МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)
депуттарынын XXX сессиясы
2024– жылдын 12-февралы № 192
К.Раимбеков мектеп-гимназиясынын директеру М.Апархановдун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча » боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Раимбеков мектеп-гимназиясынын директору М.Апархановдун арызы негизинде мектеп-гимназиясынын жылууту системасын, от казандарын алмаштырууга, Өзгөн райондук Өнүктүрүү фондуна иш-кагаздарын даярдап тапшырылсын, калган өздүк салым акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдагы кошумча аткарылган жана үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен жылууту системасын, от казандарын алмаштырууга кеткен чыгымдарынын сметасынын суммасына ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Г.Жороева |