болсо, алына турган техникалык натыйжаны көрсөтүү менен маңызынын мүнөздөмөсүн камтыган, ойлоп табуунун сыпаттамасынын мазмунунун кыскартылган баяндалышын билдирет. Рефератта ойлоп табуунун маңызы формуласынын эркин мүнөздөлүп берилиши менен мүнөздөлөт, мында ар бир көз карандысыз пункттун бардык маанилүү белгилери сакталат.
Зарыл учурда рефератка чиймени, химиялык формуланы, математикалык туюнтманы киргизишет.
Рефераттын текстинин орточо көлөмү - 1000 басма белгисине чейин.
63. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтыбашы керек: моралга жана коомдук тартипке каршы келген сөздөрдү, чиймелерди, сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү жана башка материалдарды; продукцияларга же технологиялык процесстерге, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө же коргоо документтерине (алдын ала патенттерге, патенттерге, күбөлүктөргө) карата кемсинтүүчү сөздөрдү; ойлоп табууга түздөн-түз таандык болбогон билдирүүлөрдү же маалыматтарды. "Техника деңгээли" бөлүмүндө келтирилген белгилүү ойлоп табуулардын кемчиликтерин жөнөкөй көрсөтүү уруксат берилбеген элемент болуп эсептелбейт.
64. Ойлоп табуунун формуласында, сыпаттамада жана анын түшүндүрүүчү материалдарында, ошондой эле рефератта стандартталган терминдер жана кыскартуулар, ал эми алар жок болсо -илимий жана техникалык адабиятта жалпы кабыл алынгандар колдонулат.
Адабиятта кеңири колдонууга ээ болбогон терминдерди жана белгилерди колдонууда алар тексттеги мааниси биринчи жолу колдонууда эле түшүндүрүлөт.
Бардык шарттуу белгилер түшүндүрүлөт. Сыпаттамада жана формулада терминологиянын бирдиктүүлүгү сакталат, башкача айтканда сыпаттаманын текстинде жана формулада бир эле белгилери окшош аталат. Терминологиянын бирдиктүүлүк талабы ошондой эле физикалык бирдиктердин өлчөмдөрүнө жана шарттуу белгилөөлөргө карата колдонулат.
Физикалык чоңдуктар Эл аралык бирдиктер системасынын бирдиктеринде туюнтулат.
6-глава. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө
65. Бардык документтер алардын көчүрмөлөрүн чектелбеген санда түздөн-түз репродукциялоо мүмкүн болгондой кылып таризделет.
Ар бир барак барактын кичирээк жагында саптары параллелдүү жайгаштырылып, бир жагынан гана колдонулат.
Барактар бырышпаган же тытылбаган жана бүктөлбөгөн болушу керек.
66. Өтүнмөнүн материалдары бышык, ак, жылма, жылтырабаган кагазда аткарылат.
67. Өтүнмөнүн ар бир документи өзүнчө барактан башталат. Барактар 210x297 мм форматка ээ. Сыпаттаманы, формуланы рефератты камтыган барактардын жээги төмөнкүдөй аткарылат, мм:
үстүнкүсү - 20-40;
оң жагы жана астынкысы - 20-30;
сол жагы - 25-40.
68. Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактары барактын оң жагынын үстүнкү бурчунда коюлган араб цифралары менен номерленет.
69. Документтер кара түстөгү шрифт менен басылат. Сыпаттаманын, формуланын жапа рефераттын тексттери 2 интервал аркылуу баш тамгаларынын бийиктиги 2,1 мм кем эмес басылат.
Графикалык символдор, латын аталыштары, латын жана грек тамгалары, математикалык жапа химиялык формулалар же символдор кара түстөгү сыя, паста же тушь менен жазылышы мүмкүн. Формулаларды басма жана кол жазма менен аралаштырып жазууга жол берилбейт.
70. Сыпаттамада, ойлоп табуунун формуласында жана рефератта химиялык формулалар колдонулушу мүмкүн.
Химиялык кошулмалардын түзүмдүк формулалары, эреже катары, ар бири өзүнчө фигура катары номерленип жана шилтеме белгилерин келтирүү менен өзүнчө баракта (графикалык материалдар сыяктуу) берилет.
Түзүмдүк химиялык формулаларды жазууда элементтердин жалпы колдонулуучу символдорун пайдалануу жана элементтер менен радикалдар ортосундагы байланышты так көрсөтүү керек.
71. Сыпаттамада, ойлоп табуунун формуласында жана рефератта математикалык туюнтмалар (формулалар) жана символдор колдонулушу мүмкүн.
Математикалык туюнтмаларды көрсөтүүнүн түрү регламенттелбейт.
Математикалык туюнтмалардагы бардык тамга менен берилген белгилер түшүндүрүлүп чечмеленет. Формулага карата түшүндүрмөнү мамыча түрүндө жазуу жана ар бир саптан кийин үтүр менен чекитти коюу керек. Мында тамга менен белгиленген белгилерди түшүндүрүп чечмелөө алардын формулада колдонуу тартиби боюнча берилет.
Математикалык белгилер: >, <, = жана башкалар математикалык формулаларда гана колдонулат, ал эми текстте аларды сөз менен жазуу керек (көп, аз, барабар ж.б.).
Оң чоңдуктардын ортосундагы интервалдарды белгилөө үчүн (-, :) (баштап жана чейин) белгисин колдонууга уруксат берилет. Башка учурларда: "баштап" жана "чейин" деген сөздөр менен жазуу керек.
Чоңдуктарды пайыз менен билдирүүдө пайыздын белгиси (%) сандан кийин коюлат. Эгерде бир нече чоңдук болсо, анда пайыздын белгиси алардын астында коюлат жана алардан кош чекит менен бөлүнөт.
Математикалык формулаларда ташымалга белги боюнча гана жол берилет.
72. Графикалык материалдардын сүрөттөлүшү кара өчпөс так сызыктар жана штрихтер менен, көлөкө түшүрбөстөн жана боелбостон аткарылат.
Сүрөттөөлөрдүн масштабы жана тактыгы өлчөмүн 2/3 чейин сызыктык кичирейтүү менен көбөйтүүдө бардык деталдарды айырмалоого боло тургандай кылып тандалат.
Сандарды жана тамгаларды кашаага, тегеректерге жана тырмакчаларга жайгаштыруу сунушталбайт. Сандардын жана тамгалардын бийиктиги 3,2 мм кем болбогондой тандалат.
Чиймелер "суу", "буу", "ачык", "жабык" сыяктуу керектүү сөздөрдөн тышкары, кандайдыр бир жазуусуз аткарылат.
Чиймеде тик бурчтуу (ортогоналдуу) проекцияларды пайдалануу артыкчылыктуу болуп эсептелет (ар түрдүү түрдө, кесилиште); ошондой эле аксонометриялык проекцияларды пайдаланууга жол берилет.
Чиймеде өлчөмдөр көрсөтүлбөйт, зарыл учурда алар сыпаттамада берилет.
Чиймеде ар бир элемент элементти так сүрөттөө үчүн пропорциялардын айырмасы зарыл болгон учурларды кошпогондо, бардык башка элементтерге пропорциялуу аткарылат.
Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгашышы мүмкүн, мында алар бири-биринен так чектелет.
Эгерде эки же андан көп барактардагы фигуралар бир фигуранын бөлүктөрүн көрсөтсө, анда алар фигура ар кандай барактарда көрсөтүлгөн фигуралардын бирин калтырбастан жайгаштырууга боло тургандай жайгаштырылат.
Өзүнчө фигуралар барактар максималдуу түрдө толгондой жайгаштырылат.
Фигураларды бири-биринен так бөлүнүп, түз абалда жайгаштыруу максатка ылайыктуу. Эгерде фигуралар түз абалда жайгаштырылбаса, аларды фигуралардын үстү барактын сол жагында тургандай кылып каптал абалда жайгаштыруу керек.
Графикалык сүрөттөрдүн элементтери ойлоп табуунун сыпаттоосуна ылайык араб сандары менен белгиленет.
Бир нече фигураларда берилген бир эле элементтер ошол эле сан менен белгиленет.
Эгерде графикалык сүрөт схема түрүндө берилсе, анда аны аткарууда стандартташтырылган шарттуу графикалык белгилер колдонулат.
Башка типтеги схемалардын айрым элементтерин бир типтеги схемада (мисалы, электр схемасында - кинематикалык жана гидравликалык схемалардын элементтери) сүрөттөөгө жол берилет.
Эгерде схема элементтердин графикалык белгилери катарында тик бурчтук түрүндө берилсе, анда сандык белгилөөдөн тышкары, түздөн-түз тик бурчтукка элементтин аталышы дагы кошуп жазылат. Эгерде графикалык сүрөттүн өлчөмдөрү муну кылууга мүмкүнчүлүк бербесе, элементтин аталышын сыртындагы сызыкка көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет (зарыл учурда, схеманын жээгине жайгашкан сүрөттүн астындагы жазуу түрүндө).
Эгерде чиймелерде шилтеме белгилөөлөрдүн саны көп бөлсө, бардык шилтеме белгилөөлөр жана ушул белгилөөлөр тиешелүү болгон элементтердин аталыштары саналып өткөн өзүнчө баракты тиркөө сунушталат.
Фотосүрөттүн форматы өтүнмөнүн документтеринин барактарынын белгиленген өлчөмдөрүңөн ашпагандай кылып тандалып алынат. Чакан форматтын фотосүрөттөрү форматка жана барактын сапатына карата белгиленген талаптарды сактоо менен кагаз барактарына чапталып берилет.
Ар бир графикалык сүрөт сыпаттаманын текстинде келтирилген кезектүүлүгүнө ылайык барактардын номерленишине жараша ушул сүрөттүн түрүнө карабастан (чийме, схема, график, сүрөт ж.б.) араб сандары менен номерленет (1-фигура, 2-фигура ж.б.). Эгерде сыпаттама бир фигура менен эле түшүндүрүлсө, ага номер коюлбайт.
Графикалык сүрөттөр сыпаттамада жана формулада колдонулбайт.
73. Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары маалымат булагы алар боюнча табылгандай болуп көрсөтүлөт.
7-глава. Кыргызпатент менен патент алуу боюнча иш жүргүзүү
74. Өтүнмө берүү, кат алышуу жана өтүнмөнү карап чыгууда башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 15-18-пункттарында каралган тартипте таризделген ишеним катты берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана өтүнмө ээсинин - чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактын өкүлү боло алат. Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катары негизинен, эгерде алар бир нече болсо, өтүнмө ээлеринин бири, ойлоп табуунун автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак көрсөтүлөт.
Кыргызпатентке ишеним кат (же ишеним каттын көчүрмөсү) өкүл дайындалган документ менен бирге же көрсөтүлгөн документ берилгенден кийин 2 айдын ичинде берилет.
Ишеним катты бергенге чейин өкүлдүн жүргүзгөн аракеттери жараксыз деп эсептелет жана эске алынбайт.
Өкүлчүлүк ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар, алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин же Кыргызпатентке ыйгарым укуктары токтотулгандыгы жөнүндө кабарланганга чейин жарактуу болот.
75. Кат алышуу ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө, өтүнмө ээси же анын ыйгарым укук берилген өкүлү аркылуу жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жөнөтүлгөн материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колтамгасын камтышы керек.
Өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар, эгерде номерди кыйыр түрүндө аныктоого болбосо, карап чыгуусуз кайтарылып берилет.
Өтүнмө боюнча өндүрүш процессинде жиберилүүчү материалдар "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгерде мөөнөтү "ичинде" деген сөздөр менен билдирилсе жана акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөтүнүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумуш күн эсептелинет. Эгерде мөөнөтүнүн акыркы күнү тийиштүү саны жок болгон айга туш болсо, мөөнөтү ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт.
Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү ишке ашырса, Кыргызпатенттин корреспонденциясына байланыштуу материалдарды көрсөтүү мөөнөтү алардын ушул корреспонденцияны жөнөткөн датадан тартып эсептелинет.
Кыргызпатентте иш кагаздары мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Мында өтүнмө ээси тарабынан материалдарды берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн аткарылышын аныктоо максатында чет тилде берилген материалдар, эгерде алардын котормосу чет тилде материалдар келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде келип түшсө, алар Кыргызпатентке келип түшкөн датада берилген болуп эсептелет, андай болбосо материалдар алардын котормосу келип түшкөн датада берилген болуп эсептелет.
Котормосу берилгенге чейин чет тилде берилген материалдар келип түшпөгөн болуп эсептелет.
76. Өтүнмө ээси Кыргызпатентке өтүнүч кат берүү аркылуу патент алуу укугун башка жакка өткөрүп берүүгө укуктуу, өтүнүч катта укуктун башка жакка ыйгарылышына көрсөтмө, өтүнүч катта көрсөтүлгөн жактын макулдугу жана ал жөнүндө маалыматтар камтылат.
Өтүнүч катка патент алууга өз укугун өткөрүп берүүчү өтүнмө ээси жана ушул укукту алуучу жак кол коёт. Өтүнүч катка алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Өтүнмөгө укугу өткөн дата болуп өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү жөнүндө кабарлоо жиберилген дата эсептелет.
Белгиленген талаптар сакталбаган учурда өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна берилген документтерди оңдоонун жана/же тактоонун зарылдыгы жөнүндө же тийиштүү жүйөлөрдү келтирүү менен өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү болбой тургандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
Өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча башка жакка укугун өткөрүп берүү Кыргызпатентте аны каттоо менен патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим менен таризделет. Мында арыз менен бирге тиешелүү алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилет.
Өтүнмө ээлеринин курамын өзгөртүүдө, тактап айтканда, алардын санын азайтууда же көбөйтүүдө бул өзгөртүүгө өтүнүч кат берилет. Өтүнүч катка алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
77. Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) өзү берген өтүнмө жана ага тиешелүү болгон документтер менен түздөн-түз Кыргызпатентте да таанышуунун алдын ала датасын жана убактысын макулдашып, ошондой эле өтүнмөнүн жана ага тиешелүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн сурап алуу жолу менен таанышууга укуктуу.
78. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн бардык материалдар менен таанышууга укугу бар. Кыргызпатент өтүнмө ээси сураган патент материалдарынын көчүрмөлөрүн өтүнмө ээсинин суроо-талабы келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде жөнөтөт.
Жарыяланбаган өтүнмөнүн каралып жаткан өтүнмө боюнча издөө жөнүндө өтүнмөдө, чечимде же отчетто ага көрсөтмө бар болгон бөлүгүндөгү материалдары менен өтүнмө ээси түздөн-түз Кыргызпатентте тааныша алат. Мындай материалдардын көчүрмөлөрү жөнөтүлбөйт.
79. Кыргызпатенттин же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгышат. Экспертизанын суроолору суроо-талапта баяндалат.
Суроо-талапка жооп өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнү карап чыгууга катышууга ниеттенгендигине карабастан мыйзамда белгиленген мөөнөттө берилет.
Өтүнмөнү карап чыгуунун датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда белгиленген убакытта өтүнмөнү карап чыгууда катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап тезинен бул тууралуу башка тарапка билдирет.
Эгерде Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү биргелешип карап чыгуу эрте же максатка ылайыксыз деп эсептесе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин өтүнүчү тийиштүү жүйөлөрдү келтирүү менен четке кагылат.
Өтүнмө ээси алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке келсе, өтүнмө анын катышуусу менен каралат.
Өтүнмөнү карап чыгууда ушул Эрежелердин 16 жана 74-пункттарынын шарттарын сактоодо өтүнмө ээсинин өкүлү катышууга укуктуу.
Жалгыз өтүнмө ээси болуп эсептелбеген жак өкүлчүлүккө ишеним кат болгондо гана башка өтүнмө ээлери жокто өтүнмөнү карап чыгууга катыша алат.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда тараптар келтирген далилдер жана сунуштар жана андан аркы иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө тыянактар камтылат.
Талкууланып жаткан маселелер боюнча макулдашуу жок болгон учурда протоколдо карап чыгуунун катышуучуларынын өзгөчө пикирлери белгилениши мүмкүн.
Протоколго карап чыгуунун катышуучулары кол коюшат жана өтүнмөнүн материалдарына тиркелет.
80. Өтүнмө ээси тарабынан талап кылынган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн тийиштүү өтүнмө берүү менен узартууга болот. Мөөнөтүн узартуу өтүнүч катта көрсөтүлгөн, бирок он эки айдан ашпаган мөөнөткө узартылат.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө мөөнөттү узартуу үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилет. Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилген жок деп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат суроо-талап жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде берилет.
Талап кылынган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Берүү мөөнөтү бузулганда өтүнмө канааттандырылбайт, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат.
81. Өтүнмө ээси төмөнкүдөй өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүүгө укуктуу:
1) формалдуу экспертизанын баскычында суроо-талап боюнча оңдолгон же берилбеген документти берүүнүн;
2) маани-маңызы боюнча өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүүнүн;
3) ойлоп табуунун бирдиктүүлүгүн талап кылуу бузулгандыгы жөнүндө кабарлоого жооп берүүнүн;
4) формалдуу экспертизанын жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикирди билдирүүнүн;
5) маани-маңызына ылайык экспертизанын жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикирди билдирүүнүн.
Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан мөөнөтү өткөн күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тийиштүү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет, эгерде ушундай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
Өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилгендиги жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
8-глава. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүшү
82. Өтүнмө электрондук түрдө же кагаз түрүндө жана мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Чет өлкөлүк өтүнмө ээлери өтүнмөнү мамлекеттик же расмий тилге котормосун тиркөө менен чет тилде берүүгө укуктуу, ансыз өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу же факс аркылуу (кийин анын түп нускасын берүү менен) же өтүнмөнү электрондук берүү аркылуу жөнөтүлөт.
83. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери ыйгарылат, алардын келип түшкөн датасы белгиленет.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин кириш номери, алардын келип түшкөн датасы, барактардын саны көрсөтүлүп тил кат берилет.
84. Өтүнмөнүн документтерин факс боюнча берген учурда, алардын түп нускалары өтүнмөнүн факс боюнча берилген документтерин идентификациялоочу коштомо кат менен бирге факс боюнча өтүнмөнүн документтери келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилиши керек.
Ушул пункттун биринчи абзацы менен каралган шартты сактоодо өтүнмөнүн документтери келип түшкөн датасы болуп алардын факс боюнча келип түшкөн күнү эсептелет.
Эгерде өтүнмөнүн документтеринин түп нускалары ушул пункттун биринчи абзацы менен каралган шарттарды бузуу менен берилсе же алар факс боюнча келип түшкөн өтүнмөнүн документтери менен бирдей болбосо, өтүнмөнүн документтеринин келип түшкөн датасы болуп алардын түп нускалары келип түшкөн күн эсептелет, ал эми факс боюнча берилген өтүнмөнүн документтери каралбайт.
Эгерде өтүнмөгө тиркелүүчү факс боюнча берилген документтер же алардын кандайдыр бир бөлүгү алынбаса же окулбаса, анда өтүнмөгө тиркелүүчү алына элек же окулбаган документтердин келип түшкөн датасы болуп тийиштүү түп нускалардын келип түшкөн күнү эсептелет.
Факс боюнча берилген өтүнмөнү каттоо анын түп нускасы келип түшкөндөн кийин жана Эрежелердин ушул пункту менен каралган өтүнмөнү кабыл алууда баш тартуу үчүн негиздер болбосо жүзөгө ашырылат.
Кыргызпатентке берилген өтүнмөнүн документтери өтүнмө ээсине кайтарылып берилбейт.
9-глава. Өтүнмөнүн документтерин оңдоо
85. Экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмө ээси өз демилгеси же экспертизанын суроо-талабы боюнча чечим кабыл алганга чейин ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүсүз өтүнмөнүн материалдарын оңдоого жана тактоого укуктуу.
Өтүнмө ээси өтүнмө берген датадан тартып 2 айдын ичинде кошумча акы төлөбөстөн өтүнмөнүн материалдарын тактоого жана оңдоого укуктуу.
Эгерде өтүнмөнүн материалдарын оңдоо жана тактоо өтүнмө берген датадан тартып, 2 айдын ичинде жүргүзүлсө, аларга белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Алым төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбесе, өтүнмөнү карап чыгууда өзгөртүүлөр эске алынбайт.
86. Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу барактарды берүү аркылуу ишке ашырылат. Алмаштыруучу барактар өтүнмөнүн тийиштүү документинин ар бир нускасы үчүн мамлекеттик же расмий тилде же мамлекеттик же расмий тилге котормосу берилет жана ушул Эрежелердин 63-73-пункттарынын талаптарын канааттандырышы керек.
87. Эгерде ондоолор каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү кеткен каталарга ж.б. тийиштүү болсо жана документти оңдоо терс натыйжага алып келбесе, оңдоону киргизүүнүн зарылчылыгы өтүнмө ээсинин катында алмаштыруучу барактарды берүүсүз билдирилет.
88. Эгерде техниканын ушул тармагындагы адис өтүнмө берилген датага өтүнмөдө жазылгандан башка кандайдыр бир нерсе болжолдонгондугун түшүнсө, ката анык деп эсептелет жана сунушталгандан башка эч кандай оңдоо жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
89. Эгерде ал сөздөрдүн туура эмес жазылышы менен, тыныш белгилердин туура эмес коюлушу (грамматикалык каталар), басмадан кеткен ката жана маалымат булактарынын библиографиялык көрсөткүчүндө жаңылыштыктар ж.б. менен шартталса, ката техникалык болуп эсептелет.
10-глава. Өтүнмөнүн формалдуу экспертизасы
90. Формалдуу экспертиза Кыргызпатентке өтүнмө берген датадан тартып 2 айдын ичинде жүргүзүлөт.
91. Өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилет:
1) ушул Эрежелердин 14-пункту жана "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренелери менен каралган зарыл болгон документтердин тизмеги;
2) ушул Эрежелердин 23, 24-пункттарынын жана 6-главанын талаптарына ылайык алардын туура таризделиши;
3) өтүнмө берилген ойлоп табуу "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган объекттерге киргендиги;
4) алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин болушу, алымды төлөөнүн мөөнөтүн сактоо, ушул Эрежелердин 13-пункту менен аныкталган, белгиленген өлчөмдө алымды туура төлөгөндүгү;
5) патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним каттын болушун жана таризделишинин тууралыгын кошкондо, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берилген учурда өтүнмө берүүнүн эрежелерин сактагандыгы (ушул Эрежелердин 16-пунктуна ылайык);
6) чыгарылган чечимдин укуктук коргоо берилүүчү ойлоп табуунун объекттерине туура келиши (ушул Эрежелердин 3 жана 5-пункттары);
7) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинде каралган артыкчылык датасын белгилөө үчүн зарыл болгон документтердин болушу;
8) эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунун болушу;
9) чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу эмес берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде өтүнмө берүүнүн мыйзамдуулугу;
10) өтүнмө берилген ойлоп табуунун (ойлоп табуулар топтору,) маңызын талдоосуз белгиленүүчү, ойлоп табуунун сыпаттамасына жана формуласына ушул Эрежелердин талаптарынын башка бузуулардын болушу;
11) өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласынын негизинде классификациялык индексти белгилөө аркылуу Эл аралык патенттик классификацияга (ЭПК) ылайык ойлоп табуунун классификациясынын тууралыгы жана зарыл болгон учурда ойлоп табуунун сыпаттамасын жана чиймелерин жана башка материалдарын, анын ичинде ойлоп табуунун электрондук формадагы үч өлчөмдүү моделин (эгер акыркысы өтүнмөдө камтылса) белгилөө жолу менен.
Эгерде ойлоп табуу ЭПКнын ар кандай рубрикаларына кирсе, бардык тиешелүү классификациялык индекстер белгиленет. Мында биринчи классификациялык индексти тандоо ойлоп табуунун аталышы менен аныкталат. Формалдуу экспертизамын жүрүшүндө белгиленген классификациялык индекстер маңызы боюнча экспертизанын жүрүшүндө такталат.
92. Өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмө берилген датасы белгиленет. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык өтүнмө берилген датасы катары арызды, ойлоп табуунун сыпаттамасын жана эгерде сыпаттамада аларга шилтеме берилген болсо, чиймелерди камтыган өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн дата эсептелет.
Көрсөтүлгөн документтер бир убакытта чогуу берилбеген учурда өтүнмө берилген дата катары алардын акыркысы келип түшкөн дата эсептелет.
Эгерде биринчи келип түшкөн документтер ушул Эрежелердин 14-пунктунун талаптарын канааттандырбаса, өтүнмө ээсине сурамды алган датадан тартып үч айдын ичинде оңдолгон же берилбеген материалдарды берүү сунушу менен суроо-талап жөнөтүлөт.
Өтүнмө ээси суроо-талапты алган датадан тартып 3 ай өткөнгө чейин өтүнмөнүн белгиленген кемчиликтерин жоюучу кошумча материалдар келип түшкөн учурда, өтүнмө берилген дата катары ушул Эрежелердин 15-18-пункттарынын талаптары аткарылган дата белгиленет.
Суралган материалдар же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат. Көрсөтүлгөн мөөнөт алымды төлөгөн шартта, 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылат.
Өтүнмө ээсине өтүнмөнү чакыртылып алынган деп таануу жөнүндө кабарлама жиберилет.
93. Эгерде формалдуу экспертизанын жүрүшүндө өтүнмө документтердин таризделишине жана түзүлүшүнө карата талаптардын бузулгандыгы менен берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине суроо-талапты алган датадан тартып үч айлык мөөнөттө оңдолгон же берилбеген материалдарды берүү сунушу менен суроо-талап жөнөтүлөт. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды бербесе же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат. Бул мөөнөт алымды төлөгөн шартта "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосуна ылайык 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылат.
Артыкчылык алган датасын аныктоо үчүн зарыл болгон документ жок болгон учурда суроо-талап токтоосуз жиберилет.
94. Суроо-талап берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет, тактап айтканда:
1) өтүнмөдө ушул Эрежелердин 14-пункту менен каралган документтердин эң кеминде бири жок болсо;
2) өтүнмөдө артыкчылык алган датасын аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин эң кеминде бири жок болсо: өтүнмө ээсин көрсөтүү менен арыз, ойлоп табуунун сыпаттамасы же ойлоп табуунун сыпаттамасынын бөлүгү же айтылган сыпаттаманын элементи катары чиймеси же "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3, 6, 7, 8 жана 10-бөлүктөрүндө каралган кайсы түрүнө болбосун мурда берилген өтүнмөгө шилтеме;
3) эгерде документтер башка тилде берилсе, мамлекеттик же расмий тилге документтердин котормосунун жоктугу. Белгиленген мөөнөттө котормо берилбесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет;
4) эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилсе, өкүлчүлүк кылууга ишеним каттын жоктугу жана (же) анын таризделишине талаптардын бузулгандыгы;
5) эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде өтүнмөнүн ушундай берилишин караштырган тартип белгиленбесе, Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу эмес, чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактардын өтүнмө бериши;
6) арызда талап кылынган маалыматтардын, колтамганын, мөөрдүн белгисинин (зарыл болгон учурда) же ушул Эрежелер менен каралган башка реквизиттердин жоктугу;
7) өтүнмө берүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин же белгиленген алымды төлөөдөн бошоткондугу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негизи бар тастыктоочу документтин жоктугу;
8) алым туура төлөнгөндүгүнө байланыштуу маселелерди тактоонун зарылдыгы. Эгерде ойлоп табуулардын санына төлөнгөн сумма туура келбегендиги билинсе, өтүнмө ээсине ойлоп табуулардын тобуна өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, экспертиза өтүнмө ээси тандаган, алым төлөнгөн ойлоп табууларга жүргүзүлө тургандыгы билдирилет же эгерде ал белгиленген мөөнөттө өз тандоосун билдирбесе, формулада биринчи болуп көрсөтүлгөнүнө экспертиза жүргүзүлөт;
9) документтерди тариздөөдө аларды жарыялоого, сактоого жана (же) алар менен кызыкдар болгон жактарды тааныштырууга мүмкүндүк алууга тоскоолдук кылуучу жетишпестиктердин табылышы (барактардын форматына, жээгинин өлчөмүнө ж.б., өтүнмөнүн материалдарын окууга кыйындык келтирген басма сапатына карата талаптардын бузулушу, көптөгөн грамматикалык жана статистикалык каталардын болушу);
10) арызда келтирилген ойлоп табуунун аталышынын сыпаттамада, формулада, рефератта келтирилген аталышына туура келбегендиги;
11) бир сүйлөм түрүндө формуланын пунктун баяндоо жөнүндө ушул Эрежелердин 51-53-пункттарынын талаптарынын бузулушу;
12) өтүнмө берилген ойлоп табуунун (ойлоп табуулардын тобунун) маңызын талдоосуз белгиленүүчү ойлоп табуунун сыпаттамасына жана формуласына карата ушул Эрежелердин талаптарын башка бузуулардын болушу.
95. Өтүнмө ээсине жетишпеген жана оңдолгон материалдарга суроо-талап өтүнмөнүн жана анын документтеринин жетишпегендиктерин четтетүү үчүн канча жолу зарыл болсо, ошончо жолу жиберилет.
Суроо-талапка ылайык киргизилген ондоолор менен катар, ошондой эле өтүнмө ээсинин демилгеси менен оңдоолорду камтыган, өтүнмө ээси тарабынан оңдолгон документ ушул Эрежелердин 161-177-пункттарындагы шарттарды сактоо менен берилет.
96. Эгерде өтүнмө ээси суроо-талап жиберилген материалдарды же ушул Эрежелердин 80-пунктунда каралган шарттарды сактоо менен аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет. Мындай учурда өтүнмө боюнча иш жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүлүп берилет.
97. Эгерде өтүнмөнү формалдуу экспертизалоо процессинде билдирилген чечим белгиленген тартипте жашыруун деп таанылса, анда ойлоп табууну укуктук коргоо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
98. Эгерде өтүнмөнү формалдуу эксперттөөнүн натыйжасында өтүнмө берилген сунуш "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык ойлоп табуу деп таанылышы мүмкүн болбогон объекттерге таандык экендиги белгиленсе, анда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Эгерде ойлоп табуу көп звенолуу формулада мүнөздөлсө, формуланын ар бир пунктуна карата экспертиза жүргүзүлөт. Формуланын кайсы бир пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу көрсөтүлгөн тизмеге туура келген учурда, эгерде алар зарыл болсо, тийиштүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен, алар патент берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн болгон далилдерди келтирүү менен жана келтирилген далилдерди четке кагуу жана ойлоп табуунун формуласын тастыктоо же оңдоо же андан тийиштүү пунктту алып салуу аркылуу аны өзгөртүү сунушу менен өтүнмө 'ээсине суроо-талап жиберилет.
Эгерде өтүнмө ээси суроо-талапка жооп берүүдө экспертизанын жүйөлөрүн четке какпаса жана ойлоп табуунун формуласын өзгөртпөсө, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Аталган чечим өтүнмө ээсине жиберилет.
Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде эгерде өтүнмө ээси келтирилген жүйөлөргө макул эмес болсо, тийиштүү алымды төлөө менен чечимди алган датадан тартып 3 айдын ичинде Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикирин билдирүүгө укуктуу экендиги кошумча кабарланат.
99. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан аны алган датадан тартып, үч айлык мөөнөттө каралат. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбосо, аны алган датадан тартып 3 айдын ичинде доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Өтүнмө ээси тарабынан каршы пикирин билдирүүнүн өткөрүлүп жиберген мөөнөтү алымды төлөгөн шартта калыбына келтирилиши мүмкүн. Тийиштүү өтүнүч кат өткөрүлүп жиберген мөөнөтү өткөн күндөн тартып 12 айдан кечиктирилбестен берилиши керек.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Эгерде аталган документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
100. Эгерде өтүнмө утул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык керектүү документтерди камтыса жана өтүнмө берилген сунуш ойлоп табуу катарында корголуучу объектке кирсе, өтүнмө ээсине өтүнмө берилген датасы көрсөтүлүп, өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
101. Ойлоп табууга етүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялоо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
11-глава. Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү
102. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүлөт.
Өтүнүч кат менен бирге өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Өтүнүч кат менен бирге аталган документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
Төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбеген учурда, кошумча алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ өтүнмө ээсине кошумча алымдын зарылдыгы тууралуу суроо-талапты жиберген датадан тартып, үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
Белгиленген өлчөмдө жама белгиленген мөөнөттө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда бир ойлоп табууга өтүнмө боюнча үчүнчү жак берген өтүнүч кат, ошондой эле өтүнмө ээси берген өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелинет, ал эми ойлоп табуулардын тобуна өтүнмө боюнча формулада биринчи болуп көрсөтүлүп, төлөнгөн ойлоп табууларга же өтүнмө ээси көрсөткөн ойлоп табууларга карата алар төлөнгөн шартта өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүлөт.
Эгерде өтүнмө ээси өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн алымды белгиленгенден азыраак өлчөмдө төлөөгө же мындай алымды төлөөдөн бошотулууга укуктуу болсо, алымды төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздердин бар экендигин ырастоочу документ өтүнүч кат менен бир убакта же өтүнүч кат берилген датадан тартып эки айдан ашпаган мөөнөттө берилет.
Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат ойлоп табууга өтүнмө берилген датадан тартып же эл аралык өтүнмө берилген датадан тартып отуз айдын ичинде берилет, ал эми Евразия патенттик ведомствосу тарабынан улуттук өтүнмөгө кайра түзүлгөн евразия өтүнмөсүнө карата мындай өтүнүч кат патент берүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет.
Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү тийиштүү алым төлөнгөн учурда ушул мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок эки айдан ашпаган мөөнөткө өтүнмө ээсинин берген өтүнүч каты боюнча Кыргызпатент тарабынан узартылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт калыбына келтирилбейт.
Үчүнчү жактан өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине бул жөнүндө кабарлайт.
Бир нече жактан өтүнүч каттар келип түшкөндө, кечирээк датада келип түшкөн өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет, ал тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
Эгерде мурда чакыртып алынган же чакыртып алынды деп таанылган өтүнмө боюнча өтүнүч кат келип түшсө, маңызы боюнча экспертиза жүргүзүлбөйт, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч катты ал башталгандан кийин чакыртып алууда өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү үзгүлтүккө учурабайт жана төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.
Эгерде ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат белгиленген мөөнөттө берилбесе, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
103. Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилет:
1) өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келиши: өнөр жайда колдонуучулугу, жаңычылдыгы, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында же өтүнмөнү кароодо эске алынган кошумча материалдарда өтүнмө ээси тарабынан сунушталган формулада мүнөздөлгөн ойлоп табуучулук деңгээли;
2) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган жана техниканын ушул жаатындагы адисинин ойлоп табууну жүзөгө ашыруусу үчүн ал берилген датада берилген өтүнмөнүн документтеринде өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызынын жетишерлик ачып көрсөтүлүшү;
3) өтүнмө берилген ойлоп табуунун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бирдейлик талабына ылайык келиши;
4) белгиленген алымдардын туура төлөнүшү;
5) ушул Эрежелердин 24-62-пункттарында белгиленген өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата талаптардын сакталышы;
6) өтүнмө ээси тарабынан жүзөгө ашырылган ЭПК боюнча ойлоп табууну классификациялоонун тууралыгы (же эгерде өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлбөсө, мындай классификациялоо жүргүзүлөт);
7) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1 жана 3-10-бөлүктөрүнө ылайык ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоо шарттарынын сакталышы;
8) өтүнмө ээси сунуштаган ойлоп табуунун формуласынын ушул Эрежелердин 42-59-пункттарында берилген талаптарга ылайык келиши;
9) эгер кошумча материалдар берилсе, алар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөрткөн жокпу жана ушул Эрежелердин 161-177-пункттарына ылайык аларды берүүнүн белгиленген тартиби сакталдыбы.
Көп звенолуу формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө ушул Эрежелердин 124-пунктунун жоболору тийиштүү түрдө колдонулат.
Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертизанын жүрүшүндө техниканын деңгээлин аныктоо үчүн өтүнмө берилген ойлоп табууга карата маалыматтык издөө жүргүзүлөт, аны эске алуу менен ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүзөгө ашырылат.
104. Ойлоп табуунун артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча аныкталат:
1) Кыргызпатентке "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу өтүнмө берилген дата боюнча;
2) Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмө берилген дата боюнча;
3) мурда берилген өтүнмөгө кошумча материалдар берилген дата боюнча;
4) ошол эле өтүнмө ээсинин мурдагы өтүнмөсү берилген дата боюнча;
5) бөлүп көрсөтүлгөн өтүнмө боюнча;
6) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдүн ар бири үчүн шарттарды сактоо менен мурдагы бир нече өтүнмөнүн негизинде.
105. Өтүнмө ээси тарабынан суралуучу артыкчылыкты ырастоочу керектүү документтер берилүүгө жана аларды берүүнүн зарыл болгон талаптары сакталууга тийиш.
106. Эгерде өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берилген датага караганда мурдагы артыкчылык суралбаса, артыкчылык өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.
107. Конвенциялык артыкчылык суралганда төмөнкүлөр текшерилет:
1) конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн өтүнмө ээси тарабынан "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн сакталышы (өтүнмө берүүдө же Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып 2 айдын ичинде);
2) болушу жана берүү мөөнөтүнүн сакталышы (өтүнмө берүү менен бир убакта же Кыргызпатептке биринчи өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилген датадан тартып 3 айдан кеч эмес). Эгерде биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, көрсөтүлгөн шарттар ар бир өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө карата сакталууга тийиш;
3) өтүнмө ээси тарабынан биринчи өтүнмө берилген датадан баштап он эки айлык мөөнөттүн сакталышы, бул убакыт ичинде конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмө Кыргызпатентке берилиши керек. Эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч, бирок ал бүткөн датадан тартып 2 ай өткөнгө чейин берилсе, кошумча алым төлөнгөн шартта өтүнмө ээси көрсөтүлгөн он эки айлык мөөнөттө өтүнмө берүүгө тоскоолдук кылган, андан көз каранды болбогон жагдайларды атагандыгы текшерилет жана эгер мындай ырастоо жок болсо, аларды документтер түрүндө ырастоо зарылдыгы белгиленет (белгиленген мөөнөттөр ушул Эрежелердин 75-пунктунун төртүнчү абзацында белгиленген тартипте эсептелет);
4) биринчи өтүнмөдө өтүнмө берилген ойлоп табууну ачып көрсөтүү.
108. Өтүнмө ээси тарабынан мурда берилген өтүнмөгө кошумча материалдар берилген дата боюнча ойлон табуунун артыкчылыгы суралганда ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык) төмөнкү талаптардын сакталышы текшерилет:
1) мындай артыкчылык суралган өтүнмө Кыргызпатентке кошумча материалдарды өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүчү деп таанууга байланыштуу аларды эске алуу мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин кабарлоосу өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айдын ичинде берилүүгө тийиш;
2) өтүнмө берилген ойлон табуу кошумча материалдарда ачып көрсөтүлүшү керек, алар берилген дата боюнча артыкчылык суралат (бул материалдар берилген баштапкы отүнмонүн мазмунун эске алуу менен).
109. Өтүнмө ээси Кыргызпатентке мурдагы өтүнмө берилген дата боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын сураган учурда өтүнмө ээси тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышы текшерилет:
1) мындай артыкчылык суралган өтүнмө ойлоп табууга мурдагы өтүнмө берилген датадан тартып 12 айдан кеч эмес жана пайдалуу моделге мурдагы өтүнмө берилген датадан тартып 6 айдан кеч эмес Кыргызпатентке берилүүгө тийиш;
2) мындай артыкчылык суралган өтүнмө мурда ойлоп табууга же пайдалуу моделге берген ошол эле өтүнмө ээси тарабынан берилет;
3) өтүнмө берилген ойлоп табуу мурдагы ойлоп табууга же пайдалуу моделге өтүнмөдө ачып көрсөтүлөт;
4) мурдагы өтүнмө боюнча кыйла мурдагы артыкчылык суралбайт.
Мурдагы бир нече өтүнмөнүн негизинде артыкчылыкты суроодо көрсөтүлгөн талаптарды сактоо алардын ар бирине карата белгиленет.
Аталган артыкчылыкты суроодо мурдагы өтүнмө (же алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) чакыртып алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
110. Өтүнмө ээси бөлүнүп көрсөтүлгөн өтүнмө боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын сураган учурда өтүнмө ээсинин төмөнкүдөй талаптарды сактоосу белгиленет:
1) бөлүнүп көрсөтүлгөн өтүнмө ойлоп табууга же пайдалуу моделге баштапкы өтүнмө боюнча даттануу мүмкүндүгү бүткөн патент берүүгө баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин (б.а. өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү улантуунун принциптүү мүмкүндүгү болгон мезгилде) же биринчи өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү Мамлекеттик реестрде ойлоп табуу же пайдалуу модель катталган датага чейин Кыргызпатентке берилет;
2) бөлүнүп көрсөтүлгөн өтүнмөдө өтүнмө берилген ойлоп табуу баштапкы өтүнмөдө, ап эми өтүнмө конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнүп көрсөтүлсө жана артыкчылык анын артыкчылык алган датасы боюнча суралса - биринчи өтүнмөдө ачып көрсөтүлүүгө тийиш.
111. Өтүнмө ээси тарабынан бир нече артыкчылык суралган учурда, өтүнмө ээси көрсөткөн негиздерге жараша мындай артыкчылыктарды суроо үчүн ушул Эрежелердин 107-110-пункттарында көрсөтүлгөн тийиштүү шарттарды сактоо белгиленет.
Демек эгерде формуланын көз карандысыз жана көз каранды пункттарында мүнөздөлгөн ойлоп табууларга карата ар кандай датадагы эки биринчи өтүнмөнүн негизинде ар башка конвенциялык артыкчылыктар суралса, анда өтүнмө ээсинин ушул Эрежелердин 111-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды сактоосун белгилөөдө эки биринчи өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн болушу, эки биринчи өтүнмө берилген датага карата он эки айлык мөөнөттүн сакталышы текшерилет.
Көз карандысыз жана көз каранды пункттарда мүнөздөлгөн ойлоп табуулардын ар бирин ачып көрсөтүү берилген дата боюнча бул ойлоп табуу үчүн артыкчылык суралган ошол биринчи өтүнмөгө карата текшерилет.
Өтүнмө ээси тарабынан формуланын пункттары боюнча артыкчылык суралган дата жазылбаган учурда биринчи өтүнмөнүн кайсынысында ойлоп табуулардын ар бири толугу менен ачып көрсөтүлгөндүгү аныкталат.
112. Ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилөөнүн шарттарынын сакталышын текшерүү.
Ушул Эрежелердин 108-110-пункттарына ылайык ойлоп табуунун артыкчылыктарын белгилөөнүн шарттарынын сакталышын текшерүүдө артыкчылык суралган өтүнмө же ага мындай суроо үчүн негиз болуп саналган кошумча материалдар берилген өтүнмө чакыртып алынбагандыгына же чакыртып алынды деп таанылбагандыгына ынануу зарыл.
Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты белгилөөнүн шарты катары көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн сакталышын текшерүүдө ушул Эрежелердин 75-пунктунун төртүнчү абзацын жетекчиликке алуу керек.
Өтүнмө ээси тарабынан артыкчылыкты суроо үчүн негиз болуп саналган мурда берилген материалдарда (мурда берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) өтүнмө берилгем ойлоп табууну ачып көрсөтүүгө байланышкан талаптын сакталганы аныкталган учурда бул материалдарда (сыпаттамада, берилген өтүнмөнүн формуласында, кошумча материалдардын тексттик бөлүгүндө) өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласына киргизилген бардык белгилердин көрсөтүлгөндүгү текшерилет.
Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 107-110-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар сакталган учурда өтүнмө берилген ойлоп табууга карата суралуучу артыкчылык белгиленет.
Ойлоп табуунун артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнүп көрсөтүлгөн өтүнмө боюнча суралган учурда, ушул Эрежелердин 110-пунктунун талаптары сакталганда ойлоп табуунун артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык алган датасы боюнча белгиленет (Кыргызпатентке берилген дата боюнча эмес).
Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 107-110-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын бири дагы сакталбаган учурда ойлоп табуунун артыкчылыгы (бул тууралуу өтүнмө ээсине алдын ала кабарлоо менен) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык белгиленет. Эгерде көрсөтүлгөн талаптар кайсы бир ойлоп табууга, мисалы, көп звенолуу формуланын пункттарынын биринде мүнөздөлгөнгө карата сакталбаса, артыкчылык Кыргызпатентке өтүнмө берилген дата боюнча ушул ойлоп табуу үчүн гана белгиленет.
Конвенциялык артыкчылыкты белгилөөдөн баш тартуу үчүн биринчи өтүнмө берилген өлкөдө же башка өлкөлөрдө патент берүүдөн баш тартуу, аны жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу негиз боло албайт.
113. Ушул Эрежелердин 6-пунктуна ылайык ойлоп табуунун бирдейлик талаптарынын сакталышы бир нече көз карандысыз пункттарга ээ ойлоп табуунун баштапкы формуласына карата же эгерде ал өзгөрсө - өтүнмө ээси белгиленген тартипте сунуштаган, бир нече көз карандысыз пунктка ээ акыркы формулага карата текшерилет.
Эгерде өтүнмөдө ойлоп табуунун бирдейлиги бузулган факт аныкталса, өтүнмө ээсине аны алган датадан тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде ойлоп табуулардын кайсынысы каралууга тийиш экендигин билдирүү жана зарыл болгон учурда оңдолгон формула баштапкы формулада көрсөтүлгөн, бирок анын айрым көз карандысыз пункттарына бөлүнүп көрсөтүлбөгөн ойлоп табуулар үчүн көз карандысыз пункттарды камтышы мүмкүн болгон учурда алымды кошумча төлөө зарылдыгын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдарына тактоолорду киргизүү же бир ойлоп табууга же бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн ойлоп табуулардын тобуна кирүүчү такталган сыпаттаманы жана формуланы берүү сунушу жөнөтүлөт.
Өтүнмө ээсине ошондой эле ал баштапкы өтүнмөдө камтылган башка ойлоп табууга өтүнмө берүүгө укуктуу экендиги билдирилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө бөлүнүп көрсөтүлгөн өтүнмөнү бергендиги жөнүндө билдирбесе же техникалык чечимдердин кайсынысын карап чыгуу керек экендигин көрсөтпөсө жана такталган документтерди бербесе, экспертиза формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн техникалык чечимге карата гана жүргүзүлөт (же ойлоп табуунун бирдейлигинин талаптарына жооп берген топту түзгөн, формулада биринчи болуп көрсөтүлгөндөрдүн ичинен).
114. Текшерүү өтүнмөнүн формалдык экспертизасы бүткөн учурда өтүнмөдө камтылган ойлоп табуунун формуласына карата жүргүзүлөт, ал эми эгерде ал андан кийин өтүнмө ээси тарабынан өзгөртүлсө, анда өзгөртүлгөн формула ушул Эрежелердин 162-177-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта текшерилет.
115. Ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун маанилүү белгилеринин бар экендиги аныкталат, алардын жыйындысы өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжаны алуу үчүн жетиштүү болот. Ушундай техникалык натыйжаны алууда коомдук муктаждыктын бар экендиги текшерилбейт.
Эгерде техникалык натыйжага жетишүүгө болбой турган маанилүү белги ойлоп табуунун формуласына киргизилбесе, бирок сыпаттамада камтылса, өтүнмө ээсине аны формулага киргизүү сунушталат. Ошол эле учурда техникалык натыйжага жетишүү үчүн ушул белгинин зарыл экендигин ырастоочу жүйөлөр келтирилет. Мындай жүйөлөр сыпаттамада ачып көрсөтүлгөн белгилердин жана техникалык натыйжанын ортосундагы себептик-натыйжалык байланышка же экспертиза жүргүзгөн теориялык талдоого негизделиши мүмкүн.
Өтүнмө ээси тарабынан сунушталган формула өтүнмө берилген ойлоп табууну аткаруунун же пайдалануунун жеке формаларын гана мүнөздөгөн анча маанилүү эмес белгилерди камтыгандыгы аныкталган учурда өтүнмө ээсинин ойлоп табуунун формуласынын мындай редакциясын сактоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикири суралышы мүмкүн.
116. Ойлоп табуунун формуласын текшерүү ушул Эрежелердин 42-пунктунун 4-пунктчасына ылайык анда камтылган белгилерди идентификациялоо мүмкүндүгүн белгилөөнү камтыйт.
Белгинин идентификациялануусуна күмөн саноолор келип чыккан учурда экспертиза мындай мүмкүнчүлүктү ырастоону суроого укуктуу.
Эгерде белгини идентификациялоо мүмкүндүгү үчүн ойлоп табуунун сыпаттамасынын негизинде анын мүнөздөмөсүн оңдоо зарыл экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине мындай оңдоону жүргүзүү сунушталат.
Белгини идентификациялоо мүмкүндүгүнүн шарттары сакталган учурда, бирок мүнөздөө үчүн эскирип калган же конкреттүү тармакта кабыл алынган техникага толугу менен ылайык келбеген терминология пайдаланылса, өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласына тийиштүү ондоо киргизүү сунушталат.
Эгерде белгини идентификациялоо мүмкүн эместиги аныкталса жана өтүнмө ээси ойлоп табуунун формуласын оңдоодон баш тартса, анда өтүнмөнү андан ары кароодо мындай белги эске алынбайт.
117. Эгерде ойлоп табуунун формуласы жалпы түшүнүк менен берилген белгини камтыса, ушул Эрежелердин 42-пунктунун 6-пунктчасына ылайык аны пайдалануунун укук ченемдүүлүгү аныкталат.
Экспертиза менен ушул жалпы түшүнүккө туура келген белгини ишке ашыруунун жеке формалары аныкталса, бирок өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаса (башка маанилүү белгилер менен бирге), өтүпмө ээсине тийиштүү жүйөлөр келтирилет жана ойлоп табуунун сыпаттамасынын негизинде аларды жокко чыгаруу же формуланы ондоо сунушталат.
118. Эгерде өтүнмөдө бир көз карандысыз пункту менен бир звенолуу формула же көп звенолуу формула берилсе, мындай формулада бир ойлоп табуу мүнөздөлгөндүгү текшерилет.
Мындай текшерүү ушул Эрежелердин 53 жана 54-пункттарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн талаптарды бузуу аныкталган учурда өтүнмө ээсине тийиштүү алымды төлөө менен аныкталган бузууларды четтетүү үчүн формуланы оңдоосу сунушталат. Ошол эле учурда оңдолгон формулада бирдейлик талаптарын сактоо жана мурда өзүнчө көз карандысыз пункттар менен берилбеген ойлоп табууга жаңы көз карандысыз пункттардын оңдолгон формуласына киргизилген учурда тийиштүү алымды төлөө же болбосо формуланы оңдоодон баш тарткан учурда-андан ары каралууга тийиш болгон ойлоп табууну көрсөтүү зарылдыгы да көрсөтүлөт.
Эгерде көрсөтүлгөн тыянак үчүн өтүнмө ээсинин белгини мүнөздөө үчүн альтернативдүү түшүнүктөрдү пайдалануу шарттарын сактабагандыгы негиз болсо, мындай бузуу аныкталган конкреттүү альтернативдүү мүнөздөмөлөрдү (бардыгын же өтүнмө ээси тарабынан берилгендердин айрымдарын) көрсөтүү менен жол берилген бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
119. Эгерде өтүнмө ээси бир нече көз карандысыз пункттарды камтыган көп звенолуу формуланы сунуштаса, жогоруда ушул Эрежелердин 118-пунктунда баяндалган жобого ылайык алардын ар бирине талдоо жүргүзүлөт (эгер ушундайлар болсо, аларга баш ийген көз каранды пункттар менен бирге).
Ар бир көз карандысыз пункт (эгер ушундайлар болсо, ага баш ийген көз каранды пункттар менен бирге) бир гана ойлоп табууну мүнөздөгөн көп звенолуу формулага карата ага киргизилген ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн ойлоп табуулардын тобун билдиргендиги аныкталат.
Эгерде көз карандысыз пункттарда мүнөздөлгөн ойлоп табуулар өз ара ушул Эрежелердин 4-пунктунда белгиленгендей катышта болсо, бирдиктүү ойлоп табуучулук ойдун шарты сакталган деп таанылат.
Көз карандысыз пункттарда мүнөздөлгөн ойлоп табуулардын варианттарга туура киргизилгендигин текшерүүдө өтүнмө ээси көрсөткөн ойлоп табуулардын багыттары жана техникалык натыйжалары туура келгендигине ынануу керек.
Эгерде топтун ойлоп табууларынын ар бири үчүн (же алардын бири) бир нече техникалык натыйжа көрсөтүлсө, ал эми көрсөтүлгөн техникалык натыйжалардын ичинен айрымдарына карата гана туура келгендиги аныкталса, техникалык натыйжалардын туура келүү шарты бузулган деп эсептелбейт.
Техникалык натыйжалардын туура келүү шарты бардык ойлоп табуулар үчүн жаппы техникалык натыйжанын мүнөздөмөсүнөн тышкары, алардын бирин чечмелөө кошумча кайсы бир спецификалык өзгөчөлүккө ("сүрүлүүнү азайтуу" жана "жогорку нымдуулук шартында сүрүлүүнү азайтуу") көрсөтмөнү камтыса да бузулган болуп эсептелбейт.
120. Өтүнмө ээси сунуштаган ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө формуланын түзүмүнө жана анын баяндалышына коюлуучу белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги аныкталган учурда, өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласын оңдоо сунушталат.
121. Экспертизанын суроо-талабы боюнча же жеке өзүнүн демилгеси боюнча өтүнмө ээси өзгөрткөн формулага карата ушул Эрежелердин 115-120-пункттарына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.
Ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн өтүнмө ээси ырастаган өзгөрүүлөр менен формула кабыл алынат.
122. Ушул Эрежелердин 118-пунктунда баяндалган талаптарга ылайык текшерүүдө бир көз карандысыз пункт менен бир звенолуу формула же көп звенолуу формула бирден ашык ойлоп табууга кире тургандыгы аныкталган жана өтүнмө ээси формуланы ондоодон баш тарткан учурда өтүнмө ээсине патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн төмөнкүлөр кабыл алына тургандыгы билдирилет:
- эгерде аныкталган ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзбөгөнү белгиленсе, ошондой эле алар бирдейлик талаптарын канааттандырып, бирок өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнбөгөн жана ойлоп табуулардын кайсынысы (кайсылары) ушул өтүнмөнүн алкагында каралышы керек экендиги көрсөтүлбөгөн учурда, ойлоп табуулардын формуласында көрсөтүлгөндөрдүн биринчиси (алым төлөнгөн бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн биринчилер);
- эгерде экспертизада аныкталган ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөндүгү жана белгиленген өлчөмдө алым кошумча төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттө берилгендиги аныкталса, каралып жаткан формула.
123. Ушул Эрежелердин 119-пунктунда каралган текшерүүнү жүргүзүүдө тиешелүү түрдө ушул Эрежелердин 122-пунктунун жоболору колдонулат.
124. Коп звенолуу формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун патенттик жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн өзгөчөлүктөрү:
1) эгерде ойлоп табуу көз каранды пункттарды камтыган көп звенолуу формулада мүнөздөлсө жана жаңычылдыктын жана ойлоп табуучулук деңгээлинин жоктугуна байланыштуу кез каранды эмес пунктка карата патенттик жөндөмсүздүгү тууралуу тыянак алынса, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет жана ойлоп табуунун оңдолгон формуласынын мындай максатка ылайыктуулугу ырасталган учурда сунуш менен өтүнмөнү андан ары кароонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин айтуу сунушталат;
2) көз каранды пункттарга ээ формуланын көз каранды эмес пунктуна карата ойлоп табуунун патенттик жөндөмдүүлүгү аныкталган учурда бул пункттарда камтылган ойлоп табуунун белгилеринин мүнөздөмөсү ойлоп табууну ишке ашырууга же өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн багытты ишке ашырууга тоскоол кылбай турганына ынануу керек. Мындан тышкары көз каранды пункттардын белгилерин тартуу менен мүнөздөлгөн ойлоп табуу коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге каршы келбей тургандыгына ынануу керек;
3) ойлоп табуулардын тобу билдирилген учурда, патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү ага кирген ар бир ойлоп табуулардын ар бирине жүргүзүлөт. Топтун патентке жөндөмдүүлүгү топтун бардык ойлоп табуулары патентке жөндөмдүү болгондо гана далилдениши мүмкүн.
Топтун ойлоп табууларынын бардыгы эле патентке жөндөмдүү эмес экендиги аныкталса, анда өтүнмө ээсине бул жөнүндө билдирилет жана келтирилген жүйөлөр боюнча өзүнүн пикирин билдирүү жана зарыл болгон учурда патентке жөндөмсүз ойлоп табуулар мүнөздөлгөн формуланын көз каранды эмес пункттарды формуладан алып салуу же бул пункттарды оңдолгон түрдө берүү сунушталат;
4) өтүнмө ээси тарабынан жогоруда баяндалган учурларда ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласы берилген учурда, бул формулада мүнөздөлгөн ойлоп табууга(ларга) карата өтүнмөнү андан ары кароо ушул Эрежелердин 114-123-пункттарына жана 12 жана 13-главаларына ылайык жүргүзүлөт;
5) өтүнмө ээси экспертизанын тыянагын четке кагуучу далилдерди же өзгөртүлгөн формуланы көрсөтпөстөн ал мурда баяндаган формула менен патент берүүнү сураган учурда өтүнмөнү андан ары кароо жүргүзүлбөйт жана ушул Эрежелердин 186-191-пункттарына ылайык патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
125. Эгерде ойлоп табуу өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана экономиканын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, өнөр жайда колдонууга жарамдуу болуп саналат ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгү).
126. Ойлоп табууну колдонуу мүмкүндүгүн белгилөөдө өтүнмөнүн материалдары өтүнмө берилген ойлоп табуу объектинин багытына көрсөтмөнү камтыгандыгы, б.а. алардын белгилүү бир коомдук муктаждыкты мүнөздөгөн функцияларды аткаруу мүмкүндүгү текшерилет.
Ошондой эле өтүнмөнүн баштапкы материалдарында ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөндөй түрдө ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүн болгон каражаттар жана методдор сыпатталгандыгы текшерилет.
Бул каражаттар жана методдор жөнүндө маалыматтар же толугу менен өтүнмөдө камтылат же эгерде алардын бөлүгү өтүнмө артыкчылык алган датага чейин жалпыга белгилүү техникалык каражаттарды билдирсе, алар сыпаттамада ачып көрсөтүлбөшү мүмкүн, бирок ойлоп табууну мүнөздөөчү башка каражаттар менен өз ара аракеттенүүдө аларды пайдаланууга көрсөтмө жана өтүнмө артыкчылык алган датадан мурда басып чыгарууга кол коюлган маалымат булагына шилтеме камтылышы керек, анда бул каражаттар адистер тарабынан кайра чыгаруу үчүн жетишерлик түрдө кеңири баяндалат. Ошол эле учурда экспертте ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүндүгүнө күмөн саноолор болбошу керек.
Өтүнмө берилген техникалык натыйжага жетүү мүмкүндүгү жагынан ойлоп табууну тандоодо ойлоп табуунун формуласында ушул техникалык натыйжаны камсыз кылуучу белгилердин бар экендиги аныкталат.
Экспертизада сунушталган каражаттар менен өтүнмө берилген техникалык натыйжага жетүү мүмкүндүгүнө күмөн саноолор пайда болгон учурда, өтүнмө ээсине тийиштүү аргументтер менен суроо-талап жиберилет. Бул аргументтер белгилүү билимдерге (маалыматтарга) шилтемелер менен бекемделиши же келтирилген далилдердин жардамы аркылуу экспертиза менен негизделиши керек.
Сыпаттамада саналып өткөн бир же бир нече натыйжаларга жетүүнүн мүмкүн эместиги, эгерде сынаттамада саналып өткөндөрдүн ичинен калгандарынын натыйжалары ишке ашырылышы мүмкүн болсо, ойлоп табууну анын патентке жөндөмдүүлүк шартына туура келүү мүмкүндүгүнөн ажыратпайт.
Заттарга болгон өтүнмөлөрдү кароодо, эгерде өтүнмөдө затты алуунун ыкмасы сыпатталбаса жана ушул ыкманы заттын өзү жөнүндө маалыматтардын негизинде берүү мүмкүн болбосо, анда ойлоп табууну ишке ашырылды деп, ошондой эле өнөр жайда колдонулат деп таануу болбой тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
127. Ойлоп табуунун артыкчылык алган датасына карата бардык көрсөтүлгөн талаптар сакталгандыгы аныкталган учурда, формуланын ушул көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу өнөр жайда колдонуу шартына ылайык келет деп таанылат.
Көрсөтүлгөн талаптардын бири гана сакталбаганда ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуу шартына ылайык келбегендиги жөнүндө тыянак чыгарылат. Мындай учурда өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөрдү баяндоо жана ушул жүйөлөргө карата өзүнүн пикирин билдирүүсүн жана ойлоп табуунун формуласын оңдоо сунушу менен менен суроо-талап жиберилет (эгерде экспертизада өтүнмөнүн материалдары натыйжада көрсөтүлгөн тыянак өзгөрүшү мүмкүн болгон мындай оңдоого жол бергени аныкталган учурда). Ошол эле учурда суроо-талапта формуланы оңдоо боюнча конкреттүү сунуштар келтирилиши мүмкүн.
128. Өнөр жайда колдонуу шартына ылайык келбегендиги аныкталган ойлоп табууга карата жаңычылдыгын жана ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү жүргүзүлбөйт.
12-глава. Маалыматтык издөө жүргүзүү
129. Маалыматтык издөө жүргүзүүнүн максаттары жана мөөнөттөрү.
Маалыматтык издөөнүн максаты болуп өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына - жаңычылдыкка жана ойлоп табуучулук деңгээлине ылайык келишин аныктоо үчүн пайдаланыла турган техниканын деңгээлин аныктоо эсептелет.
Маалыматтык издөө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өтүнмө ээсине үчүнчү жактан өтүнүч кат келип түшкөндүгү жөнүндө кабарланат, ага ылайык маалыматтык издөө жүргүзүлөт.
Эгерде маалыматтык издөө ушул Эрежелердин 129-пунктуна ылайык жүргүзүлбөсө, өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү башталган датадан тартып жүргүзүлөт.
Маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат чакыртып алынган же чакыртып алынды деп таанылган өтүнмө боюнча келип түшсө же эгерде өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөндөн кийин формалдуу экспертизанын натыйжасында патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса, анда өтүнүч кат берген жакка аны канааттандыруу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирилет.
Ушул Эрежелердин 129-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн маалыматтык издөө аяктаганда ал жөнүндө отчет өтүнмө ээсине же өтүнүч кат берген үчүнчү жакка жиберилет.
Маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
130. Маалыматтык издөө сыпаттаманы, чиймелерди жана электрондук түрдөгү ойлоп табуунун үч өлчөмдүү моделдерин (эгерде мындайлар бар болсо) эске алуу менен, ошондой эле ушул Эрежелердин 170-184-пункттарына ылайык ойлоп табуунун формуласынын мүмкүн болгон жол берилүүчү өзгөрүүлөрүн эске алуу менен ойлоп табуунун формуласынын негизинде жүргүзүлөт.
Өтүнмөнүн документтерин оңдоолор, тактоолор жана өзгөртүүлөр өтүнмө ээси тарабынан маалыматтык издөө жүргүзүүнүн мөөнөтү эсептелген датадан кеч эмес белгиленген тартипте киргизилген учурда, маалыматтык издөө жүргүзүүдө эске алынат.
Маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн күнгө карата өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө бирдейлик талабынын бузулушу жөнүндө кабарлоого жооп бербеген учурда, маалыматтык издөө формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн ойлоп табуу (бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн ойлоп табуулардын тобу) боюнча жүргүзүлөт.
131. Техниканын деңгээли "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган маалыматтарды камтыйт.
Техниканын деңгээлин аныктоодо жалпыга жеткиликтүү болуп маалымат булагында камтылган маалыматтар эсептелет, аны менен кайсы жак болбосун өзү тааныша алат же анын мазмуну жөнүндө ага мыйзамдуу түрдө билдирилет.
132. Төмөнкүлөр үчүн техника деңгээлине маалымат булагын киргизүүнү аныктаган дата болуп саналат.
1) жарыяланган патенттик документтер - аларда көрсөтүлгөн жарыялоо датасы;
2) басылмалар - аларда көрсөтүлгөн басып чыгарууга кол коюлган дата;
3) басып чыгарууга кол коюлган дата көрсөтүлбөгөн басылмалар - аларды жарыкка чыгаруу датасы, ал эми аны белгилөө мүмкүндүгү жок болсо - эгерде жарыкка чыгаруу убактысы тиешелүү түрдө айы же жылы менен аныкталса, басылмада көрсөтүлгөн жылдагы айдын акыркы күнү же 31-декабры;
4) макалалардын, серептердин, монографиялардын жана башка материалдардын депонирленген кол жазмалары - аларды депонирлөө датасы;
5) илимий-техникалык маалымат органдарындагы илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчеттор, тажрыйба-конструктордук иштерге жана башка конструктордук, технологиялык жана долбоордук документтерге карата түшүнүк каттар - алардын бул органдарга келип түшкөн датасы;
6) техникалык регламенттердин долбоорлору, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары - аларды иштеп чыгуу жөнүндө же аларды коомдук талкуулоо аяктагандыгы жөнүндө кабарлоо жарыяланган дата же долбоор жарыяланган дата;
7) техникалык регламенттер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары - алар расмий жарыяланган дата;
8) техникалык шарттар, тармактардын стандарттары, ишканалардын стандарттары, уюмдардын стандарттары, илимий-техникалык инженердик коомдордун жана алар менен таанышуу мүмкүн болгон башка коомдук бирикмелердин стандарттары - алар менен ушундай таанышуу мүмкүн болгон документ менен ырасталган дата;
9) санитардык-эпидемиологиялык корутундулар (гигиеналык сертификаттар) - Санитардык-эпидемиологиялык корутундулардын тийиштүү реестрине киргизилген дата;
10) диссертациялардын материалдары жана кол жазма укугу менен басып чыгарылган диссертациялардын авторефераттары - алар китепканага келип түшкөн дата;
11) конкурска кабыл алынган иштер - конкурс өткөрүүгө тийиштүү документтер менен ырасталган аларды таанышуу үчүн чыгарылган дата;
12) визуалдуу кабыл алынуучу маалымат булактары (плакаттар, моделдер, буюмдар жана башкалар) - аларды көрүү мүмкүн болгон документ менен ырасталган дата;
13) көргөзмөгө коюлган экспонаттар - аларды көрсөтүү башталганы документ менен ырасталган дата;
14) оозеки баяндамалар, лекциялар, чыгып сүйлөөлөр - эгерде алар көрсөтүлгөн датага карата колдонулуучу тиешелүү иш-чараларды өткөрүү эрежелеринде белгиленген тартипте үн жазуу аппаратурасы же стенография менен жазылып алынса, баяндаманын, лекциянын, чыгып сүйлөөнүн датасы;
15) радио, телекөрсөтүү, кино аркылуу билдирүүлөр -эгерде ал көрсөтүлгөн датага карата колдонулуучу белгиленген тартипте тиешелүү алып жүрүүчүдө жазылып алынса, мындай билдирүүнүн датасы;
16) колдонуунун натыйжасында белгилүү болгон техникалык каражат жөнүндө маалыматтар - ушул маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болгон документ менен ырасталган дата;
17) электрондук түрдө ("Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында (мындан ары - Интернет) онлайн режимде алуу аркылуу) же оптикалык дисктерден (мындан ары - электрондук чөйрө) алынган маалыматтар - аталган электрондук чөйрөнүн жардамы менен жеткиликтүү болгон документтер жарыяланган дата, эгерде ал анда коюлган болсо жана документ менен ырастоого мүмкүн болсо же эгерде бул дата жок болсо - ал документ менен ырасталган шартта ушул электрондук чөйрөгө маалыматтар жайгаштырылган дата;
18) катталган дары каражаттары - дары каражаты катталган дата.
133. Маалыматтык издөө жаатын мүнөздөө катарында (анын жаңычылдыгын, ойлоп табуучулук деңгээлин жана өнөр жайда колдонулушун текшерүү максатында өтүнмө берилген ойлоп табуунун артыкчылык алган датасына чейин дүйнөдө жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматтарды аныктоо үчүн каралуучу маалымат булактарынын жыйындысы) Эл аралык патенттик классификациялоо рубрикасынын индекстери пайдаланылат.
Маалыматтык издөө жаатын аныктоодо жалпысынан ойлоп табуу объекти жана эгерде функционалдуу өз алдынча болуп эсептелбеген аларга тиешелүү айырмаланган белгилери болсо, эң жакын аналогунан айырмаланган анын функционалдуу өз алдынча белгилери эске алынат. Бул белгилерди издөө белгилүү объекттерде, ошондой эле бул объекттердин жана алардын бөлүктөрүнүн багытына тийиштүү болбогон бөлүктөрүндө дагы жүргүзүлөт.
134. Маалыматтык издөө төмөнкүлөрдү камтыган көлөмдө жүргүзүлөт (бул мүмкүн болгон ретроспектива менен):
- Кыргызпатенттин расмий бюллетендерин;
Кыргыз Республикасынын коргоо документтерине сыпаттамаларды;
- үчүнчү жактардын алардын материалдары менен таанышуусу үчүн жеткиликтүү болгон ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөрдү; Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табууларды жана пайдалуу моделдерди;
- Евразия патенттик конвенциясы менен каралган евразия патенттерине (мындан ары - евразия патенти) сыпаттамаларды;
- евразия патенттерин берүүгө жарыяланган өтүнмөлөрдү;
- СССРдин, Россия Федерациясынын, Евразия патенттик ведомствосунун, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Швейцариянын (немис жана француз тилдеринде гана), Кытай Эл Республикасынын, Корея Республикасынын, Япониянын (англис тилинде рефераттардын көлөмүндө), Австриянын, Австралиянын жана Канаданын патенттик документтерин, Европа патенттик ведомствосунун жана Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ДИМУ) патенттик документтерин;
- беш жылдан кем эмес ретроспектива менен ДИМУнун Эл аралык бюросу тарабынан жарыяланган тизме боюнча патенттик эмес адабияттар.
Маалыматтык издөө көлөмүнө тилине, эскиргендигине жана тибине карабастан кайсы болбосун жалпыга жеткиликтүү маалыматтар киргизилиши мүмкүн.
135. Маалыматтык издөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңычылдыгын текшерүү максаты үчүн издөө көлөмүнө алардын кыйла мурдагы артыкчылык шартында Кыргыз Республикасында башка жактар тарабынан берилген бардык ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге (чакыртылып алынгандардан тышкары) өтүнмөлөр жана маалыматтык издөө жүргүзүлүп жаткан өтүнмөнүн артыкчылык алган датасына карата алар жөнүндө маалымат жарыялангандыгына карабастан Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер, ошондой эле Евразия патенттик конвенциясына ылайык патенттелген ойлоп табуулар киргизилет.
Кыйла мурдагы артыкчылык алган датасы менен ойлоп табууга же пайдалуу моделге өтүнмө төмөнкү шарттардын жыйындысы сакталган учурда ушул датадан тартып техника деңгээлине киргизилет: өтүнмө Кыргыз Республикасында берилсе (Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө эл аралык берүү датасы белгиленген жана Кыргыз Республикасын өтүнмө ээси патент алууга ниеттенген мамлекет катарында көрсөтүү камтылган эл аралык өтүнмөлөр, ошондой эле Евразия патенттик конвенциясынын 16-беренесине ылайык улуттук өтүнмөлөргө кайра түзүлгөн евразия өтүнмөлөрү теңештирилет);
- өтүнмөнү башка жак, б.а. башка өтүнмө ээси берсе.
Кыйла мурдагы артыкчылык алган датасы менен ойлоп табууга же пайдалуу моделге өтүнмө ушул өтүнмө берилген датада анда камтылган сыпаттамага жана формулага карата техниканын деңгээлине киргизилет. Эгерде бул дата каралып жаткан өтүнмөнүн артыкчылык алган датасына караганда кечирээк болсо, анда кыйла мурдагы артыкчылык менен өтүнмө техниканын деңгээлине артыкчылыкты белгилөө үчүн негиз болгон документтердин мазмунуна туура келген анын мазмунунун бөлүгүнө киргизилет.
Эгерде өтүнмө Кыргызпатентке маалымат ачыкталган күндөн тартып он эки айдын ичинде берилсе, техниканын деңгээлине ойлоп табуунун автору, өтүнмө ээси же алардан түз же кыйыр түрүндө, анын ичинде натыйжасында ойлоп табуунун маңызы жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болгон ойлоп табууну көргөзмөгө коюунун натыйжасында алган кайсы болбосун жак ачыктаган ойлоп табууга тийиштүү маалыматты камтыган булактар киргизилбейт.
Эгерде ошол эле өтүнмө ээсинин башка өтүнмөсү жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып каралуучу өтүнмө берилген датага чейин он эки айдан ашпаган убакыт өтсө, каралып жаткан өтүнмөгө карата техниканын деңгээлине ошол эле өтүнмө ээсинин башка өтүнмөсү жөнүндө маалыматтар жарыяланган датага карата башка өтүнмө чакыртып алынган же чакыртып алынды деп таанылган учурда ошол эле өтүнмө ээсинин башка өтүнмөсү жөнүндө маалыматтар киргизилбейт.
136. Эгерде издөө процессинде издөө жүргүзүлүп жаткан ойлоп табуунун бардык белгилери менен бирдей болгон белгилер менен мүнөздөлгөн ошол эле багыттагы каражат аныкталса дагы маалыматтык издөө токтотулбайт жана толук көлөмдө аягына чейин жүргүзүлөт. Издөө процессинде аныкталган аналогдордун саны маалыматты ачык кайталоосуз жана керексиз кайталоосуз техниканын деңгээли жөнүндө кыйла толук жана мазмундуу маалымат шарттарынан аныкталышы керек.
137. Маалыматтык издөөнүн натыйжалары Кыргызпатент тарабынан бекитилген белгиленген формадагы издөө жөнүндө отчет түрүндө таризделет.
138. Маалыматтары үчүнчү жактардын таанышуусу үчүн жеткиликсиз болгон өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүнөн тышкары, издөө жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү тиешелүү төлөм төлөнгөн шартта берилет.
13-глава. Жаңычылдыгын текшерүү
139. Ойлоп табуу эгерде ал ушул Эрежелердин 131-132-пункттарына ылайык аныкталуучу техниканын деңгээлинен белгисиз болсо, жаңы болуп саналат.
Ойлоп табуунун жаңычылдыгын текшерүү ойлоп табуунун артыкчылык алган датасына чейин дүйнөдө жалпыга жеткиликтүү болуп калган маалыматтардан белгисиз болгон ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пунктунда камтылган белгилердин бардык жыйындысына карата жүргүзүлөт.
140. Кыргызпатент маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңычылдыгын төмөнкүдөй маалымат булактары боюнча текшерет:
1) өтүнмө ээси формалдуу экспертиза бүткөн учурда берген өтүнмөнүн материалдарын;
2) Кыргыз Республикасында патенттелген, б.а. тийиштүү Мамлекеттик реестрлерде катталган ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер, ошондой эле евразия патенти алынган ойлоп табуулар. Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер Мамлекеттик реестрлерде алардын каттоосу болгон формулага карата алар артыкчылык алган датадан тартып эсепке алынат;
3) кыйла мурда артыкчылык алган датасы менен ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр, алар үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталган:
- өтүнмө Кыргыз Республикасында берилген;
- өтүнмө башка жак, б.а. башка өтүнмө ээси тарабынан берилген;
- өтүнмө чакыртылып алынган эмес же чакыртылып алынды деп таанылган эмес.
Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө Кыргыз Республикасынын патенттерин берүү жөнүндө өтүнүч каттар белгиленген тартипте берилген ойлоп табууларга СССРдин автордук күбөлүктөрүн же патенттерин берүүгө өтүнмөлөр жана СССРдин көрсөтмөлөрү камтылган эл аралык өтүнмөлөр, ошондой эле аларга карата ушул Эрежелердин шарттары сакталган, жарыяланган евразия өтүнмөлөрү теңештирилет.
Өтүнмө арыз, сыпаттама, формула жана чиймелер келип түшкөн датага карата ушул өтүнмөдө камтылган формулага жана сыпаттамага карата эсепке алынат. Эгер бул дата каралып жаткан өтүнмөнүн артыкчылык алган датасына караганда кечирээк болсо, анда кыйла мурда артыкчылык менен өтүнмө артыкчылыкты белгилөө үчүн негиз болгон материалдардын мазмуну менен туура келген анын мазмунунун бөлүгүндө маалыматтын булактарынын ичине киргизилет (биринчи өтүнмө, мурдагы өтүнмө, ушул өтүнмөгө карата кошумча материалдар).
Экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмө Кыргыз Республикасында болгон дүйнөдө жалпыга жеткиликтүү маалымат булактарындагы маалыматтардан табуунун негизинде, өтүнмө берилген ойлоп табууда камтылган бардык белгилерге окшош белгилер мүнөздүү болгон чечимди камтыган өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңычылдыгынын жоктугу аныкталса, өтүнмө ээсине экспертизанын жүйөлөрүн баяндоо менен жана ушул жүйөлөргө карата өз пикирин билдирүүсүн жана зарыл болгон учурда өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде ойлоп табуунун формуласын оңдоону же өтүнмөнү чакыртып алууну сунуштоо менен суроо-талап жиберилиши же болбосо өтүнмө ээсинин катышуусу менен экспертизанын жүйөлөрүн кароо сунушталышы мүмкүн.
Каралып жаткан ойлоп табуу жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булагы болуп кыйла мурдагы артыкчылык менен өтүнмө эсептелсе, өтүнмө чакыртып алынбагандыгына ынануу керек.
Эгерде өтүнмө чакыртып алынбаса жана аны чакыртып алуу мөөнөтү бүтпөсө, каралып жаткан ойлоп табуунун өтүнмө ээсине мындай өтүнмөнүн бар экендиги (анын өтүнмө ээсин көрсөтпөстөн жана мазмунун ачып көрсөтпөстөн) жана анын өтүнмөсүн кароону кыйла мурдагы артыкчылык менен өтүнмө аныкталмайынча кийинкиге калтыруу мүмкүндүгү жөнүндө билдирилет.
Өтүнмө ээси өтүнмөнү кароону кийинкиге калтырууга макул болбогон учурда өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңычылдык шартына туура келбегендиги белгиленет.
Эгерде көз каранды пункттарды камтыган формуланын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу жаңычылдык шартына ылайык келгендиги аныкталса, анда көз каранды пункттарга карата техника деңгээлин талдоо жүргүзүлбөйт.
Көз каранды пункттарды камтыган формуланын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу жаңы деп таанылбаган учурда, өтүнмөнү андан ары кароо ушул Эрежелердин 124-пунктунун 1-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.
Жаңычылдык шартына ылайык келбегендиги аныкталган ойлоп табууга карата ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү жүргүзүлбөйт.
14-глава. Ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү
141. Ойлоп табуу эгерде ал ушул Эрежелердин 131-132-пункттарына ылайык аныкталуучу техниканын деңгээлинен ачык түрдө келип чыкпаса, ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот.
142. Ойлоп табуу анын айырмалануучу белгилери менен дал келген белгилери бар чечимдер аныкталбаган же мындай чечимдер аныкталган, бирок өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага айырмалануучу белгилердин таасиринин белгилүү болушу ырасталбаган учурда, адис үчүн техника деңгээлинен ачык түрдө келип чыкпагандыгы таанылат.
Көрсөтүлгөн шарттардын сакталышын текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ушул Эрежелердин 32-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык эң жакын анологун аныктоо;
- формуланын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуу эң жакын анологунан айырмалана турган белгилерин (айырмалануучу белгилери) аныктоо;
- техниканын деңгээлинен каралып жаткан ойлоп табуунун айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилери бар чечимдерди аныктоо.
143. Төмөнкүлөргө негизделген ойлоп табуулар ойлоп табуучулук деңгээлдин шарттарына ылайык келет деп таанылбайт, атап айтканда:
1) дал ушундай толуктоолордун таасири белгиленген техникалык натыйжага жетишүү үчүн белгилүү эрежелер боюнча ага кошулуучу кандайдыр бир белгилүү бөлүк (бөлүктөр) менен белгилүү каражатты толуктоого;
2) дал ушундай алмаштыруунун таасири белгиленген техникалык натыйжага жетишүү үчүн белгилүү каражаттын кандайдыр бир бөлүгүн (бөлүктөрүн) башка белгилүү бөлүк менен алмаштырууга;
3) каражаттын кайсы бир бөлүгүнүн (элементинин, кыймылынын) болушу менен шартталган функцияны бир убакта алып салуу жана ошол эле учурда мындай алып салуу үчүн кадимки натыйжага (массаны, габариттерди, материалдын сыйымдуулугун жөнөкөйлөтүү, азайтуу, ишенимдүүлүктү жогорулатуу, процесстин узактыгын кыскартуу ж.б.) жетишүү менен ал бөлүктү алып салууга;
4) каражатта дал ушундай элементтердин, кыймылдын болушу менен шартталган техникалык натыйжаны күчөтүү үчүн бир типтүү элементтердин, кыймылдардын санын көбөйтүүгө;
5) бул материалдын белгилүү касиеттери менен шартталган техникалык натыйжага жетишүү үчүн белгилүү каражатты же белгилүү материалдан анын бөлүгүн (бөлүктөрүн) аткарууга;
6) тандоо жана ортосундагы байланыш белгилүү эрежелердин, сунуштамалардын негизинде жүзөгө ашырылган жана ошол эле учурда жетишилген техникалык натыйжа бул каражаттын бөлүктөрүнүн белгилүү касиеттери жана алардын ортосундагы байланыш менен гана шартталган белгилүү бөлүктөрдөн турган каражатты түзүүгө;
7) эгерде жаңы дайындоо анын белгилүү касиеттери, түзүмү, аткарылышы менен шартталса жана дал ушундай касиеттер, түзүм жана аткаруу мындай дайындоону ишке ашыруу үчүн зарыл экендиги белгилүү болсо, жаңы дайындоо боюнча белгилүү түзүлүштү, ыкманы, заттарды, штаммды колдонууга.
144. Эгерде ар биринин техникалык натыйжага таасир этүү фактысы белгилүү болсо жана бул белгилердин жаңы маанилери же алардын өз ара байланышы белгилүү көз карандылыктан, мыйзам ченемдүүлүктөн алынышы мүмкүн болсо, сандык белгинин (белгилердин) өзгөрүүсүнө, өз ара байланыштагы мындай белгилерди сунуштоого жана анын түрүнүн өзгөрүүсүнө негизделген ойлоп табуулар да ойлоп табуучулук деңгээлге ылайык келет деп таанылбайт.
145. Ойлоп табуучулук деңгээлдин шарттарына негизинен төмөнкүлөр туура келет:
1) белгиленген түзүм менен жаңы жекече кошулманы (классты, топту) алуунун ыкмалары;
2) эгерде кошулмалардын бул классы же тобу үчүн жаңы же өткөрүү шарттары белгисиз болгон кошулмалардын бул классы же тобу үчүн белгилүү болгон реакцияга негизделсе, белгиленген түзүм менен белгилүү жекече кошулманын (классты, топту) алуу ыкмалары;
3) кеминде эки белгилүү ингредиенттен турган, жетишүү мүмкүнчүлүгү техниканын деңгээлинен келип чыкпаган синергетикалык натыйжаны камсыздоочу композиция (башкача айтканда эки ингредиенттин тең касиетин билдирүүчү, бирок бул касиеттердин ичинен бирөөсүнүн гана сандык көрсөткүчтөрү өзүнчө ингредиенттин касиеттеринин белгисинен жогору болгон);
4) белгилүү кошулмалардын тобунун жалпы түзүмдүк формуласына туура келген, бирок атайын алынган жана изилденген катары сыпатталбаган жана ошол эле учурда бул топ үчүн сапаттык же сандык катыштагы жаңы белгисиз касиеттерди көрсөтүүчү жекече кошулма (селекциялык ойлоп табуу).
146. Ойлоп табуу жөнөкөй болуп көрүнгөндүгүнө жана өтүнмөнүн материалдарында техникалык натыйжага жетишүүнүн механизминин ачып көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу, эгерде мындай ачып көрсөтүү техниканын деңгээлинен эмес, өтүнмөнүн материалдарынан гана белгилүү болсо ойлоп табуучулук деңгээлге ылайык эмес деп каралбайт.
147. Эгерде ойлоп табуунун айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилер таандык болгон чечимдерди аныктоодо техникалык натыйжага алардын таасиринин белгилүү болгондугун ырастоо эгерде мындай белгилерге карата ал өтүнмө ээси тарабынан аныкталбаса талап кылынбайт.
148. Эгерде көз каранды пункттарды камтыган көп звенолуу формулада мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуу көз каранды эмес пунктка карата ойлоп табуучулук деңгээлинин шарттарына ылайык деп таанылса, формуланын көз каранды пункттарына карата андан аркы текшерүү жүргүзүлбөйт.
149. Эгерде ойлоп табуу көз каранды пункттарга ээ формуланын көз каранды эмес пункттары боюнча ойлоп табуучулук деңгээлинин шарттарына туура келбегендиги аныкталса, өтүнмөнү андан аркы кароо ушул Эрежелердин 124-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.
150. Көз каранды пункттары болбогон формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлинин жок экендиги аныкталган учурда өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөрдү жана ушул жүйөлөргө карата өз пикирин билдирүүнү, зарыл болгон учурда өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде ойлоп табуунун оңдолгон формуласын берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жиберилет.
15-глава. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын ачып көрсөтүүнүн жетиштүүлүгүн жана аны классификациялоонун тууралыгын текшерүү
151. Ойлоп табууну жүзөгө ашыруу үчүн ал берилген датага карата берилген өтүнмөнүн документтеринде өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын ачып көрсөтүүнүн жетиштүүлүгүн текшерүүдө техниканын ушул тармагымдагы адис тарабынан өтүнмө берилген датага карата берилген өтүнмөнүн документтеринде ойлоп табуунун багыты жөнүндө, ойлоп табуу менен камсыздалуучу техникалык натыйжа жөнүндө маалыматтар, өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага жетишүү үчүн зарыл болгон маанилүү белгилеринин жыйындысы ачып көрсөтүлгөндүгү, ошондой эле ушул Эрежелердин 31-63-пункттарында белгиленген шарттар сакталгандыгы текшерилет.
152. Классификациялык индекс туура эмес көрсөтүлсө же ал жок болсо, өтүнмө берилген ойлоп табууну ЭПКнын рубрикаларына ылайык классификациялоо жүргүзүлөт.
Классификациялык индексти тандоо үчүн негиз болуп өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласы эсептелет. Ойлоп табуунун маңызын толук түшүнүү үчүн сыпаттама жана чиймелер тартылат. Эгер өтүнмө ЭПК ар түрдүү рубрикаларына кирген бир нече объектти камтыса, бардык тийиштүү классификациялык индекстер белгиленет. Ошол эле учурда биринчи индексти тандоо ойлоп табуунун аталышы менен аныкталат.
Формалдуу экспертизанын стадиясында белгиленген классификациялык индекстер өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү процессинде такталат.
16-глава. Кошумча материалдарга суроо-талап кылуу жана текшерүү
153. Кошумча материалдарга, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласына суроо-талап "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурда өтүнмө ээсине жиберилет.
154. Суроо-талап үчүн негизинен төмөнкү жагдайлар негиз болуп саналат:
1) ушул Эрежелердин 131-пунктуна жана 12-15-главаларына ылайык өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланышкан маселелерди чечүү зарылдыгы;
2) өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн натыйжасы боюнча ойлоп табуунун формуласын тактоонун зарылдыгы;
3) ушул Эрежелердин 17-главасына ылайык бирдей эле артыкчылык алган датага ээ өнөр жай менчигинин окшош объекттерине өтүнмөлөрдү кароого байланышкан маселелерди чечүүнүн зарылдыгы;
4) өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине туура келбегендиги (сыпаттамада формулада көрсөтүлгөн белгилердин жоктугу, чиймелер ойлоп табуунун сыпаттамасына туура келбейт ж.у.с.);
5) ойлоп табуунун сыпаттамасында ушул Эрежелер менен каралган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоктугу (эгерде тиешелүү бөлүмдө баяндалууга тийиш болгон маалыматтар башка бөлүмдө берилсе, суроо-талап жиберилбейт);
6) ойлоп табуунун формуласында тиешелүү түрдөгү объекттердин белгилеринин ордуна анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрү жана керектөөчүлүк касиеттери, натыйжалары жана аны жүзөгө ашырууда жана/же пайдаланууда орду бар кубулуштары жөнүндө гана маалыматтардын бар экендиги;
7) ойлоп табуунун көп звенолуу формуласынын көз каранды пункттарында ойлоп табуунун аны аткаруунун же пайдалануусунун тиешелүү жекече учурларда коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук же моралдык принциптерге карама-каршылыгын шарттаган белгилердин болушу;
8) ушул Эрежелердин 51-53-пункттарынын талаптарынын бузулушу, ага ылайык формуланын көз каранды эмес пункту бир гана ойлоп табууга тийиштүү болот;
9) ойлоп табуунун формуласында ал баш ийген формуланын пунктунун белгисин (белгилерин) алмаштырууну же жокко чыгарууну болжолдогон көз каранды пункттун болушу;
10) ойлоп табуунун сыпаттамасында жана/же ойлоп табуунун формуласында экспертиза жүргүзүүгө тоскоолдук кылган жалпы кабыл алынбаган терминологиянын пайдаланылышы;
11) ушул Эрежелердин 114-123-пункттарына ылайык ойлоп табуунун формуласын аны текшерүүнүн натыйжасы боюнча тактоонун зарылдыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү кароодо келип чыккан эскертүүлөр жана сунуштар жана мисалы артыкчылыкты белгилөө, ойлоп табуунун маанилүү белгисинин мүнөздөмөсүн тактоо менен ж.у.с. байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн негиздерде жиберилген суроо-талапка киргизилет.
155. Суроо-талапта көрсөтүлгөн кандайдыр бир маселе боюнча экспертизанын жүйөлөрү техникалык же укуктук мүнөздөгү аргументтер менен бекемделет. Зарыл болгон учурда маалымат булагына, мыйзам жоболоруна, ушул Эрежелерге жана ченемдик документтерге шилтеме берилет.
Өтүнмө ээсине маанилүү белгинин мүнөздөмөсүн тактоо, формуладан маанилүү эмес белгини алып салуу ж.б. сыяктуу формуланы оңдоо менен байланышкан сунуштарды жөнөтүүдө мындай оңдоонун жана андан баш тартуунун укуктук кесепеттерин көрсөтүү максатка ылайыктуу.
156. Өтүнмө ээсинин демилгеси же экспертизанын сунушу менен өзгөртүлгөн формула менен патент берүү жөнүндө чечимди даярдоодо өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласынын жана/же ойлоп табуунун аталышынын (экспертиза жүргүзүү процессинде ал өзгөргөн учурда) мамлекеттик же расмий тилге оңдолгон котормосун берүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жиберилет.
Белгиленген үч айлык мөөнөттө оңдолгон котормо берилбесе, чечим чыгарылбайт.
157. Суроо-талапта маалымат булагына шилтеме берилген учурда, ал булакты табуу үчүн керектүү бардык анын библиографиялык маалыматтары, ошондой эле булакта өтүнмөнү кароодо эске алынган ошол маалыматтарды табуу үчүн (бети, абзацы, графикалык сүрөттөрдүн фигурасынын номери ж.б.) башка маалыматтары көрсөтүлүшү керек.
158. Өтүнмө ээсинин демилгеси же экспертизанын сунушу менен сыпаттаманы тиешелүү оңдоо зарыл болгондой өзгөртүлгөн формула менен патент берүү жөнүндө чечимди даярдоодо, ошондой эле сыпаттаманын жана/же чийменин кемчиликтери бар болсо, ага мындай сунуш жөнөтүлгөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө такталган сыпаттаманы же/жана чиймени (же алмаштырылуучу барактар) берүү сунушталышы мүмкүн.
Ошол эле учурда көрсөтүлгөн материалдар берилбеген учурда өтүнмө ээсине Кыргызпатент тарабынан тиешелүү түрдө оңдолгон сыпаттама жарыялана тургандыгы жөнүндө кабарланат.
159. Суроо-талап өтүнмө ээсине өтүнмөнү кароо зарыл болгон учурда жиберилет.
160. Өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды же өтүнмөнүн көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербеген учурда, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
161. Өтүнмөнүн документтерин ондоочу же тактоочу (б.а. аларды анын мазмунуна киргизүүгө тийиш болгон) жана өтүнмө ээсинин демилгеси же экспертизанын суроо-талабы боюнча берилген кошумча материалдар түшкөндө алар тарабынан мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдүн сакталгандыгы текшерилет.
162. Кошумча материалдар ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын камтыса, формуланын өзгөрүшү ага баштапкы формулада ушу сыяктуу бөлүп көрсөтүлбөгөн ойлоп табуунун бир же бир нече көз карандысыз пункттарын киргизүүнү карай тургандыгы жана мындай кошумча материалдар менен аларды берүү мөөнөтүн эске алуу менен тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилгендиги белгиленет.
Кошумча материалдары менен бирге аталган документ берилбеген учурда өтүнмөнү кароодо формуланы өзгөртүү эске алынбайт.
163. Өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөлөрү суралган учурда, кошумча материалдар алар өтүнмө ээси тарабынан ал экспертизанын суроо-талабын алган датадан тартып бир айдын ичинде суралган шартта өтүнмө ээси аталган көчүрмөлөрдү алган датадан тартып 2 айдын ичинде берилет.
Өтүнмө ээси тарабынан белгиленген мөөнөттөрдүн сакталгандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 73-пунктунун төртүнчү абзацын жетекчиликке алуу керек.
164. Өтүнмө ээсинин жеке демилгеси же Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча берилген жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртпөгөндүгү текшерилет.
165. Эгерде кошумча материалдар өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок, формулага киргизилүүгө тийиш болгон белгилерди камтыса, алар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүчү деп таанылат.
166. Белгилер ойлоп табуунун формуласына киргизилүүгө тийиш болуп өтүнмө ээси берген такталган формулада камтылган учурда гана эмес, өтүнмө ээси мындай киргизүүнү гана көрсөткөн учурда дагы эсептелет.
167. Кошумча материалдарда берилген жана формулага киргизилүүгө тийиш болгон белгилер эгерде алар өтүнмөдө ал берилген датага карата анда камтылган формулада же сыпаттамада ачып көрсөтүлбөсө, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок деп таанылат.
168. Эгерде өтүнмөнүн баштапкы материалдарында ойлоп табуунун маанилүү белгиси аны аткаруунун жеке формаларын ачып көрсөтпөстөн жалпы түшүнүк менен берилсе, анда ойлоп табуунун формуласына киргизилүүгө тийиш болгон белгиге аны киргизүү менен кошумча материалдарда мындай аткаруу формасын көрсөтүү кошумча материалдарды өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүчү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.
169. Сыпаттамада техника деңгээлине, анын ичинде эң жакын аналогуна карата гана эскертилген белгилер өтүнмөнүн баштапкы материалдарында камтылган өтүнмө берилген ойлоп табуунун белгилерине кирбейт.
170. Өтүнмө ойлоп табуулардын тобуна кирген учурда, топтун кайсы бир ойлоп табуусунун өтүнмөнүн баштапкы материалдарында камтылган белгилери болуп топтун дал ушул ойлоп табуусуна карата салыштырып караганда сыпаттамада эскертилген белгилер эсептелет.
Бири башкасында пайдалануу үчүн арналган ойлоп табуулардын тобу өзгөчөлүктү түзөт. Ошол эле учурда баштапкы материалдарда камтылган башкасында пайдалануу үчүн арналган бир ойлоп табуунун белгилери ошол башка ойлоп табуунун да белгилери болуп эсептелет.
171. Эгерде өтүнмө берилген ойлоп табуу жаңы багыты боюнча белгилүү түзүлүштөрдү, ыкманы, заттарды жана штаммды пайдаланууга тийиштүү болсо, анда маңызым өзгөртүүчү болуп өтүнмөнүн баштапкы материалдарынан башка көрсөтмөнү камтыган кошумча материалдар, белгилүү объектти мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилүү объекттин же башка белгилердин багыты таанылат.
172. Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында формулага киргизилүүгө тийиш болгон белгилерге кирбеген өтүнмө берилген ойлоп табуу жөнүндө жок маалыматтарды камтыган кошумча материалдар ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүчү болуп эсептелбейт. Мындай маалыматтарга негизинен ойлоп табууну жүзөгө ашыруунун шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, ойлоп табууну ишке ашыруунун мисалдары, кошумча техникалык натыйжаны алуу мүмкүндүгүнө көрсөтмө, такталган графикалык материалдар ж.б. киргизилиши мүмкүн.
173. Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок ойлоп табуунун формуласына киргизилүүгө тиешелүү болгом белгилер менен катар кошумча материалдар, ошондой эле өтүнмөнү кароо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлгөн белгилер камтылган бөлүгүндө гана маңызын өзгөртүүчү болуп таанылат.
174. Кошумча материалдарда берилген өтүнмө ээси өзгөрткөн ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө өзгөрүүлөр өтүнмө берилген ойлоп табууга кире тургандыгы белгиленет.
175. Ойлоп табуунун формуласына өтүнмө берилген ойлоп табууга кирбеген көз карандысыз пункттарды киргизүүнү караган аны өзгөртүү эске алынбайт, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
176. Формулага киргизилген көз карандысыз пункт өтүнмө берилген ойлоп табууга тийиштүү болуп төмөнкү учурларда таанылат:
1) эгерде кайрадан көрсөтүлгөн объекттин түрү баштапкыга караганда көбүрөөк даражада ойлоп табуунун баштапкы формуласында камтылган белгилердин мүнөзүнө туура келсе, түрүнүн көрсөтмөсү (түзүлүш, ыкма, зат) өзгөрсө;
2) эгерде артыкчылык алган датага чейин маалыматтары жалпыга жеткиликтүү болбогон объектти пайдаланууга өтүнмө берилсе, "жаңы багыты боюнча пайдалануу" баштапкы өтүнмө берилген ойлоп табуу объекти көрсөтүлгөн жаңы багыттагы объектке алмаштырылса;
3) ушул Эрежелердин 154-пунктунун 9-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүүнүн натыйжасында жаңы көз карандысыз пунктту (же ушундай бир нече пунктту) түзүү.
177. Кошумча материалдар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүчү деп таанылган учурда өтүнмө ээсине (ага кезектеги жиберилген экспертизанын документинде) кошумча материалдарга кирген маалыматтардын кайсынысы экспертизанын мындай тыянагы үчүн негиз катары кызмат кылгандыгы кабарланат.
17-глава. Ошол эле артыкчылык алган датага ээ өнөр жай менчигинин окшош объектине башка өтүнмөнүн бар экендиги аныкталган учурда өтүнмөнү кароонун өзгөчөлүктөрү
178. Эгерде каралып жаткан өтүнмө боюнча ошол эле артыкчылык алган датага ээ болгон окшош ойлоп табууга же пайдалуу моделге башка чакыртып алынбаган же чакыртып алынды деп таанылбаган өтүнмө бар болсо, анда каралып жаткан өтүнмөнүн ээсине бул тууралуу жана анын өтүнмөсү боюнча патент берүү "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 11-бөлүгүндө белгиленген шарттар аткарылган учурда мүмкүн экендиги жөнүндө кабарланат. Ошол эле учурда өтүнмө ээсине анын өтүнмөсү Кыргызпатентте кыйла эрте же кыйла кеч катталган номерине ээ экендиги кабарланат.
Каралып жаткан өтүнмөнүн ээсине окшош ойлоп табууну же пайдалуу моделди камтыган башка өтүнмөнүн кандайдыр бир библиографиялык маалыматтарын билдирүү жана бул өтүнмө же ага патент берүү тууралуу маалыматтар жарыяланганга чейин анын мазмунун ачып көрсөтүү буга башка өтүнмөнүн ээсинин макулдугу менен гана жол берилет.
179. Ойлоп табуулардын окшоштугу (же ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин) белгиленген тартипте өтүнмө ээлери берген алардын акыркы редакциясынын формуласынын негизинде белгиленет.
Ойлоп табуулар (же ойлоп табуу жана пайдалуу модель) формуланын көз карандысыз пункттарынын мазмундары толугу менен дал келсе окшош деп таанылат.
180. Өтүнмө ээси ойлоп табууга өтүнмөнү пайдалуу моделге патент берүү өтүнмөсү кылып кайра түзүүгө укуктуу.
Мындай кайра түзүү жөнүндө арыз түшкөндө, ушул Эрежелердин 73-пунктуна ылайык анын туура таризделиши текшерилет, ошондой эле ал ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланганга чейин, бирок патент берүү жөнүндө чечим жөнөтүлгөн датадан кеч эмес берилгендиги жана арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө тиешелүү алым төлөнгөндүгү жөнүндө документтин берилгендиги белгиленет.
Арыз белгиленген талаптарга ылайык таризделбеген учурда, өтүнмө ээсине бул тууралуу кабарланат.
Ойлоп табууга арыз жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин арыз түшсө, өтүнмө ээсине өтүнмөнү кайра түзүү мүмкүн эмес экендиги тууралуу кабарланат.
Арыз менен бирге алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбеген учурда акыркысы берилбеген болуп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Кайра түзүү болбой калган өтүнмө ойлоп табууга өтүнмө болуп калат жана ага карата андан кийин ушул Эрежелер колдонулат.
Эгерде өтүнмө белгиленген талаптарга ылайык таризделгендиги, белгиленген мөөнөттү сактоо менен берилгендиги жана аны менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине кайра түзүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кабарлоо жиберилет, анда ошондой эле өтүнмөнү андан ары кароо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Пайдалуу моделге патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерине ылайык жүргүзүлөрү кабарланат.
181. Өтүнмө ээси өтүнмөнү кайра түзүү жөнүндө арыз берген датага карата ойлоп табууга өтүнмөнү оңдоочу же тактоочу кошумча материалдар же ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласы берилген учурда кайра түзүү жөнүндө арызды кароонун натыйжалары жөнүндө кабарлоо жибергенге чейин ушул Эрежелердин 114-123 жана 185-пункттарына ылайык бул материалдарды текшерүү аяктайт.
182. Чакыртып алынган же чакыртып алынды деп таанылган ойлоп табууга өтүнмөлөргө карата кайра түзүү жүргүзүлбөйт.
183. Эгерде кайра түзүү жөнүндө арыз чакыртып алынган деп таанылган өтүнмө боюнча келип түшсө жана арыз менен бирге өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат берилсе, акыркысы ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык каралат, мөөнөттү калыбына келтирүү мүмкүндүгү аныкталганда, өтүнмө ээсине бул тууралуу жана өтүнмөнүн кайра түзүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу кабарланат.
184. Өтүнмө ээсинен өтүнмөнү кайра түзүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кабарлоо жиберилгенге чейин анын арызын түшкөн эмес деп эсептөө өтүнүчү (өтүнмөнү кайра түзүү жөнүндө арызды чакыртып алуу) келип түшкөндө кайра түзүү болгон эмес деп эсептелет, өтүнмөнү кайра түзүү үчүн төлөнгөн алым кайтарылат же белгиленген тартипте башка алымды төлөө эсебине чегерилет.
Өтүнмө ээсине ойлоп табууга өтүнмөнү пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмөгө кайра түзүү болгондугу жөнүндө кабарлоо жиберилгенден кийин келип түшкөн өтүнмөнү кайра түзүү жөнүндө арыз берилген жок деп эсептөө өтүнүчү өтүнмөнү кайра түзүү жана төлөнгөн алымды кайтаруу үчүн негиз болуп эсептелбейт.
18-глава. Кыргызпатент кабыл алуучу чечимдер
185. Эгерде өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргызпатент өтүнмө берилген ойлоп табуу өтүнмө ээси сураган укуктук коргоо көлөмүндө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси менен аныкталган ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келгендиги аныктаса, ойлоп табууга патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) чечимде арыздын графасында берилген аталышына (атына) ылайык көрсөтүлөт.
186. Өтүнмө берилген сунуштун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси менен аныкталган ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келбегендиги аныкталганда, тиешелүү негиздерди келтирүү менен патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу үчүн себеп болгон жагдайлар менен таанышкандан кийин өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө карата экспертизанын тыянагын өзгөртпөгөн жүйөлөр берилген учурда, чечимде көрсөтүлгөн жүйөлөргө талдоо жүргүзүлөт.
187. Эгерде бир көз карандысыз пункту жана көз каранды пункттары бар көп звенолуу формулада мүнөздөлгөм, өтүнмө берилген ойлоп табуу көз карандысыз пунктка карата патентке жөндөмдүүлүктүн шарттарынын бирине туура келбегендиги жана өтүнмө ээси формуланын бул пунктун оңдоодон баш тарткандыгы аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
188. Ойлоп табуу башка көз каранды эмес пункттары жок формуланын көз каранды эмес пунктунда мүнөздөлгөн, ал эми көз каранды пункттарда камтылган ойлоп табуунун мүнөздөмөсү ойлоп табууну жүзөгө ашырууга же өтүнмө ээси көрсөткөн багытты ишке ашырууга тоскоолдук кылган же болбосо ойлоп табуу коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге каршы келет деп таануу үчүн негиз болуп саналган жана өтүнмө ээси формуладан мындай көз каранды пункттарды оңдоодон же алып салуудан баш тарткан учурда да патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
189. Өтүнмө ээси тарабынан сунушталган формула бир көз каранды эмес пунктка ээ болсо жана ал сыпаттамада камтылган ойлоп табуунун маанилүү белгисин камтыбаса, ушуга байланыштуу мындайча мүнөздөлгөн ойлоп табуу патентке жөндөмдүүлүктүн кайсы бир шартына туура келбеген учурда, эгерде өтүнмө ээси формулага аталган белгини киргизүүдөн баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
190. Эгерде өтүнмө берилген ойлоп табуулардын тобу патентке жөндөмдүүлүк шарттарынын бирине туура келбеген ойлоп табууну камтыгандыгы жана өтүнмө ээси формуладан ошол ойлоп табуунун мүнөздөмөсүн оңдоодон же алым салуудан баш тарткандыгы аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Ошол эле учурда чечимде ага карата мындай тыянак алынган башка ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгү ырасталат.
191. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңешке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге ал жөнөтүлгөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө каршы пикирин бере алат. Каршы пикир Апелляциялык кеңеште тиешелүү алым төлөнгөн шартта ал түшкөн датадан тартып эки айлык мөөнөттө каралат.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогон учурда ал аны алган датадан тартып алты айлык мөөнөттө сотко доо арызы менен кайрыла алат.