ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги
ХXVI-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 125
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңешинин иш кагаздарына мамлекеттик салым чегерүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңешинин иш кагаздарына мамлекеттик салык чегерүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн жана айылдык Кеңешинен атуулдарга чыгарылган токтомдорго 300 (үч жүз) сом мамлекеттик салым чегерилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн атуулдарга берилген аныктамаларга 50 (элүү) сом мамлекеттик салым чегерилсин.
3.Томтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңештин жооптуу катчыларына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| А.Кыргызбаев |