Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 9-октябры № 628-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жана тактоого, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 2024-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, шайлоону өткөрүү убагында шайлоо участокторун кайтаруу, шайлоо жабдууларын шайлоо участокторуна ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
- шайлоочулардын добушун сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө башка мыйзам бузууларга өз убагында жана натыйжалуу каршы аракеттенүү, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялык ыкчам чара көрүү топторунун ишинин алкагында укук коргоо органдарынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча активдүү ишти камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештиги боюнча текшерүүнү жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо участокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги социалдык роликтерди, маалыматтык материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу жана көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча шайлоочуларды маалымдоого көмөк көрсөтсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн;
- маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, шайлоочулардын так тизмесин түзүүнү, аны Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде анык актуалдаштырууну камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды автотранспорттук, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечсин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын добуш берүүсү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, шайлоо участоктору боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын керектөөлөрүнүн картасын түзүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды түзүү боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылсын.
11. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте шайлоо комиссияларына берилген жайлардын материалдык-техникалык, өрт жана энергетикалык коопсуздуктун талаптарына ылайыктыгын текшерсин.
13. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын ишин уюштуруу, техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
14. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Республикалык штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын тең төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары.
Республикалык штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.