Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-январы № 131-28
Аксакалдар сотунун курамынан чыгаруу жөнүндө
Аксакалдар сотунун төрайымы Б.Асакееванын 2022-жылдын 13-декабрындагы арызын жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн отурумунун 2022-жылдын 8-декабрындагы № 22 протоколун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотунун курамынан Аалы Турдалиев жана Кундуз Акматова өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жетиштүү аткарбагандыгына байланыштуу чыгарылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |