Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 484 токтомуна) |
Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартиби стратегиялык башкаруунун принциптерине жана мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн иштелип чыккан, мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн мамлекеттик стратегиялык документтерди кошпогондо, аларды мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизүү (чыгаруу) үчүн арналган.
2. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик стратегиялык документтер, эгерде натыйжасы 80 балл жана андан жогору болсо, инвентаризациялоонун натыйжаларынын негизинде мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизилет жана натыйжасы 50 баллдан төмөн болгон учурда чыгарылат.
4. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлору расмий макулдашуу жол-жобосунун алкагында инвентаризациялоодон өтөт.
5. Мамлекеттик стратегиялык документтин долбоорун инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алуу (бекитүү) үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Инвентаризация жүргүзүү үчүн критерийлер
6. Инвентаризация 10 негизги критерий боюнча жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик программанын жалпы мамлекеттик программага үч пункт боюнча ылайык келүүсү:
- максаттар, артыкчылыктар, стратегиялык милдеттер;
- жалпысынан документтин көрсөткүчтөрү жана күтүлүүчү натыйжалар;
- ишке ашыруу мөөнөттөрү;
2) мамлекеттик программанын түзүмүнүн жана анын бөлүмдөрүнүн түзүмүнүн Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына ылайык келиши. Бул критерий тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тиешелүү тышкы саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерге жайылтылбайт;
3) программанын максатынын, бөлүмдүн максаттарынын жана күтүлүүчү натыйжалардын өз ара байланышы. Төмөнкүлөр күтүлүүдө:
- бөлүмдөрдүн максаттары программанын максатына жетүүгө өбөлгө түзөт;
- бөлүмдөрдүн күтүлүүчү натыйжалары бөлүмдүн максатына байланыштуу жана келип чыгат;
- бөлүмдөрдүн максаттары өлчөнүүчү, реалдуу жана жетүүгө мүмкүн;
4) бөлүмдөрдүн алкагында максаттар менен милдеттердин өз ара байланышы. Баалоо төмөнкү аспекттер боюнча жүргүзүлөт:
- милдеттер бөлүмдүн максатына жетүүгө багытталган;
- бөлүмдүн максатына жетүү үчүн колдо болгон милдеттер жетиштүү;
- милдеттер кырдаалды талдоого негизделет жана талдоодо белгиленген бардык көйгөйлөрдү/келечектерди/ажырымдарды камтыйт;
5) милдеттер менен иш-чаралардын өз ара байланышы. Критерий чараларды жана милдеттерди түзүүнүн логикасын баалайт, мында төмөнкүлөр күтүлөт:
- чаралар коюлган маселени чечүүгө өбөлгө түзөт;
- болгон чаралар маселени чечүү үчүн жетиштүү;
- чаралар карама-каршы келбейт жана кайталанбайт (анын ичинде жалпы документте);
6) индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрү менен максаттардын жана милдеттердин өз ара байланышы. Критерий пландалган милдеттер менен көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланышты баалоого мүмкүндүк берет, алар прогрессти көзөмөлдөөгө тийиш;
7) чаралар планы - чаралар планынын болушун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерий - мамлекеттик стратегиялык документтин беш компонент боюнча милдеттүү бөлүгү:
- милдеттер;
- чаралар;
- күтүлүүчү натыйжалар;
- ишке ашыруу мөөнөттөрү;
- аткаруучулар;
8) индикаторлордун матрицасы - индикаторлор матрицасынын болушун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерий - үч аспект боюнча мамлекеттик стратегиялык документтин милдеттүү бөлүгү:
- ар бир бөлүм үчүн көрсөткүчтөрдүн болушу;
- бардык көрсөткүчтөр үчүн болжолдуу максаттуу жана аралыктык индикаторлордун болушу;
- туруктуу өнүктүрүү максаттарынын кеминде 10 көрсөткүчүнүн болушу;
9) ресурстук камсыз кылууну баалоо - "Ресурстук камсыз кылууну баалоо" милдеттүү тиркемесинин болушун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерий, ал жылдар боюнча, чаралар жана каржылоо булактары боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш;
10) гендердик саясат жана климаттын өзгөрүү маселелерин эсепке алуу - документтин гендердик сезимталдыгына жана климаттык маселелердин чагылдырылышына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү критерий.
7. Критерийлерди баалоо үчүн 0дөн 100 баллга чейинки шарттуу шкала колдонулат. Бардык критерийлер максималдуу 10 баллдык маани менен барабар болуп саналат.
3. Инвентаризация жүргүзүү форматы жана жол-жобосу
8. Инвентаризациялоо жол-жобосу төмөнкүдөй кадам менен ырааттуулукта ишке ашырылат:
1) 1-кадам. Ар бир критерий боюнча баалоо жүргүзүү:
- форматка шайкеш 1-тиркемеге ылайык 10 критерийдин ар бирин 1 ден 10 баллга чейин баалоо жүргүзүү зарыл;
- "Түшүндүрмө/сунуштама" графасында критерийлерди иш жүзүндө баалоонун натыйжалары боюнча кыскача негиздеме келтирүү зарыл;
- инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча суммалык бааны таблицанын ылдый жагына, "жыйынтыгы" (баллдын саны) графасына коюу зарыл;
2) 2-кадам. Инвентаризациялоонун натыйжаларынын негизинде корутунду:
- инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча 10 критерий боюнча суммалык балл түрүндө жыйынтык чыгаруу жана 2-тиркемеге ылайык корутунду даярдоо зарыл;
3) корутундуда мамлекеттик стратегиялык документтин долбоорун кабыл алуу/бекитүү же аны жеткире иштеп чыгууга жиберүү боюнча сунуштама камтылууга тийиш. Эгерде буга чейин бекитилген документ инвентаризациялоодон өтсө, тыянак аны мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизүү (чыгаруу) боюнча сунуштаманы камтууга тийиш. Тыянак төмөнкү натыйжалардын негизинде түзүлөт:
- мамлекеттик стратегиялык документ инвентаризациялоо процессинде 80-100 баллга бааланган. Мамлекеттик стратегиялык документ стратегиялык башкаруунун принциптерине жана мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына ылайык келет. Олуттуу эмес жеткире иштеп чыгууну талап кылат (80-95 баллдан жогору мааниде болсо). Мамлекеттик стратегиялык документтерди мамлекеттик реестрге кабыл алуу/бекитүү жана киргизүү сунушталат;
- мамлекеттик стратегиялык документ 51 ден 79га чейинки балл топтогон. Мамлекеттик стратегиялык документ жалпысынан стратегиялык башкаруунун принциптерине жана мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына ылайык келет, бирок жеткире иштеп чыгууну талап кылат. Жеткире иштелип чыккандан кийин кайталап инвентаризациялоо сунушталат;
- мамлекеттик стратегиялык документ 50 баллга чейин топтогон. Мамлекеттик стратегиялык документ стратегиялык башкаруунун принциптерине жана мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына ылайык келбейт жана күчүн жоготууга сунуш кылынууга тийиш же аны түп-тамырынан кайра иштеп чыгуу зарыл;
- буга кошумча стратегиялык документти жеткире иштеп чыгуу боюнча кыскача түшүндүрмөлөр же сунуштамалар даярдалышы мүмкүн.
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартибине 1-тиркеме |
Мамлекеттик программалар үчүн критерийлерди дифференциалдуу баалоо боюнча сунуштамалардын МАТРИЦАСЫ
№ | 10 баллдык максималдүү баа менен критерийлерди баалоо | |||
Критерийлер | 0-3 балл | 4-7 балл | 8-10 балл | |
1 | Мамлекеттик программанын жалпы мамлекеттик программага үч критерий боюнча шайкештиги: максаттар, артыкчылыктар, стратегиялык милдеттер; программанын көрсөткүчтөрү жана күтүлгөн натыйжалары; ишке ашыруу мөөнөттөрү | 1 критерий боюнча шайкеш келет | 2 критерий боюнча шайкеш келет | 3 критерий боюнча шайкеш келет |
2 | Мамлекеттик программанын түзүмүнүн жана анын бөлүмдөрүнүн түзүмүнүн Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына шайкештиги | Документтин 3 же андан көп бөлүгү жок; бөлүмдүн 2 бөлүгү жок | Документтин 1-2 бөлүгү жок; бөлүмдүн 1 бөлүгү жок | Документтин бардык бөлүктөрү жана бөлүмдөрү бар |
3 | Программанын максаттарынын, бөлүмдөрдүн максаттарынын жана күтүлгөн натыйжалардын өз ара байланышы: бөлүмдөрдүн максаттары программанын максаттарына жетүүгө жөндөм түзөт; бөлүмдөрдүн күтүлгөн натыйжалары бөлүмдүн максатына байланышкан жана андан келип чыгат; бөлүмдүн максаттары өлчөнүүчү, реалдуу жана жетүүгө болот | 1 критерий боюнча шайкеш келет | 2 критерий боюнча шайкеш келет | 3 критерий боюнча шайкеш келет |
4 | Бөлүмдөрдүн алкагында максаттардын жана милдеттердин өз ара байланышы: милдеттер бөлүмдүн максатына жетүүгө багытталган; учурдагы милдеттер бөлүмдүн максатына жетүүсү үчүн жетиштүү; милдеттер кырдаалды талдоого негизделет жана талдоодо белгиленген бардык проблемаларды/перспективаларды/ажырымды камтыйт | 1 критерий боюнча шайкеш келет | 2 критерий боюнча шайкеш келет | 3 критерий боюнча шайкеш келет |
5 | Милдеттердин жана чаралардын өз ара байланышы: чаралар коюлган милдетти чечүүгө жөндөм түзөт; учурдагы чаралар маселени чечүү үчүн жетиштүү; чаралар каршы келбейт жана кайталанбайт (анын ичинде жалпы документте) | 1 критерий боюнча шайкеш келет | 2 критерий боюнча шайкеш келет | 3 критерий боюнча шайкеш келет |
6 | Максаттардын индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрү менен өз ара байланышы (көрсөткүчтөр бөлүмдүн максатын ишке ашыруудагы прогрессти чагылдырууга тийиш) | Көрсөткүчтөр максаттарга байланышпайт жана прогрессти чагылдырбайт | Көрсөткүчтөр жарым-жартылай байланышкан жана прогрессти толук чагылдырбайт | Көрсөткүчтөр прогрессти толук чагылдырат |
7 | Чаралар планы 5 милдеттүү компоненттен турууга тийиш: 1) милдеттер; 2) чаралар; 3) күтүлгөн натыйжалар; 4) ишке ашыруу мөөнөттөрү; 5) аткаруучулар | План жок же анда 5 милдеттүү компоненттен 2 же андан көбү жок | Планда 5 милдеттүү компоненттен 1 жок | Планда бардык компоненттер бар |
8 | Индикаторлор матрицасы: ар бир бөлүм үчүн көрсөткүчтөрдүн болушу; бардык көрсөткүчтөр үчүн болжолдуу максаттуу жана аралыктагы индикаторлордун болушу; ТӨМдун 5-10 көрсөткүчүнүн болушу | Матрица жок же 50% же андан көп бөлүктөрү үчүн көрсөткүчтөр жок; максаттуу жана/же орто аралык көрсөткүчтөр жок; ТӨМдүн 3 же андан аз көрсөткүчү | Бөлүмдөрдүн 20-49% үчүн көрсөткүчтөр жок; орто аралык индикаторлор жок; ТӨМдүн 4-7 көрсөткүчү | Бөлүмдөрдүн 80%дан ашыгы үчүн көрсөткүчтөр бар максаттуу жана орто аралык көрсөткүчтөр бар; ТӨМдүн 8-10 көрсөткүчү |
9 | Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо (жылдар, чаралар жана каржылоо булактары боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш): 1) муктаждык; 2) мүмкүнчүлүк; 3) финансылык ажырым | Бюджет жалпы бир цифра менен берилген. Документти ишке ашыруу мамлекеттик/ республикалык бюджеттин чегинде каржылоо суммаларын көрсөтпөстөн каралгандыгы белгиленет. Бюджет, каржылоонун көлөмдөрү тууралуу маалымат жок | Бюджет толук көлөмдө берилген эмес | Бюджет толук көлөмдө берилген |
10 | Гендердик саясат жана климаттын өзгөрүү маселелерин эсепке алуу. Гендердик саясат бөлүгүндө документ төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: кырдаалды талдоодо гендердик статистика жана проблемалардын аялдар менен эркектерге ар түрдүү таасири; гендердик багыттагы милдеттер/чаралар; индикаторлор матрицасындагы гендердик көрсөткүчтөр. | Гендер: эсепке алуу жок же 1 критерий боюнча гана шайкеш келет | Гендер: 2 критерий боюнча шайкеш келет | Гендер: 3 критерий боюнча шайкеш келет |
Климаттын өзгөрүү маселелери бөлүгүндө документ төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: кырдаалды талдоодо климаттын өзгөрүүсүнүн тармакты/чөйрөнү/секторду/регионду өнүктүрүүгө тийгизген таасири; климатка багытталган милдеттер/чаралар | Климат: климаттын өзгөрүшүн эсепке алуу жок | Климат: 1 критерий боюнча гана шайкеш келет | Климат: 2 критерий боюнча шайкеш келет | |
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрү.
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтердин инвентаризациялоо тартибине 2-тиркеме |
Инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча корутундунун форматы
Корутунду
Мамлекеттик программанын аталышы:
______________________________________________________________________
Иштеп чыгуучу:
______________________________________________________________________
№ | Критерийлер | Иш жүзүндө балл менен баалоо (макс. 10 балл) | Түшүндүрмө/сунуш |
1 | Мамлекеттик программанын жалпы мамлекеттик программага ылайык келиши | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
2 | Мамлекеттик программанын түзүмүнүн жана анын бөлүмдөрүнүн түзүмүнүн Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына ылайык келиши | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
3 | Документтин стратегиялык максаттарынын, бөлүмдөрдүн максаттарынын жана күтүлүүчү натыйжаларынын өз ара байланышы | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
4 | Бөлүмдөрдүн алкагында максаттар менен милдеттердин өз ара байланышы | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
5 | Милдеттердин жана чаралардын өз ара байланышы | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
6 | Максаттар менен индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрүнүн өз ара байланышы | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
7 | Чаралар планы | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
8 | Индикаторлордун матрицасы | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
9 | Ресурстук камсыз кылууну баалоо | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
10 | Гендердик саясат жана климаттын өзгөрүү маселелерин эсепке алуу | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
| Бардыгы (макс. 100 балл) | (0дөн 10 баллга чейин болушу мүмкүн) |
|
Тыянак:
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
Эксперт: ___________________ Колу: ______________ Датасы: _______________