Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №33
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагынын кире беришинен Жалгыз-Жангак айылындагы Раатбек Санатбаев атындагы көчөгө чейин “Бочкон баатыр” атын коюп берүүнү сурап Жалгыз-Жангак айылынын тургундарынын жазган 2024-жылдын 28-майындагы кириш № 33 сандуу кайрылуусун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын кире беришинен Жалгыз-Жангак айылындагы Раатбек Санатбаев атындагы көчөгө чейин “Бочкон баатыр” ысымы ыйгарылсын;
2. Көчөнүн тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |