ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги
ХXVI-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 124
Жоюлган пчелопитомник акционердик коомундагы жайыт жерди айыл өкмөтүнүн жайыт фондусуна алуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги жоюлган пчелопитомник акционердик коомундагы жайыт жерди айыл өкмөтүнүн жайыт фондусуна алуу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. Пчелопитомник акционердик коомундагы жайыт жерди жоюлгандыгына байланыштуу алар пайдаланып жүргөн 5,60 га жер аянты Ийри-суу айыл өкмөтүнүн жайыт фондусуна өткөрүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Дарбагаев Мухамбетке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| А.Кыргызбаев |