Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)

депуттарынын XXIX кезектүү сессиясы

 

2024– жылдын 22-январы № 185

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү

  Мырза-Аке айылдык Кеңешинин иштөө багытын бекемдөө,укуктук базасын чыңдоо максатында, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулап. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш-планы жактырылсын жана бекитилсин.(тиркеме тиркелет.)

 

2. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин депутаттарына иш-планды ишке ашыруу тапшырмасы берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

 

Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

“БЕКИТЕМ”

Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайым:________Г.Жороева

“22” январь 2024 – жыл.

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2024 - жылга карата түзүлгөн

ИШ-ПЛАНнын

№

Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

1.Айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү.

 

2.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу

 

3.Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү.

 

4.СПА, Жайыт,Тазалык ишкааналарынын аткарган иштери (жыйнаган салыктар) боюнча маалымат угуу,

2024-жылга бюджетин бекитүү.

 

5.Туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү.

 

6.Транспорт салыгын көзөмөлдөө

 

7.ДЭП-5 ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө

1-квартал

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

 

 

Төрайым

 

 

Туруктуу комиссия

 

 

Туруктуу комиссия

2

1.Билим берүү мекемелеринин жана балдар-бакчасынын 2023-2024-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалымат угуу.

 

2.Саламаттыкты сактоо мекелеринин тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат

 

3.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө.

 

4.Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө.

 

5.Мырза-Аке ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

 

6. Айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде аткарган иши жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат угуп, киреше бөлүгүн бекитүү

2-квартал

Туруктуу комиссия

 

 

 

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

 

 

Туруктуу комиссия

 

 

Туруктуу комиссия

 

 

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

3

1. Айыл өкмөтүнүн 9 ай ичинде аткарган иши жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат угуп, киреше бөлүгүн бекитүү

 

2.Кышка карата даярдыктар жөнүндө.

 

3.Айыл өкмөттүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат угуу

3-квартал

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

Туруктуу комиссия

 

Туруктуу комиссия

4

1.Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.

 

2. Маданият үйүнүн 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат.

 

3.Тазалык ишканасынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат.

 

4.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын отчетун угуу.

4-квартал

Аймактык инспекторлор

Туруктуу комиссия

Соц. адис

Туруктуу комиссия

Соц. адис

Туруктуу комиссия

Төрайым

 

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы: А.Мамытова