Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №32
“Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын өзгөртүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын ошол бала-бакчаны түптөп, ошол жерде иштеп, азыркы учурда ардактуу эсалууга чыккан Осмоналиева Нисакандындын атына өзгөртүп берүүнү сурап бала-бакча жетекчиси Ю.Тайгараеванын кайрылуусуун жана депутат Н.Абдукаимов, М.Автандиловдордун сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын ошол бала-бакчаны түптөп, ошол жерде иштеп, азыркы учурда ардактуу эсалууга чыккан Осмоналиева Нисакандындын атына өзгөртүлсун;
2. Бала-бакчанын атын өзгөртүү жана каттоо иштери боюнча иш алып баруу кайрылуу ээсине жана Осмоналиева Нисакандын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |