Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 484 токтомуна) |
Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук СТАНДАРТЫ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандарты (мындан ары - Стандарт) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктарын сыпаттоонун милдеттүү бирдиктүү талаптарын жана форматтарын белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо - мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктарын ушул Стандартта баяндалган критерийлерге ылайык комплекстүү баалоо боюнча иши.
3. Чараларды/иш-аракеттерди ишке ашыруу, индикаторго жетүү үчүн негизги жооптуу мамлекеттик орган - чараларды/иш-аракеттерди/индикаторго жетүүнү аткаруучулардын тизмесинде биринчи турган мамлекеттик орган.
4. Стандарт мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун натыйжалары боюнча отчеттуулукту унификациялоого багытталган.
5. Отчеттуулук чаралар планы/ар жылдык иш-аракеттер планы жана индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрү боюнча түзүлөт.
6. Ишке ашыруунун натыйжалары боюнча отчеттуулук мамлекеттик стратегиялык документке мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын жыйынтыктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негизги жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же жетекчисинин орун басарынын колу коюлуп берилет.
7. Чараны/иш-аракетти/индикаторго жетүүнү аткаруучулардын катарына киргизилген, бирок негизги жооптуу мамлекеттик орган болуп саналбаган мамлекеттик органдар 1, 2-тиркемелерге ылайык белгиленген мөөнөттөргө жана форматтарга ылайык чараларды/иш-аракеттерди/индикаторлорго жетүүнү ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө берүүгө тийиш.
8. Негизги жооптуу мамлекеттик орган чараларды/иш-аракеттерди/индикаторго жетүүнү аткаруучулардын катарына киргизилген башка мамлекеттик органдардан чараларды/иш-аракеттерди/ндикаторлорго жетүүнү ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө кошумча маалыматты суроого укуктуу.
2. Отчеттуулукка талаптар
9. Отчеттуулук мамлекеттик орган аткаруучу болуп аныкталган чаралар/иш-аракеттер жана индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрү боюнча 1, 2-тиркемелерге ылайык белгиленген мөөнөттөргө жана форматтарга ылайык түзүлөт.
10. Эгерде мамлекеттик орган негизги жооптуу мамлекеттик орган болуп саналбаса (аткаруучулардын тизмегинде экинчи жана андан аркы), мамлекеттик органдын функцияларынын жана компетенциясынын алкагында чараларды/иш-аракеттерди ишке ашыруунун натыйжалары негизги жооптуу мамлекеттик органга (аткаруучулардын тизмегинде биринчи) берилет.
11. Пландын чаралары/иш-аракеттери боюнча отчеттуулук төмөнкүлөр жөнүндө так жана кыска маалыматты камтууга тийиш:
1) ишке ашыруу мөөнөтү отчеттук мезгилде аяктай турган чараларды аткаруунун натыйжалары;
2) ишке ашыруу башталган, бирок мөөнөтү отчеттук мезгилде аяктабай турган чараларды аткаруу прогресси;
3) мөөнөтү кийинки отчеттук мезгилде бүтө турган чараларды аткарбоо же толук эмес аткаруу тобокелдиктери.
12. Индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча отчеттуулук иш жүзүндөгү жана максаттуу индикаторлорду камтууга тийиш. Иш жүзүндөгү маалыматтар максаттуу маалыматтардан четтетилген учурда отчеттуулукта 2-тиркемеге ылайык четтетүү себептеринин негиздемеси/кыскача сыпаттамасы берилүүгө тийиш.
3. Отчеттуулукту берүү мөөнөттөрү
13. Жалпы мамлекеттик программанын алкагында иш-аракеттердин ар жылдык планын ишке ашыруунун натыйжалары боюнча отчеттуулук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар айлык негизде отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен 4-тиркемеге ылайык берилет.
14. Мамлекеттик программалардын (тармактык, тармактар аралык/өтмө, региондук) чаралар пландарын ишке ашыруунун натыйжалары боюнча отчеттуулук кварталдык негизде отчеттук кварталдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берилет.
15. Аралыктык же максаттуу индикаторлорго жетүү боюнча отчеттуулук отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январынан кечиктирилбестен ар жылдык негизде берилет. Айрым көрсөткүчтөр боюнча статистикалык отчеттуулукту түзүүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу маалыматтар жок болгон учурда, аралыктык же максаттуу индикаторлорго жетүү боюнча отчеттуулукту статистикалык отчеттуулук жарыялангандан кийин кыйла кеч мөөнөттөрдө толуктоого жол берилет.
16. Жыйнак үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча консолидацияланган отчет түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет:
1) ар айлык жана кварталдык отчетторду отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен;
2) чаралардын/иш-аракеттердин планына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жана индикаторлорго жетүүнүн жыйынтыктары боюнча жылдык отчетторду отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январынан кечиктирбестен.
17. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ар жылдык жыйынтыкталган отчеттору отчеттук мезгил аяктагандан кийин 2 айдан кечиктирилбестен жыйнак үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандартына 1-тиркеме |
Мамлекеттик программанын чаралар планын аткаруу боюнча отчеттун форматы (отчет WORD форматында түзүлөт)
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Натыйжалар |
| Бөлүмдүн аталышы | |||
1 | Чаралар планында берилгенге ылайык | Чаралар планында берилгенге ылайык | Чаралар планына ылайык | Аткарылган/аткарылган эмес/ишке ашыруу стадиясында (сөздөрдүн бири тандалат). Натыйжалар жөнүндө кыска жана так маалымат. Аткарылган учурда - негизги натыйжалар. Аткарылбаган учурда - себептерин түшүндүрүү. Эгерде ишке ашыруу стадиясында болсо - жетишилген прогресс жана көйгөйлөр. Эгерде ишке ашыруу мөөнөтү кийинки отчеттук мезгилде аяктаса жана чара аткарылбай/толук аткарылбай калуу коркунучу бар болсо - себептерин түшүндүрүү |
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандартына 2-тиркеме |
Улуттук стратегиянын индикаторлор матрицасынын форматы (отчет EXCEL форматында түзүлөт)
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Иш жүзүндөгү маалыматтар | Максаттуу индикатор | Четтөө (+/-) | Негиздөө |
| Бөлүмдүн аталышы | |||||
1 | Индикаторлор матрицасына ылайык |
| Отчёттук жылдагы маалыматтар | Индикаторлор матрицасынын маалыматтары боюнча тийиштүү жылдагы болжолдуу индикатор | Максаттуу индикаторго карата иш жүзүндөгү маалыматтар | Кыскача негиздеме/көп же аз жакка четтөөнүн себептери |
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандартына 3-тиркеме |
Жалпы мамлекеттик программанын жана мамлекеттик программалардын индикаторлор матрицасынын форматы (отчёт EXCEL форматында түзүлөт)
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралыктык индикаторлор | Максаттуу индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалыматтар булагы | |||
(1-жыл) | (2-жыл) | (3-жыл) | (4-жыл) | (5-жыл) | ||||||
| Бөлүмдүн аталышы | |||||||||
| Бөлүмдүн максатына жетүү прогрессин чагылдырышы керек; ТӨМдүн көрсөткүчтөрү милдеттүү түрдө киргизилет (милдеттүү түрдө сандык көрсөткүчтөр) |
| Ушул жылдын маалыматтары (стратегиялык документ күчүнө киргенге чейин) | Ар бир жыл үчүн болжолдоо же эксперттик баалоо. Болжолдоо мүмкүн болбогон учурда (мис. методологиянын жоктугунан) бул графаларды "иш жүзүндөгү динамика" деген сөздөр менен толтурууга жол берилет, бул маалыматтар иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдүн түшүүсүнө жараша толтурулат | Күтүлгөн натыйжага шайкеш келиши керек | Отчётторго фактыны толтурган жана четтөөлөр боюнча түшүндүрмө берген мамлекеттик орган | Маалымат чогултуучу жана калыптандыруучу мамлекеттик орган (көпчүлүк учурда УСК) | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандартына 4-тиркеме |
Жалпы мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин ар жылдык планын аткаруу боюнча отчеттун форматы (отчет WORD форматында түзүлөт)
№ | Чаралар | Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
| Бөлүмдүн аталышы | ||||
| Жалпы мамлекеттик программанын чаралары | Чаранын алкагындагы конкреттүү аракеттер. Аракеттер бир жылдын ичинде ишке ашырылышы керек | Ар бир аракет үчүн өз алдынча коюлат; айлары такталып белгиленет |
| Ар бир аракет үчүн белгиленет; негизги жооптуу аткаруучу болуп милдеттүү түрдө мамлекеттик орган (тизмеде биринчи) белгиленет |