Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-январы № 130-28
Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү жана Аламүдүн райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |