Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №31
“Жерге-Тал айылындагы жаны курулган спортзалга Турдукулов Абдыкалыктын ысымын коюу жөнундө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы № 11 М.Орозалиева атындагы орто мектебинин жер аянтына курулган спорт комплекске Турдукулов Абдыкалыктын ысымын коюп берүүнү сурап Э.Турдукуловдун жазган 2024-жылдын 28-майындагы кириш №35 сандуу кайрылуусун жана депутат К.Темировдун сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы № 11 М.Орозалиева атындагы орто мектебинин жер аянтына курулган спорт комплекске Турдукулов Абдыкалыктын ысымы ыйгарылсын;
2. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |