Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2024-жылдын 10-октябры № 2423-VII
2024-жылдын 10-октябрындагы № 2423-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
“VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-2025-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун” экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын жана Инвестициялардын кепилдиги боюнча көп тараптуу агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөрдү уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;
З.К. Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |