Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 484 токтомуна) |
Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча СТАНДАРТ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча ушул стандарт (мындан ары - Стандарт) тиешелүү деңгээлдеги стратегиялык документтерди даярдоодо (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишине тиешелүү тышкы саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди кошпогондо) бирдиктүү талаптарды аныктайт, алар милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарынын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына шайкештигин жана баш ийүүсү;
2) мамлекеттик стратегиялык документтерде алардын ар бири үчүн стратегиялык максаттарды так туюндуруу менен өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын чектелген санын белгилөө;
3) стратегиялык максаттарды өлчөө индикаторлорун жана алардын тиешелүү мезгилге карата болжолдуу маанилерин аныктоо;
4) тандалып алынган артыкчылыктарга ылайык мамлекеттик саясатты түзүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосунда стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
5) ар бир стратегиялык максат үчүн тиешелүү деңгээлдеги негизги стратегиялык чараларды көрсөтүү жана аларды ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжаларды сыпаттоо.
2. Стандартта төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик стратегиялык документ - ушул Стандартта белгиленген талаптарга ылайык расмий документ түрүндө иштелип чыккан мамлекеттик стратегиялык башкаруу инструменти;
2) мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы - жалпы мамлекеттик программаны жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу механизми катары таблица түрүндө берилген алардын милдеттүү бөлүгү;
3) индикаторлордун матрицасы - мамлекеттик стратегиялык документтердин милдеттүү бөлүгү, аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна/эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизми катары таблица түрүндө берилген;
4) мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруунун ресурстук камсыздалышын баалоо - жалпы мамлекеттик программанын жана мамлекеттик программалардын текст жана таблица түрүндө берилүүчү милдеттүү бөлүгү;
5) улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмеси - биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтин таблица түрүндө берилген милдеттүү бөлүгү;
6) иш-аракеттердин ар жылдык планы - жалпы мамлекеттик программада белгиленген орто мөөнөттүү максаттарга жана милдеттерге жетишүүгө багытталган ресурстар, жооптуу аткаруучулар жана ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча байланышкан, алдыдагы финансылык жылда мамлекеттик органдардын конкреттүү иш-аракеттерин камтыган документ;
7) көрсөткүч - кандайдыр бир тармактын/чөйрөнүн/региондун прогрессинин, абалынын же өнүгүүсүнүн адатта сан түрүндө туюнтулган мүнөздөмөсү;
8) индикатор - көрсөткүчтүн өзгөрүшүн көрсөтүүчү сандык маани;
9) көз караш - улуттук стратегияны ишке ашыруунун натыйжасында жетиши күтүлүп жаткан келечектин, узак мөөнөттүү күтүлгөн натыйжанын көрүнүшүнөн турган улуттук стратегиянын милдеттүү бөлүгү;
10) стратегиялык милдет - жалпы мамлекеттик программанын максатына жетүү үчүн зарыл болгон курамдык бөлүгү катары белгилүү бир шарттарды талап кылган жана узак мөөнөттүү (улуттук стратегия) же орто мөөнөттүү (жалпы мамлекеттик программа) мезгилде белгилүү бир техникалык каражаттарды колдонууну камтыган улуттук стратегия жана жалпы мамлекеттик программа үчүн түзүлөт. Жалпы мамлекеттик программанын стратегиялык милдети мамлекеттик программанын тиешелүү бөлүмүн түзүү үчүн негиз болуп саналат;
11) программанын максаты - учурдагы кырдаалга карата орто мөөнөттүү мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгууну аяктоо учуруна карата жетишүү пландаштырылган акыркы өлчөнгөн натыйжа;
12) бөлүмдүн максаты - бул бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруунун алкагында жетишүү пландаштырылган акыркы өлчөнгөн натыйжа, ошондой эле өлкөнү/тармакты/чөйрөнү/регионду өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландарын түзүү үчүн багыт;
13) өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары - тармактар аралык/региондор аралык маанидеги тематикалык багыт (мисалы, социалдык өнүктүрүү же региондорду өнүктүрүү). Мамлекеттик программаларда - мамлекеттик программанын алкагындагы бардык бөлүмдөрдүн жыйындысы;
14) милдет - бөлүмдүн максатына жетүүгө багытталган иш-чаралардын жыйындысы;
15) чара - милдетти ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин, каражаттардын жыйындысы. Иш-аракет максатты коюу, шарттарды талдоо жана максатка жетүүнүн бирдиктүүлүгү менен мүнөздөлгөн процесс катары чараны ишке ашырууга багытталган;
16) иш-аракет - чаранын алкагындагы конкреттүү иш, ишмердик;
17) тармактык мамлекеттик программа - айыл чарба, өнөр жай, энергетика, кен казуу, байланыш, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият, билим берүү, иш менен камсыз кылуу, тышкы соода, инвестициялар, курулуш, финансы-кредит системасы, фискалдык саясат, сот системасы, укук коргоо системасы, улуттук коопсуздук, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, транспорттук-логистикалык инфраструктура, ирригациялык инфраструктура, токой чарбасы, туризм, өзгөчө кырдаалдар, статистика, дин;
18) тармактар аралык/өтмө мамлекеттик программа - мамлекеттик башкаруу, экология, гендер, этностор аралык мамилелер, климат, санариптештирүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, региондорду өнүктүрүү, жашыл экономика, ишкердик, коррупцияга каршы саясат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
19) региондук мамлекеттик программа - облустарды өнүктүрүү;
20) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (мындан ары - СЭӨП) - районду, шаарды/айылдык аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарына кыйла натыйжалуу жетишүүнү жана милдеттерин чечүүнү камсыз кылуучу ресурстар менен байланышкан иштин багытын жана саясатын сыпаттаган башкаруу куралы.
3. Стандарт төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) мамлекеттик стратегиялык документтерди даярдоонун милдеттүү бирдиктүү талаптарын жана эрежелерин;
2) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын даярдоо форматын;
3) мамлекеттик стратегиялык документтердин көрсөткүчтөрүнүн матрицасын даярдоо форматын;
4) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун ресурстарын баалоонун форматын жана эрежелерин;
5) мамлекеттик стратегиялык документтердин улуттук инвестициялык долбоорлорунун тизмегин даярдоо форматын;
6) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун алкагында жылдык иш-аракеттер планын даярдоо форматын.
4. Стандарт стратегиялык документтерди унификациялоого, системалаштырууга жана байланыштырууга багытталган.
2. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу системасы
5. Биринчи деңгээл: улуттук стратегия, өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасы:
1) улуттук стратегия - мамлекеттин бардык секторлорун, региондук өнүгүүнү жана коомду түзгөн жалпы стратегиялык көз карашты, багыттарды, максаттарды, милдеттерди, өлкөнү узак мөөнөткө стратегиялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын түзгөн негизги мамлекеттик стратегиялык документ;
2) өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасы - орто мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу улуттук стратегиянын артыкчылыктары менен максаттарын эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик стратегиялык документ.
6. Экинчи деңгээл: мамлекеттик программа:
Мамлекеттик программа - өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасына жетишүүгө багытталган орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик макулдашылган жана координацияланган чаралардын комплексинен турган мамлекеттик стратегиялык документ.
7. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер, ошондой эле сот бийлигинин жана тышкы саясаттын мамлекеттик программалары Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилет.
8. Сот бийлигинин жана тышкы саясаттын мамлекеттик стратегиялык документтерин кошпогондо, экинчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
9. Мамлекеттик стратегиялык документтер орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана узак мөөнөттүү (10 же андан көп жылга) мезгилге иштелип чыгат.
10. Улуттук стратегия узак мөөнөттүү мезгилге мамлекеттин ишинин бардык чөйрөлөрүндө, региондорду өнүктүрүүдө жана коомдун турмушунда мамлекеттик саясаттын векторун белгилейт.
11. Улуттук стратегия ал күчүнө киргенге чейин кеминде бир жыл мурда иштелип чыгат.
12. Жалпы мамлекеттик программа беш жылдык мөөнөткө улуттук стратегияда белгиленген узак мөөнөттүү саясатты орто мөөнөттүү мезгилдерге бөлүү катары иштелип чыгат.
13. Жалпы мамлекеттик программа улуттук стратегия бекитилгенден кийин 6 айдын ичинде иштелип чыгат.
14. Жалпы мамлекеттик программанын иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн иш-чаралардын жылдык планы түзүлөт.
15. Келерки жылга иш-чаралардын жылдык планы ушул жылдын аягына чейин кеминде 5 ай калганда түзүлөт жана ушул жылдын ноябрынан кечиктирбестен бекитилет.
16. Мамлекеттик программалар жогорку (биринчи деңгээлдеги) мамлекеттик стратегиялык документтердин максаттарына, артыкчылыктарына жана милдеттерине шайкеш келүүгө тийиш. Мамлекеттик программалар орто мөөнөттүү мезгилге тармакты, тармактар аралык/өтмө чөйрөнү же регионду өнүктүрүү боюнча деталдуу, ачык жана такталган саясатты билдирет.
17. Мамлекеттик программалар жалпы мамлекеттик программа бекитилгенден кийин 6 айдын ичинде иштелип чыгат. Эгерде жалпы улуттук программанын максаттарына, артыкчылыктарына жана стратегиялык милдеттерине жооп берген актуалдуу учурдагы мамлекеттик программа бар болсо, учурдагы программаны ишке ашыруу мөөнөтүнүн аягына чейин кезектеги мамлекеттик программаны түзүүгө жол берилет. Ошол эле учурда жаңыдан иштелип чыккан мамлекеттик программанын мөөнөтү жалпы улуттук программанын мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
18. Тармактык жана тармактар аралык/өтмө мамлекеттик программалар бир мааниде, бирок жаңыдан иштелип чыккан мамлекеттик программалар мурда кабыл алынган мамлекеттик программаларга карама-каршы келбөөгө тийиш.
19. Региондук мамлекеттик программалар жогорку (биринчи деңгээлдеги) мамлекеттик стратегиялык документтердин, ошондой эле тармактык жана тармактар аралык/өтмө мамлекеттик программалардын максаттарына, артыкчылыктарына жана милдеттерине ылайык келүүгө тийиш.
20. Тармактык, тармактар аралык/өтмө же региондук катары саналып өтпөгөн башка стратегиялык документтер (СЭӨПти кошпогондо) жалпы мамлекеттик программаны же мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында орто мөөнөттүү мезгилге иш-чаралар планы түрүндө гана иштелип чыгышы мүмкүн.
21. СЭӨП жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде (шаар/айылдык аймак) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда, мамлекеттик программаларга катышууда, аймактык экономикалык адистешүүдө, өлкөлүк интеграцияда аймактардын керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет жана милдеттүү түрдө улуттук стратегиянын жана жалпы мамлекеттик программанын негизги максаттарына жана артыкчылыктарына ылайык келүүгө тийиш.
22. Райондордун СЭӨП жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан иштелип чыгат жана районго кирген шаарлардын/айыл аймактарынын керектөөлөрүн, райондун аймактарында ишке ашырылуучу мамлекеттик программаларды, региондук экономикалык адистешүүнү, өлкөлүк интеграцияны эске алуу менен коллегиянын жактыруусуна киргизилет жана милдеттүү түрдө улуттук стратегиянын жана жалпы мамлекеттик программанын максаттарына жана артыкчылыктарына ылайык келүүгө тийиш.
23. СЭӨП райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча бекитилген методикалык документтердин сунуштарына ылайык иштелип чыгат.
24. Мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөр мониторингдин натыйжалары боюнча жылына бир жолудан ашык эмес (форс-мажордук кырдаалдарды кошпогондо) киргизилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүүдө иштерди уюштуруу
25. Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин (Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнүн алкагындагы конвенциялар, макулдашуулар, чечимдер, сунуштар ж.б.);
2) өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан расмий жарыяланган жалпы стратегиялык көз караш;
3) Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүү жөнүндө отчеттор;
4) мамлекеттин жана коомдун турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү абал жөнүндө аналитикалык отчеттор;
5) Кыргыз Республикасын, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолдору;
6) өлкөгө жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдардын стратегиялык пландары;
7) өлкөнүн калкынын суроо-талаптары жана керектөөлөрү.
26. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер үчүн мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча ишти уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан камсыздалат.
27. Экинчи деңгээлдеги стратегиялык документтер үчүн мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча ишти уюштуруу мамлекеттик программаны түзүүгө жооптуу тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан камсыздалат.
28. Стратегиялык документтерди иштеп чыгууда уюштуруу иштери төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап: уюштуруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү, анын ичинде:
- стратегиялык документти иштеп чыгуу процессин башкаруунун координациялоо механизми жана схемасы. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессинин координациялык механизмин даярдоону Координациялык кеңеш ишке ашырат. Экинчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгууда координациялык механизм конкреттүү мамлекеттик программаны түзүүгө жооптуу тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат. Координациялык механизм мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана процесстин башка катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн камтыган иш процессин, анын ичинде мамлекеттик стратегиялык документти түзүүнүн аралык жана акыркы жыйынтыктарын талкуулоого байланышкан уюштуруу чараларын стандартташтырууга тийиш;
- жумушчу топту түзүү - жумушчу топтун курамына тармактык адистерден тышкары, зарыл болгон учурда юриспруденция, финансы жана экономика жаатындагы адистер, мамлекеттик органдардын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, экологдор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттер, башкаруу маселелери жана коррупциянын алдын алуу боюнча эксперттер, этностор аралык мамилелер жаатындагы эксперттер жана гендердик эксперттер кириши керек. Жумушчу топтун курамына башка адистер, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн;
- жумушчу топтун курамы сапаттуу мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгууну камсыз кылууга тийиш. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси боюнча жумушчу топ Координациялык кеңеш тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Экинчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгууда жумушчу топ конкреттүү мамлекеттик программаны түзүүгө жооптуу тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана бекитилет;
2) экинчи этап: стратегиялардын долбоорлорун макулдашуу процессин коштоп жүрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу жол-жобосу;
- мыйзамдарга ылайык экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү;
- процесстин жүрүшүндө кызыкдар тараптардын сын пикирлери жана сунуштары келип чыкканда зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуу. Сын пикирлер жана сунуштар ушул Стандарттын 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык берилүүгө тийиш;
- бекитүү үчүн зарыл болгон коштомо документтерди даярдоо;
3) үчүнчү этап: мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун коомдук талкуулоо:
- мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлору мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырлар жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук талкууга коюлат;
- мамлекеттик стратегиялык документтин долбоорун коомдук талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар документти иштеп чыгууга жооптуу мамлекеттик орган тарабынан каралууга тийиш (сын пикирлерди жана сунуштарды берүүнүн тартиби ушул Стандарттын 3-бөлүгүндө баяндалган).
4. Мамлекеттик стратегиялык документке карата жалпы талаптар
29. Мамлекеттик стратегиялык документке карата жалпы талаптар төмөнкүлөр:
1) мамлекеттик стратегиялык документтердин иерархиясын эске алуу менен максаттарды жана милдеттерди белгилөөдөгү ырааттуулук;
2) өлкөнүн жарандарынын бардык категорияларына багытталуусу;
3) саясий чаралардын негиздүүлүгү жана реалдуулугу;
4) коомдун консолидациясы;
5) мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруудан социалдык, экономикалык жана экологиялык пайдаларды жана кесепеттерди баалоо;
6) конкреттүү натыйжаларга багытталуусу;
7) климаттын өзгөрүшүнүн таасирин эске алуу;
8) гендердик сезимталдык.
5. Мамлекеттик стратегиялык документтин түзүмү
30. Улуттук стратегиянын түзүмү.
1. Киришүү.
2. Көз караш.
3. Кырдаалга жалпы талдоо.
4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары.
4.1.1-артыкчылыктуу багыт.
4.1.1. 1-бөлүм.
4.1.2. 2-бөлүм.
4.1.3. ... бөлүм.
4.2. 2-артыкчылыктуу багыт.
4.2.1. 1-бөлүм.
4.2.2. 2-бөлүм
4.2.3. ... бөлүм
5. Күтүлгөн натыйжалар.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер.
7. Мониторинг жана баалоо.
8. Тиркемелер:
8.1. Индикаторлордун матрицасы.
8.2. Улуттук инвестициялык долбоорлор.
31. Жалпы мамлекеттик программанын түзүмү.
1. Киришүү.
2. Кырдаалды жалпы талдоо.
3. Программанын максаты.
4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары:
4.1. 1-артыкчылыктуу багыт.
4.1.1. 1-бөлүм.
4.1.2. 2-бөлүм
4.1.3. ... бөлүм.
4.2. 2-артыкчылыктуу багыт.
4.2.1. 1-бөлүм.
4.2.2. 2-бөлүм.
4.2.3. ... бөлүм.
5. Күтүлгөн натыйжалар.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер.
7. Мониторинг жана баалоо.
8. Тиркемелер:
8.1. Чаралар планы.
8.2. Индикаторлордун матрицасы.
8.3. Ресурстук камсыздалгандыгын баалоо.
8.4. Улуттук инвестициялык долбоорлор.
32. Мамлекеттик программанын түзүмү.
1. Киришүү.
2. Кырдаалды жалпы талдоо.
3. Программанын максаты.
4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары (артыкчылыктардын бөлүмдөрүн топтоштуруу зарыл болсо, бир нече мисалы, секторлор аралык/өтмө программаларда болушу мүмкүн):
4.1.1. 1-бөлүм.
4.1.2. 2-бөлүм.
4.1.3. ... бөлүм.
5. Күтүлгөн натыйжалар.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер.
7. Мониторинг жана баалоо.
8. Тиркемелер:
8.1. Чаралар планы.
8.2. Индикаторлордун матрицасы.
8.3. Ресурстук камсыздалгандыгын баалоо.
8.4. Улуттук инвестициялык долбоорлор (зарыл учурда).
33. Зарыл болгон учурда мамлекеттик стратегиялык документ кошумча тиркемелерди камтышы мүмкүн.
6. Бөлүмдөрдүн мазмунуна талаптар
34. Киришүү (3 беттен ашык эмес). Мамлекеттик стратегиялык документтин кириш бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жана стратегиялык маанилүү перспективалар, өбөлгөлөр, чакырыктар жана көйгөйлөр;
2) көрсөтүлгөн перспективаларга, өбөлгөлөргө, чакырыктарга жана көйгөйлөргө негизделген мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгуунун актуалдуулугу;
3) жалпы мамлекеттик программанын негизги артыкчылыктуу багыттары боюнча өнүгүүнүн көрүнүшү. Мамлекеттик программаларда - мамлекеттик программа иштелип жаткан чөйрөнү өнүктүрүүнүн бирдиктүү көз карашы.
35. Көз караш (3 барактан ашык эмес) - улуттук стратегия аяктаган учурга карата өлкө өтүүнү пландаштырып жаткан каалаган абалдын сүрөттөлүшү (максаттар түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн).
36. Кырдаалды жалпы талдоо (4 беттен ашык эмес). Өлкөнү, тармакты, секторлор аралык/өтмө чөйрөнү, аймакты өнүктүрүүнүн жалпы тенденцияларынын сүрөттөлүшү. Жалпы талдоо негизги жетишкендиктерди (же перспективаларды), көйгөйлөрдү, учурдагы кырдаал менен орто мөөнөттүү мамлекеттик стратегиялык документ үчүн акыркы 5 жылдагы жана улуттук стратегия үчүн 10 жыл ичиндеги күтүлгөн натыйжанын ортосундагы ажырымды камтууга тийиш. Белгиленген бардык көйгөйлөр өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бөлүмдөрүндө чагылдырылышы керек.
Мисалы:
Мамлекеттик стратегиялык документ | Мазмуну | Талаптар |
Улуттук стратегия | Ири, жалпы мамлекеттик: жетишкендиктер (же перспективалар); көйгөйлөр; учурдагы кырдаал менен каалаган натыйжанын ортосундагы ажырым | Акыркы 10 жыл ичиндеги талдоо; чоңойтулган, ашыкча деталдары жок |
Жалпы мамлекеттик программа | Улуттук стратегияны жалпы талдоонун негизинде (орто мөөнөттүү мезгилге кандай колдонулат/актуалдуу) | Акыркы 5 жыл ичиндеги талдоо; орто мөөнөттүү мезгилдин өзгөчөлүктөрүнүн алкагында деталдаштыруу |
Тармактык мамлекеттик программа | Улуттук стратегиянын жана Жалпы мамлекеттик программанын тиешелүү тармактарындагы учурдагы кырдаалды талдоонун негизинде | Акыркы 5 жыл ичиндеги талдоо; конкреттүү тармактагы учурдагы кырдаалды талдоону деталдаштыруу |
Тармактар аралык/өтмө мамлекеттик программа | Улуттук стратегиянын жана Жалпы мамлекеттик программанын тармактар аралык/өтмө чөйрөгө тиешелүү бөлүмдөрүндөгү учурдагы кырдаалды талдоонун негизинде | Акыркы 5 жыл ичиндеги талдоо; тармактар аралык/өтмө чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен деталдаштыруу |
Региондук мамлекеттик программа | Улуттук стратегиянын жана Жалпы мамлекеттик программанын бөлүмдөрүндөгү учурдагы кырдаалды талдоонун негизинде | Акыркы 5 жыл ичиндеги талдоо; региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен деталдаштыруу |
37. Максатты чечмелөөгө стандарттык талаптар:
1) конкреттүүлүк - максат так, конкреттүү болушу керек. Эгерде максатта "көбүрөөк", "азыраак" ж.б. деген сөздөр камтылса, анда канчага (пайыз, рейтингдеги позициялар ж.б.) жогорулатуу/төмөндөтүү пландалгандыгы көрсөтүлүшү керек. Максатка жетүү мөөнөттөрү так коюлушу керек;
2) ченелүүчүлүк - максатка жетүү натыйжасы сандык көрсөткүчтөр аркылуу ченелүүгө тийиш, алардын мааниси үзгүлтүксүз түрдө жеткиликтүү жана объективдүү маалыматтар булагы менен аныкталат;
3) реалдуулук - максатка жетүү боюнча өз потенциалы реалдуу бааланышы керек. Максат болгон мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен амбициялуу болушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда ага жетүү үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр болушу керек;
4) жетишүү - максатка жетүү үчүн жетиштүү адамдык, институционалдык жана финансылык ресурстарга же аларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу зарыл;
5) ырааттуулук - коюлган максатка жетүү үчүн иш-аракеттерде логикалуулук, карама-каршылыктардын жоктугу камсыз кылынышы керек.
38. Максатты аныктоо төмөнкү бөлүктөрдү камтышы керек: этиш + багыт + мейкиндик жана институционалдык чектөөлөр + өнүгүүнүн сандык көрсөткүчтөрү:
1) этиш - максаттуу аракетти ачып берет, ошондуктан ал "камсыз кылуу", "жетишүү" ж.б. ырастоочу формага ээ болушу керек;
2) багыт - максаттуу активдүүлүк багыт ала турган багытты көрсөтөт: макроэкономика, калктын кирешелери, билим берүү ж.б.;
3) мейкиндик чектөөлөр - пландаштыруунун географиялык масштабынын чегин аныктайт: район, облус, республика ж.б.;
4) институционалдык чектөөлөр - мамлекеттик башкаруу системасынын чөйрөсүн аныктайт: агенттик, министрлик, Президенттин Администрациясы, парламент, мамлекет ж.б.
5) өнүгүүнүн сандык көрсөткүчтөрү - алар максатка карай жылуунун жүрүшүн жана максаттуу мезгил менен мүнөздөлгөн (максатка канча убакытта жетишүү керек) жана максаттуу маани (максаттын акырына карата өнүгүү индикатору жетиши керек болгон маани) менен мүнөздөлөт.
39. Тармактык мамлекеттик программанын максаты катары жалпы мамлекеттик программанын тиешелүү бөлүмүнүн максаты кабыл алынат. Тармактар аралык/өтмө жана региондук мамлекеттик программанын стратегиялык максаты каралып жаткан тармактар аралык/өтмө чөйрөнүн же региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен жалпы мамлекеттик программанын тиешелүү бөлүмүнүн максаттарынын негизинде түзүлөт. Эгерде мамлекеттик программа жалпы мамлекеттик программанын бир нече бөлүмдөрүн камтыса, программанын максаты ушул бөлүмдөрдүн максаттарынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
40. Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары бир же андан көп бөлүмдөрдөн турат жана стратегиялык максатка жетүүгө багытталат. Артыкчылыктуу багыттардын саны бөлүмдөрдүн топтоштурулушуна жараша болот. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерде өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бөлүмдөрү мамлекеттин ишинин бардык тармактарын, региондук өнүгүүнү жана коомдун турмушун камтууга тийиш. Мамлекеттик программаларда артыкчылыктуу багыттардын бөлүмдөрү улуттук стратегияда жана/же жалпы мамлекеттик программада коюлган стратегиялык милдеттердин негизинде түзүлүүгө жана конкреттүү тармакты өнүктүрүүгө, тармактар аралык/өтмө маселеге же регионго тиешелүү бардык чөйрөлөрдү камтууга тийиш (чаралардын планы түрүндө гана иштелип чыгышы мүмкүн болгон башка стратегиялык документтерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл).
Региондук мамлекеттик программаларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жогору турган мамлекеттик стратегиялык документтердин негизги аспекттерин чагылдырууга тийиш. Зарыл болгон учурда мамлекеттик стратегиялык документтердин милдеттерин региондук мамлекеттик программаларга киргизүү боюнча аналитикалык маалымат тийиштүү жооптуу мамлекеттик органдан таблица форматында мамлекеттик программанын милдеттерин жана аны региондук деңгээлге проекциялоонун методун көрсөтүү менен суралышы мүмкүн.
41. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында мамлекеттик стратегиялык документтердин бөлүмдөрүнүн түзүмү:
Мамлекеттик стратегиялык документ | Бөлүмдөрдүн түзүмү |
Улуттук стратегия | 1. Кырдаалды талдоо (10 жыл ичиндеги) |
2. Бөлүмдүн максаты (узак мөөнөттүү) | |
3. Стратегиялык милдеттер (узак мөөнөттүү) | |
4. Күтүлүүчү натыйжа | |
Жалпы мамлекеттик программа | 1. Кырдаалды талдоо (5 жыл ичиндеги) |
2. Бөлүмдүн максаты (орто мөөнөттүү) | |
3. Стратегиялык милдеттер (орто мөөнөттүү) | |
4. Стратегиялык милдеттерди каржылоо | |
5. Күтүлүүчү натыйжа | |
Мамлекеттик программа | 1. Кырдаалды талдоо (5 жыл ичиндеги) |
2. Бөлүмдүн максаты (орто мөөнөттүү) | |
3. Милдеттер (орто мөөнөттүү) | |
4. Күтүлүүчү натыйжа |
1) бөлүмдүн абалын талдоо (2-5 бет) каралып жаткан чөйрөгө тиешелүү жана учурдагы кырдаалды жалпы талдоодо көрсөтүлгөн негизги проблемаларды деталдаштырууну камтууга тийиш. Кырдаалды талдоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- бөлүмдө каралган чөйрөдө 10 жылдык мезгилде (улуттук стратегия үчүн) же 5 жылдык мезгилде (жалпы мамлекеттик программа жана мамлекеттик программалар үчүн) жетишилген натыйжалар (терс жана оң натыйжалар кандай болгонун чагылдыруу);
- бөлүмдө каралган чөйрөдө орун алган негизги проблемалар;
- бөлүмдө каралган чөйрөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон жана өбөлгө түзүүчү факторлор;
- реалдуу өндүрүштүн (колдонуу мүмкүн болгон бөлүмдөрдө), айлана-чөйрөнүн абалынын жана социалдык өнүгүүнүн, анын ичинде жакырчылыкты кыскартуунун өз ара таасиринин факторлору;
- каралып жаткан чөйрөдө пайдаланылуучу жаратылыш ресурстарынын абалынын көрсөткүчтөрү;
- экономикалык, экологиялык жана социалдык өнүгүү тенденцияларына гендердик талдоо, ал эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну талдоону болжолдойт:
- экономикада: эмгекке бирдей укуктар; экономикалык иш-аракеттерге катышуунун бирдей мүмкүнчүлүктөрү; эмгектин бирдей баалуулугу; кирешеге бирдей жетүү мүмкүнчүлүгү;
- экологияда: жаратылыш ресурстарына бирдей жетүү; коопсуз айлана-чөйрөгө бирдей укуктар;
- климаттын өзгөрүшү: климаттын өзгөрүүсүнүн тармактын/чейрөнүн/сектордун/региондун жана ар кандай социалдык топторду өнүктүрүүгө тийгизген таасирин талдоо, климатка багытталган милдеттердин/чаралардын болушу (адаптациялоо жана митигациялоо боюнча);
- социалдык өнүктүрүүдө: социалдык жыргалчылыктарга бирдей жетүү; социалдык коргоого бирдей мүмкүнчүлүк.
Учурдагы кырдаалдын толук кандуу картинасын алуу үчүн социалдык өнүктүрүү блогунда гана эмес, башка бардык бөлүмдөрдө да жынысы боюнча маалыматтарды чогултуу зарыл. Алынган маалыматтарга баа берип, гендердик айырмачылыктар кайда жана кантип пайда болгону жана бул айырмачылыктар көйгөйлөрдүн келип чыгышына кандай таасир этери тууралуу тыянак чыгаруу керек.
Климаттын өзгөрүшүнүн тармактарга/чөйрөлөргө/секторлорго/региондорго жана ар кандай социалдык топторго тийгизген таасирин талдоо үчүн климаттын өзгөрүү маселелери боюнча улуттук документтерди, ТӨМдүн индикаторлорун жана статистикалык маалыматтарды эске алуу зарыл. Алынган маалыматтарды тиешелүү тармакты/чөйрөнү/секторду/регионду адаптациялоо жана митигациялоо боюнча чараларды жана индикаторлорду түзүү үчүн колдонуу зарыл. Талдоо жана чаралар өтмө мүнөздө болууга жана стратегиялык документтин тиешелүү бөлүмдөрүндө жазылууга тийиш;
2) бөлүмдүн максаты программанын максатына жетүүгө багытталышы керек. Бөлүмдүн максатын чечмелөө талаптары программанын максатын чечмелөө талаптарына окшош (жогору караңыз);
3) стратегиялык милдеттер (2-6 бет). Мамлекеттик программаларды түзүүдө жалпы мамлекеттик программанын тийиштүү стратегиялык милдеттери өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бөлүмдөрү катары кабыл алынат (мисалды караңыз, 1-кыстырма). Мамлекеттик программалардагы милдеттер жалпы мамлекеттик программанын конкреттүү стратегиялык милдеттеринин алкагында стратегиялык милдеттерди масштабы боюнча кичинесине бөлүүнү туюндурууга тийиш.
Улуттук стратегиянын жана жалпы мамлекеттик программанын стратегиялык милдеттерине, ошондой эле мамлекеттик программалардын милдеттерине жалпы талаптар:
- милдеттер ага жетишүүнү камсыз кылуу менен бөлүмдүн коюлган максаттарынын алкагында милдеттүү түрдө баяндалат;
- милдеттердин саны ондон ашпашы керек;
- бөлүмдүн бардык стратегиялык милдеттеринин жыйындысы максатка жетүүгө алып келиши керек. Эгерде андай болбосо, анда милдеттерди кайра карап чыгуу жана аларды толуктоо же бөлүмдүн максатын кайра баяндоо зарыл;
- милдеттерди коюу учурдагы кырдаалды талдоодо сүрөттөлгөн аныкталган көйгөйлөрдөн, ажырымдардан (учурдагы кырдаал менен каалаган натыйжанын ортосунда) же келечектен келип чыгышы керек;
- милдеттер реалдуу болууга, башкача айтканда зарыл болгон адам, финансы жана башка ресурстар менен камсыз болууга, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу мөөнөтүнүн алкагында чечилүүгө тийиш. Эгерде милдет мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу мөөнөтүнүн ичинде жетишилбесе, анда аны этаптарга бөлүү зарыл;
- милдеттер максатка ылайыктуу болушу керек, башкача айтканда, аныкталган тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү эске алуу менен максатка жетүү үчүн көйгөйлөрдү чечип, каалаган натыйжаларды бериши керек;
- милдеттер бири-бирине карама-каршы, макулдашылбаган жана кайталанма (мазмуну боюнча да, ошондой эле ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча да башка бөлүмдөрдүн милдеттери менен макулдашылбаган жана/же кайталанма) болбошу керек;
- милдеттер бири-бирин толуктап, бири-бирине байланыштуу болушу мүмкүн.
Бөлүмдүн бул бөлүгү милдеттердин жөн эле тизмеси болбошу керек. Ар бир милдет үчүн мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу мөөнөтүнүн ичинде ишке ашыруу пландаштырылып жаткан саясаттагы/жөнгө салуудагы негизги өзгөрүүлөрдүн кыскача баяндамасы берилүүгө тийиш. Жалпы мамлекеттик программанын же мамлекеттик программалардын чаралар планына киргизилген чаралар бул бөлүктө саналып өтпөйт. Зарыл болсо, милдеттин сыпаттамасында эң маанилүү жана орчундуу чаралар бөлүп көрсөтүлүшү/белгилениши мүмкүн;
4) Жалпы мамлекеттик программанын стратегиялык милдеттерин каржылоо (1-3 бет) ар бир бөлүмдүн алкагында бөлүмдүн кайсы стратегиялык милдеттери жана мамлекеттик бюджеттен кандай көлөмдө толук же жарым-жартылай каржыланышы мүмкүн экендигин, ал эми кайсы милдеттер башка булактарды издөөнү талап кыла тургандыгын сыпаттоо түрүндө түзүлүүгө тийиш. Жалпы мамлекеттик программанын бөлүмдөрүнүн бул бөлүгү бюджеттик чыгымдарды пландоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалууга тийиш. Кийин бул сыпаттама тиешелүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү артыкчылыктуу чыгымдарын түзүү үчүн негиз болууга тийиш;
5) бөлүмдүн күтүлгөн натыйжалары (1 бет) бөлүмдүн коюлган максатына жараша түзүлөт, болжолдордун жана эксперттик баалоолордун негизинде бөлүмдүн милдеттерин толук ишке ашырууда күтүлгөн негизги натыйжалардын сыпаттамасын камтыйт. Күтүлгөн натыйжалар сандык жана сапаттык баалоолорду камтууга тийиш.
Мисалы:
Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтин бөлүмүнүн түзүмүнүн жана аны мамлекеттик программага (экинчи деңгээлдеги) трансформациялоонун мисалы: Жалпы мамлекеттик программанын бөлүмүнүн түзүмү Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты: Социалдык өнүктүрүү Бөлүм: Билим берүүнүн жана илимдин сапаттуу системасы Кырдаалды талдоо: (негизги жетишкендиктер, проблемалар ж.б.) Бөлүмдүн максаты: Эркин адаптацияланган жана кыймылдуу социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү чыгармачыл жана дени сак адамдык потенциалды калыптандырууну камсыз кылуу жана БУУнун билим берүү индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 60тан кем эмес орунга жетүү Стратегиялык милдеттер: 1) мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; 2) мектепте сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу; 3) кесиптик билим берүүнү рыноктун суроо-талабына адаптациялоо; 4) колдонмо илимди өнүктүрүү Күтүлгөн натыйжалар: Жарандардын бардык категориялары жашаган географиясына, гендердик таандыктыгына, динине, ден соолугунун абалына, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан бирдей билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыргыз Республикасы БУУнун билим берүү индекси боюнча рейтингиндеги алдыңкы 60 өлкөнүн катарына кирет. Инновацияларды пландалган ишке киргизүү билим берүү системасында адам ресурстарын өнүктүрүүгө жана өзүнүн өнүгүүсү, мобилдүүлүгү, эмгек рыногундагы талап үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү адамды калыптандырууга өбөлгө түзөт. Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 42%га чейин көбөйтүү жана өлкө боюнча ЖРТнын орточо баллынын 150 баллга жетүүсү күтүлүүдө. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документке негизделген экинчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтин түзүмү Аталышы: Билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 1. Киришүү 2. Кырдаалды жалпы талдоо (жалпы мамлекеттик программанын "Билим берүүнүн жана илимдин сапаттуу системасы" бөлүмүнүн учурдагы абалын талдоонун негизинде негизги жетишкендиктерди, проблемаларды ж.б. деталдаштыруу) 3. Программанын максаты: эркин адаптацияланган жана кыймылдуу социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү чыгармачыл жана дени сак адамдык потенциалды калыптандырууну камсыз кылуу жана БУУнун билим берүү индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 60тан кем эмес орунга жетүү 4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары 1-бөлүм. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу 1. Кырдаалды талдоо (мектепке чейинки билим берүүнүн учурдагы кырдаалын деталдуу, кеңейтилген жана конкреттештирилген талдоо) 2. Милдеттери 1-милдет. Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. 2-милдет. Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу. 3-милдет. Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо. 3. Күтүлгөн натыйжалар (бардык милдеттерди ишке ашыруунун натыйжасында мектепке чейинки билим берүүдө кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө) 2-бөлүм. Мектепте сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу 1. Кырдаалды талдоо (мектепке чейинки билим берүүнүн учурдагы кырдаалын деталдуу, кеңейтилген жана конкреттештирилген талдоо) 2. Милдеттери 1-милдет. Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. 2-милдет. Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу. 3-милдет. Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо. 3. Күтүлгөн натыйжалар (бардык милдеттерди ишке ашыруунун натыйжасында мектепке чейинки билим берүүдө кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө) 3-бөлүм. Кесиптик билим берүүнү рыноктун суроо-талабына адаптациялоо 4-бөлүм. Колдонмо илимди өнүктүрүү 4. Күтүлгөн натыйжалар (мамлекеттик программаны толук көлөмдө ишке ашырууда күтүлгөн негизги натыйжалар) 5. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдик (стратегиялык максатка жетүүгө оң же терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлор) 6. Мониторинг жана баалоо (индикаторлорго жана иш-чаралар планына милдеттүү түрдө байланыштыруу менен мониторинг жүргүзүү механизми) 7. Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо (эсептөөлөр менен таблицага негизделген мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашырууну каржылоо муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн - 5-тиркемеге ылайык артыкчылыктар боюнча кыскача тексттик баяндоо) 8. Тиркемелер: 1. Чаралар планы 2. Индикаторлор матрицасы 3. Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо |
42. Стратегиянын/программанын күтүлгөн натыйжалары (1-4-бет) мамлекеттик стратегиялык документтин максаты (көз карашы) менен так өз ара байланышта болууга жана коомдун турмушундагы, экономиканын, экологиянын, коопсуздуктун ж.б. абалындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырууга тийиш.
Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерде күтүлгөн натыйжалар болжолдорго жана эксперттик баалоолорго негизделүүгө жана ишке ашыруу мөөнөтүн аяктоого жетүү пландалган улуттук стратегияда же жалпы мамлекеттик программада берилген бардык чөйрөлөрдө башкы натыйжаларды чагылдырууга тийиш.
Мамлекеттик программаларда (экинчи деңгээлдеги) күтүлгөн натыйжалар болжолдорго жана эксперттик баалоолорго негизделүүгө жана жалпы мамлекеттик программанын тиешелүү бөлүмүндө күтүлгөн натыйжалар катары белгиленген тармакты, тармактар аралык/өтмө чөйрөнү же регионду өнүктүрүүнүн пландалган башкы натыйжаларын чагылдырууга тийиш.
Күтүлгөн натыйжалар сапаттык жана сандык баалоолорду камтууга тийиш.
43. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер (1-3 бет). Бул бөлүктө мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу процессинин мыкты натыйжаларына же татаалдашына алып келиши мүмкүн болгон факторлорду (жагымдуу шарттар, тобокелдиктер жана коркунучтар) белгилөө зарыл. Бул социалдык-саясий, экономикалык, экологиялык, климаттык, маалыматтык жана башка факторлор болушу мүмкүн. Бардык позитивдүү жана/же терс факторлор дүйнөлүк тенденциялардын жана ички шарттардын таасирин эске алуу менен берилүүгө тийиш.
44. Мониторинг жана баалоо (1 бет). Мамлекеттик стратегиялык документтин бул бөлүгүндө негизги жооптуу ведомствону көрсөтүү, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнө (индикаторлордун матрицасы) жана иш-чаралар планына милдеттүү түрдө байланыштыруу менен мониторинг жүргүзүү механизминин сыпаттамасы берилүүгө тийиш. Ошондой эле мониторингдин натыйжалары боюнча мамлекеттик стратегиялык документке өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон шарттар баяндалууга тийиш.
45. Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо (1-3 бет) жүргүзүлгөн эсептөөлөргө негизделген жана 5-тиркемеге ылайык "Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо" таблицасы менен бекемделген өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашырууну каржылоо муктаждыктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскача сыпаттамасын камтууга тийиш.
46. Чаралар планы милдеттердин практикада кандай чечүү механизмдерин аныктайт. Чараларды түзүүгө негизги талаптар төмөнкүлөргө алып келет:
1) ар бир милдеттин алкагында кеминде үч же андан ашык чара болууга тийиш;
2) "Коюлган милдет кандай чечилет?" деген суроого жооп берет;
3) бир милдеттин алкагындагы бардык чаралардын жыйындысы бул милдетти чечүүгө алып келүүгө тийиш;
4) чаралар мамлекеттик стратегиялык документтин жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ишке ашырылууга тийиш;
5) чараны түзүүдө "Эмне кылуу керек?" деген суроого жооп берген этиштин бүткөн түрү (мисалы, түзүү, ишке тартуу, камсыз кылуу ж.б.) болууга тийиш.
47. Иштелип чыккан чаралар бирдиктүү унификацияланган форматка - 1-тиркемеге ылайык планды бюджеттөө жол-жоболорун жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган, мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына бириктирилет.
48. Мамлекеттик программалардын (экинчи деңгээлдеги) чаралар планы иш-аракеттердин ар жылдык пландарын түзүүнү талап кылбайт.
49. Индикаторлордун матрицасы мамлекеттик стратегиялык документтин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын сандык өлчөгүч болуп саналат.
50. Индикаторлордун матрицасынын көрсөткүчтөрү төмөнкүлөр үчүн сандык гана болушу мүмкүн:
1) улуттук стратегия үчүн көрсөткүчтөр стратегиялык максаттын (стратегиялык максатты түзүүгө коюлган талаптарга ылайык өлчөнүүчү натыйжанын негизинде) жана бөлүмдүн деңгээлинде даярдалат. Ар бир бөлүм үчүн 2-тиркемеге ылайык бөлүмдүн максатына жетүүнүн жана мамлекеттин ишинин тиешелүү тармагын/чөйрөсүн жана коомдун жашоосун өнүктүрүүнүн жалпы прогрессин мүнөздөөчү макродеңгээлдин 3-7ден ашпаган көрсөткүчтөрү аныкталат;
2) улуттук стратегиянын индикаторлорунун матрицасынын ар бир көрсөткүчү боюнча 3-тиркемеге ылайык ар бир беш жылдык мезгилге аралыктык маанилерди аныктоо менен ишке ашыруу мөөнөтүн аяктоо мезгилине максаттуу индикатор аныкталат;
3) жалпы мамлекеттик программа үчүн улуттук стратегиянын көрсөткүчтөрү колдонулат, ал эми максаттуу индикаторлор катары тиешелүү беш жылдык мезгил үчүн аралыктык маанилер кабыл алынат;
4) жалпы мамлекеттик программанын индикаторлорунун матрицасынын ар бир көрсөткүчү боюнча ар жылдык аралыктык маанилер аныкталат;
5) зарыл болгон учурда жалпы мамлекеттик программанын индикаторлорунун матрицасы улуттук стратегияга кирбеген, бирок бул орто мөөнөттүү мезгил үчүн актуалдуу болгон көрсөткүчтөр (мисалы, COVID 19га байланышкан көрсөткүчтөр сыяктуу) менен толукталышы мүмкүн;
6) мамлекеттик программалар үчүн көрсөткүчтөр стратегиялык максаттын (стратегиялык максатты түзүүдө коюлган талаптарга ылайык өлчөнүүчү натыйжанын негизинде) жана бөлүмдөрдүн (ар бир бөлүмдө 10дон ашык эмес) деңгээлинде түзүлөт;
7) мамлекеттик программалардын индикаторлорунун матрицасынын көрсөткүчтөрү бөлүмдөрдүн деңгээлинде өнүгүүдөгү прогрессти чагылдырууга жана жалпы мамлекеттик программада көрсөтүлгөн макродеңгээлдин көрсөткүчтөрүнө таасир этүүчү көрсөткүчтөрдү камтууга тийиш (мисалы, макродеңгээлдин көрсөткүчү - энелердин өлүмү. Бул учурда мамлекеттик саламаттык сактоо программасынын индикаторлорунун матрицасы төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: жашаган жери боюнча бөлүү менен темир жетишсиздиги анемиясы бар төрөт курагындагы аялдардын үлүшү);
8) мамлекеттик программалардын индикаторлорунун матрицасынын ар бир көрсөткүчү боюнча ар жылдык аралыктык маанилер 4-тиркемеге ылайык аныкталат;
9) мамлекеттик стратегиялык документтин индикаторлорунун матрицасы милдеттүү түрдө Өнүктүрүүнүн туруктуу максаттарынын (ӨТМ) 5-10 глобалдык жана/же улуттук көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан расмий жарыяланат.
51. Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо - мамлекеттик стратегиялык документтердин иш-чаралар пландарын ишке ашырууга финансылык ресурстарды баалоо бирдиктүү методология (ушул документтин Мамлекеттик стратегиялык документтердин чаралар пландарынын ресурстук камсыздалгандыгына баалоо жүргүзүүнүн методологиялык ыкмалары деген 7-белүмүн караңыз) жана 5-тиркемеге ылайык бирдиктүү бирдейлештирилген формат боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Мамлекеттик стратегиялык документтердин чаралар пландарынын ресурстук камсыздалгандыгына баалоо жүргүзүүнүн методологиялык ыкмалары
52. Даярдоо этабы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) чаралар планынын түзүмү боюнча 6-тиркемеге ылайык бюджеттин жумушчу форматтарын түзүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасынын акыркы өзгөртүүлөрүн кошкондо, Кыргыз Республикасында колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарды талдоо жана баалоо;
3) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамы жөнүндө отчеттук маалыматтардын инвентаризациясы;
4) чаралар планын ишке ашырууга тартылган ресурстун бирдигинин мамлекеттик жана рыноктук наркынын көрсөткүчтөрү боюнча 6-тиркемеге ылайык прайс-баракчаны түзүү.
Тигил же бул чаранын наркын эсептөө максатында иш-чараны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ар бир ресурстун (адамдык же материалдык) наркын аныктоо зарыл. Рыноктук экономиканын шартында, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы рыноктун абалына жараша өзгөргөндүктөн, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кийинки эсептөөлөрдө колдонула турган бирдиктүү наркын белгилөө маанилүү. Бул жалпысынан стратегиялык документтин бюджетин баалоодо келишпестиктерди болтурбоого мүмкүндүк берет.
Прайс-баракча мамлекеттик стратегиялык документтин бардык бөлүмдөрү үчүн бирдей болууга тийиш.
Алгач прайс-баракчага бюджеттөө үчүн колдонула турган кепилденген же ыктымалдуулугу жогору ресурстардын (мисалы, эмгек акы, кошумча чыгымдар ж.б.) наркы киргизилет. Аягында иш-чаралардын наркын эсептөө процессинде баштапкы прайс-баракчага кирбеген кошумча товарлар же кызмат көрсөтүүлөр аныкталышы мүмкүн. Бул учурда прайс-баракча толукталышы мүмкүн.
53. Прайс-баракчанын нарктык көрсөткүчтөрүн үч негизги топко бөлүүгө болот: (1) эмгек акы (адам ресурстары), (2) мамлекеттик органдын башка чыгымдары жана (3) рыноктук товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.
1. Эмгек акы. Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын жана алардын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери. Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгек акысы туруктуу болуп саналат, бирок ар түрдүү кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмү бирдей эместигин жана көптөгөн факторлорго (мисалы, стажы, кызмат орду, үстөктөр ж.б.) көз каранды экендигин эске алуу менен, айына 1 кызматкерге орточо эмгек акынын өлчөмүн эсептөө зарыл.
Эмгек акынын орточо айлык өлчөмү мамлекеттик органдын эмгек акы төлөөнүн жылдык фондун (Социалдык фондго төгүмдөрдү, салыктарды, өргүүлөрдү жана дарылоо төлөмдөрүн кошкондо) кызматкерлердин санына, андан кийин 12 айга (1-формула) бөлүү аркылуу аныкталат.
(1)
мында
ОЭА - 1 кызматкердин орточо айлык эмгек акысы, миң сом;
ЭАФ - министрликтин конкреттүү бөлүмүнүн эмгек акысынын жылдык фонду, миң сом;
С - бөлүмдөгү кызматкерлердин саны, адам.
Кенже жана техникалык тейлөө персоналы (КТП жана ТТП) жана алардын ЭАФ ОЭА эсептелген кызматкерлердин санына кирбейт.
Мамлекеттик органдын борбордук аппараты жана анын ведомстволук уюмдары үчүн орточо айлык эмгек акы өзүнчө эсептелет (1-формула).
Жалпысынан орточо айлык эмгек акы боюнча маалыматтар үч жылдык бюджетке ылайык ар бир жыл үчүн өзүнчө болжолдуу көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелүүгө тийиш.
Каз карандысыз эксперттер жана консультанттар.
Улуттук консультанттардын эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен жөнгө салынат, анда 14 позиция боюнча кызматтык маяналар белгиленген. Бул токтомго ылайык кызматтык маяналардын өлчөмдөрү эгерде чаралар планынын тиешелүү милдеттерин ишке ашыруунун үстүндө иш жүзүндө иштеген долбоор жок болгон учурда кабыл алынат. Эгерде долбоор же консультанттар иштеп жатса жана кийинки жылдарда иш улантылса, анда конкреттүү долбоордун алкагында пландалган ар бир жылдын жалпы суммасын эмгек акыга жана башка чыгымдарга бөлбөстөн, белгилүү бир милдеттерди же чараны ишке ашырууга кошууга жол берилет.
Эл аралык консультанттардын эмгек акысы ички мыйзамдар менен жөнгө салынбайт, ошондуктан алардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын аныктоо үчүн Кыргызстанда иштеген негизги донордук уюмдардан эл аралык консультанттын иш күнүнө орточо ставканы тактоо зарыл. Прайс-баракчага киргизүү үчүн ар түрдүү донордук уюмдардын эл аралык консультанттарынын ставкаларынын орточо мааниси алынат.
2. Мамлекеттик органдардын башка чыгымдары. Чаралар планында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн адамдык гана эмес, материалдык ресурстар да (электр энергиясы, кагаз ж.б.) жумшала тургандыгын эске алып, стратегиялык документтин бюджетинде учурдагы башка чыгымдарды, министрликтин капиталдык салымдарын, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын алкагындагы чыгымдарды да эске алуу зарыл.
Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук уюмдарынын башка учурдагы чыгымдары.
Борбордук аппараттын башка учурдагы чыгымдарына эмгек акыдан жана Социалдык фондго чегерүүлөрдү кошпогондо, бардык учурдагы чыгымдарды киргизүү сунушталат.
Башка учурдагы чыгымдар 1 кызматкерге эсептелиши керек (КТП жана ТТП эсепке албаганда). Эмгек акыга тиешелүү болгондой эле айына 1 кызматкерге башка учурдагы чыгымдар жылдык чыгымдардын жалпы суммасын кызматкерлердин санына, андан кийин 12 айга бөлүү жолу менен аныкталат (2-формула).
(2)
мында:
БУЧ - 1 кызматкерге башка учурдагы чыгымдар, миң сом;
УЧ - башка учурдагы чыгымдардын жылдык көлөмү, миң сом;
С - КТП жана ТТПны эсепке албаганда кызматкерлердин саны, адам.
Учурдагы чыгымдар боюнча маалыматтар үч жылдык бюджетке ылайык ар бир жыл үчүн өзүнчө болжолдуу көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелүүгө тийиш.
Ар бир ведомстволук уюм үчүн 1 кызматкерге орточо башка учурдагы чыгымдар өзүнчө эсептелет.
Мамлекеттик инвестициялардын алкагындагы капиталдык салымдар жана чыгымдар.
Капиталдык салымдарга жана мамлекеттик инвестицияларга чыгымдар (эгер бар болсо) үч жылдык бюджеттин маалыматтарынын негизинде өзүнчө саптар менен прайс-баракта бөлүнүп берилет.
3. Рыноктук товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы. Рыноктук товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн унификацияланган наркы конкреттүү товарга же кызмат көрсөтүүгө (кеминде үч башка уюмда) учурдагы рыноктук бааларды тактоонун негизинде аныкталат. Андан кийин чогултулган маалыматка жараша ушул товардын же кызмат көрсөтүүнүн орточо наркын эсептөө керек.
Товардын же кызмат көрсөтүүнүн эсептелген орточо наркы инфляциянын болжолдонгон деңгээлине индекстелиши мүмкүн.
54. Иш-чаралар планын ишке ашыруунун наркын эсептөө этабы - ушул этапта бюджеттөө боюнча түздөн-түз эсептөөлөр жүргүзүлөт, алар төмөнкүлөргө ылайык жүргүзүлүүгө тийиш:
1) таблица форматтарына (Excel форматында);
2) прайс-баракта көрсөтүлгөн ресурстук бирдиктин нарктык маалыматтарына;
3) пландын ар бир чарасын аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөргө жана жооптуу аткаруучуларга.
Чараны аткаруу үчүн финансылык ресурстарга болгон муктаждыкты эсептөө максатында төмөнкүлөр зарыл:
1) ушул чараны ишке ашырууга канча кызматкер тартыла тургандыгын жана алар канча "таза" убакыт корото тургандыгын баалоо (мисалы, регламент боюнча макулдашууга жөнөтүлгөн документти кароого 7 күн берилет, бирок иш жүзүндө кызматкер түздөн-түз бул документ менен жалпы 2 күн алектенет - бир нече сааттан 7 күнгө "узартып". Бул 7 күндүн ичинде калган убакытта кызматкер башка иштерди аткарат. Эсептөө үчүн 7 эмес, 2 күндү колдонуу керек). Кызматкерлердин бул саны жана "таза" убакыт үчүн эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгымдар жана башка учурдагы чыгымдар эсептелинет;
2) ушул иш-чараны ишке ашыруу үчүн кызматкерлерден тышкары дагы кандай товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же адам ресурстары керек боло тургандыгын баалоо. Бул жерде мамлекеттик органдын башка чыгымдарына кирбеген, тактап айтканда бюджетке кирбеген жана башка каржылоо булактарын талап кылган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү гана эске алуу зарыл (мисалы, кофе-брейктер же басылмалардын тиражы);
3) төмөнкү формула боюнча жалпы муктаждыкты эсептөө:
мында:
М - чаранын наркы (муктаждык);
Qi - тартылган адамдардын (же бирдиктердин) саны, чаранын чыгымдарынын i-беренеси;
Pi - чаранын чыгымдарынын i-беренесинин чыгымдалуучу ресурстун бирдигинин наркы (1 адамга эсептелген орточо айлык эмгек акы же товардын/кызмат көрсөтүүнүн бирдигинин наркы);
Ti - чаранын чыгымдарынын i-беренесинин коротулуучу айларынын саны (айрым учурларда Ti бирдиктердин санын билдириши мүмкүн).
Чараны каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн эсептөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) кызматкерлердин эмгек акысы жана мамлекеттик органдардын учурдагы башка чыгымдары боюнча маалыматтарды "бюджет" (мүмкүнчүлүктөр) графасына которуу керек, анткени эмгек акыны каржылоо республикалык бюджеттен кепилденген түрдө алынат;
2) чыгымдардын башка беренелери боюнча маалыматтар (товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, адам ресурстары) эгерде ырасталган каржылоо болгон учурда гана "бюджеттен тышкаркы каражаттар/көлөм" (мүмкүнчүлүктөр) графасына киргизилет;
3) жалпы мүмкүнчүлүктү толук эсептөө.
Милдеттердин наркын эсептөө ушул милдетке кирген бардык чаралардын (тиешелүү жылдар боюнча) наркын суммалоо менен аныкталат.
Финансылык ажырым ар бир чара үчүн каржылоодо мүмкүнчүлүктөр менен муктаждыктардын ортосундагы айырма катары эсептелет. Финансылык ажырым нөлгө барабар же терс болушу мүмкүн.
55. Стратегиялык документти ишке ашыруунун өбөлгөлөрү жана шарттары.
Эл аралык практикада керектөөлөрдү мүмкүн болгон каржылоо менен 50 пайыздык жана андан жогору жабуу стратегиялык документтин туруктуулугунун ишенимдүү багыты жана адекваттуу саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушталган саясат чараларынын реалдуулугунун жакшы белгиси болуп саналат деп кабыл алынган. Эгерде бул көрсөткүч 50%дан төмөн түзүлсө, анда ушул көрсөткүчтү жакшыртуунун эки варианты сунушталат:
1) каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жагынан алып караганда кыйла проблемалуу болгон сунушталган чаралардан баш тартуу жана ревизия;
2) чаралардын пландарын ишке ашырууда өнөктөштүккө эл аралык донор уюмдарды чакыруу.
8. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлоруна сын пикирлерди жана сунуштарды даярдоо тартиби
56. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлоруна сын пикирлер жана сунуштар төмөнкүлөр тарабынан берилиши мүмкүн:
1) макулдашуу жол-жобосунун алкагында мамлекеттик органдар;
2) мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун коомдук талкуулоонун алкагында Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар. Мамлекеттик стратегиялык документтин бөлүмдөрүнө киргизүү үчүн сунушталган сын пикирлер жана сунуштар бөлүмдүн максаты менен логикалык байланышы бар толук жана байланыш пакетти билдирүүгө тийиш.
57. Мамлекеттик органдардан, эл аралык уюмдардан (өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн), башка уюмдардан келип түшкөн сын пикирлерге жана сунуштарга карата негизги талаптар:
1) сын пикирлер жана сунуштар жазуу жүзүндө (электрондук же катуу нускада) уюмдун аталышын көрсөтүү менен берилет;
2) аналитикалык бөлүккө толуктоолорду киргизүүдө (бөлүмдүн кырдаалын талдоо) сунушталган маселенин чечими бар экендигине жана тексттик бөлүктө милдет түрүндө жана/же планда чаралар түрүндө түзүлүшүнө ынануу зарыл. Эгерде милдеттер жана чаралар түрүндө логикалык уландысы жок маселе киргизүү үчүн сунушталса (макулдашуу/коомдук талкуулоо учурунда), анда чаралары менен милдетти же болгон милдеттерге кошумча чараларды сунуштоо зарыл. Зарыл болгон учурда индикаторлор матрицасына киргизүү үчүн көрсөткүч сунушталышы мүмкүн (эгерде болгон көрсөткүчтөр кошумча маселени чечүүдөгү прогрессти чагылдырбаса);
3) кошумча милдеттерди киргизүү милдеттүү түрдө 1-тиркемеге ылайык ушул Стандартта белгиленген форматтагы планга чаралар менен бекемделиши керек. Мында форматтын бардык графалары толтурулууга тийиш. Кошумча милдеттер милдеттүү түрдө бөлүмдүн максатына жетүүгө багытталышы керек;
4) кошумча чаралар киргизилген учурда ушул Стандарттын 2-бөлүгүнө ылайык сунушталган чараны ишке ашыруунун ресурстук камсыздалгандыгынын эсебин берүү зарыл;
5) мамлекеттик стратегиялык документтин кайсы болбосун бөлүгүнүн редакциясы өзгөртүлгөн (алып салынган) учурда сын пикирлерди жана сунуштарды төмөнкү форматка ылайык таблицалык формада берүү зарыл:
Мисал:
Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
Бөлүмдүн аталышы | |
|
|
|
|
58. Жеке жактар өз сын пикирлерин жана сунуштарын жөнөкөйлөштүрүлгөн форматта киргизе алат:
Мисал:
Бөлүмдүн аталышы | Сын пикир/сунуш |
Сын пикир же сунуш мамлекеттик стратегиялык документтин кайсы бөлүгүнө тиешелүү экендигин көрсөтүү зарыл. Зарыл болгон учурда документтен цитата/үзүндү келтирилиши мүмкүн | Сунушту киргизүү же документтин кандайдыр бир бөлүгүн алып салуу зарылдыгын кыскача негиздөө менен сунуштун маңызын баяндоо зарыл |
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандартка 1-тиркеме |
Чаралар планынын форматы
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
| Бөлүмдүн аталышы | ||||
| Түзүлөт: бөлүмдүн коюлган максатынын алкагында, ага жетүүнү камсыз кылуу менен; максатка жетүү үчүн аныкталган проблемаларды/тоскоолдуктарды эске алуу менен; "Бөлүмдүн максатына жетүү үчүн эмне кылуу керек?" деген суроого жооп берет; реалдуу болууга тийиш. Эгерде милдет 5 жылдын ичинде ишке ашпай калса, анда аны этаптарга бөлүү керек; бардык милдеттердин жыйындысы максатка жетүүгө алып келүүгө тийиш. Эгерде алып келбесе, анда милдеттерди кайра карап чыгуу (толуктоо) же кайра максат коюу керек | Ар бир тапшырманын алкагында жок дегенде 3 жана андан көп чаралар болууга тийиш; "Коюлган милдетти кантип чечүү керек?" деген суроого жооп берет; 1 милдеттин алкагындагы бардык чаралардын жыйындысы бул милдетти чечүүгө алып келүүгө тийиш; чаралар программаны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишке ашырылууга тийиш | Ар бир чара үчүн өзүнчө коюлат; ушул чараны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон убакыт аралыгын белгилөө менен кварталга чейинки тактык менен аныкталат ("тартып-чейин") | Болжолдоолордун жана эксперттик баалоонун негизинде түзүлөт; "Конкреттүү чараны ишке ашыруу менен эмнеге жетүү пландалууда?" деген суроого жооп берет | Ар бир чара үчүн көрсөтүлгөн; негизги жооптуу аткаруучу (тизмедеги биринчи) болуп милдеттүү түрдө мамлекеттик орган белгиленет |
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандартка 2-тиркеме |
Улуттук стратегиянын индикаторлор матрицасынын форматы
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор | Максаттуу индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалымат булагы | |||
(1-беш жылдык мезгилдин аягында) | (2-беш жылдык мезгилдин аягында) | (3-беш жылдык мезгилдин аягында) | (n-беш жылдык мезгилдин аягында) | (стратегиянын колдонуу мөөнөтүнүн аягында) | ||||||
| Бөлүмдүн аталышы | |||||||||
| Бөлүмдүн максатына жетүү прогрессин чагылдырууга тийиш; Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрү милдеттүү түрдө киргизилет (сөзсүз сандык) |
| Үстүбүздөгү жылдын маалыматтары (күчүнө киргенге чейин) | Болжолдоо же эксперттик баалоо | Күтүлүүчү натыйжаларга салыштырылууга тийиш | Отчеттуулукка фактыны толтуруучу жана четтөөлөр боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүчү мамлекеттик орган | Маалыматтарды чогултуучу жана түзүүчү мамлекеттик орган (көбүнчө УСК) | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандартка 3-тиркеме |
Жалпы мамлекеттик программанын жана мамлекеттик программалардын индикаторлор матрицасынын форматы
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор | Максаттуу индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалымат булагы | |||
(1-жыл) | (2-жыл) | (3-жыл) | (4-жыл) | (5-жыл) | ||||||
| Бөлүм аталышы | |||||||||
| Бөлүмдүн максатына жетүү прогрессин чагылдырууга тийиш; Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрү милдеттүү түрдө киргизилет (милдеттүү түрдө сандык) |
| Үстүбүздөгү жылдын маалыматтары (стратегиялык документ күчүнө киргенге чейин) | Ар бир жыл үчүн болжолдоо же эксперттик баалоо. Алдын ала болжолдоо мүмкүн болбогон учурда (мисалы, методологиянын жоктугунан) бул графаларды "иш жүзүндөгү динамика" деген сөздөр менен толтурууга уруксат берилет, бул маалыматтар иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдүн келип түшүүсүнө жараша толтурулат | Күтүлүүчү натыйжаларга салыштырылууга тийиш | Отчеттуулукка фактыны толтуруучу жана четтөөлөр боюнча түшүндүрмө берүүчү мамлекеттик орган | Маалыматтарды чогултуучу жана түзүүчү мамлекеттик орган (көбүнчө УСК) | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандартка 4-тиркеме |
Жылдык иш планынын форматы
№ | Чаралар | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
| Бөлүмдүн аталышы | ||||
| Жалпы мамлекеттик программанын чаралары | Чаранын алкагында конкреттүү иш-аракеттер. Иш-чаралар бир жылдын ичинде аткарылышы керек | Ар бир аракет үчүн өзүнчө коюу; Бир айга чейин орнотулган |
| Ар бир аракет үчүн көрсөтүлгөн; Негизги жооптуу аткаруучу (тизмедеги биринчи) мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүгө тийиш |
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандартка 5-тиркеме |
Ресурстук чыгымдарды баалоо форматы
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Өлчөө бирдиги | Каржылоо муктаждыгы | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
РБ | ЖБ | Башкалар | Бардыгы | РБ | ЖБ | Башкалар | Бардыгы | РБ | ЖБ | Башкалар | Бардыгы | |||||
1 |
|
| Бардыгы | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| мин сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2 |
|
| Бардыгы | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
| Бөлүм боюнча жалпы |
| Жалпы | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандартка 6-тиркеме |
Прайс-барактын форматы
№ | Чыгымдар беренесинин аталышы | Өлчөө бирдиги | 1 бирдиктин наркы | Маалымат булагы |
| Мамлекеттик түзүмдөрдүн орточо айлык эмгек акысы | |||
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
| Көз карандысыз эксперттердин эмгек акысы | |||
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
8 |
|
|
|
|
9 |
|
|
|
|
10 |
|
|
|
|
| Талаа изилдөөлөрү | |||
11 |
|
|
|
|
12 |
|
|
|
|
13 |
|
|
|
|
| Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр/продуктулар | |||
14 |
|
|
|
|
15 |
|
|
|
|
16 |
|
|
|
|
| Рыноктук товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | |||
17 |
|
|
|
|
18 |
|
|
|
|
19 |
|
|
|
|
20 |
|
|
|
|
21 |
|
|
|
|
22 |
|
|
|
|
| Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн иш сапардык чыгымдар | |||
23 |
|
|
|
|
24 |
|
|
|
|
24 |
|
|
|
|