Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июлу № 425
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө
Базар-Коргон шаарынын жол кыймылын уюштуруу, туристтик жагымдуулугун жакшыртуу, автомобиль жолун куруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 9 токтомун көңүлгө алып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан (идентификациялык коду 3-02-02-0008-0319), мамлекеттик менчикте турган, аянты 3632,0 кв.м жер участогун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине автомобиль жолун куруу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) өткөрүп берилүүчү жер участогун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) аны күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;
4) автомобиль жолун куруу долбоорун даярдоо жана аны ишке ашыруу;
5) автомобиль жолун куруу башталганга чейин өткөрүп берилүүчү жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун белгиленген тартипте алуу;
6) өткөрүп берилүүчү жер участогун андан ары ажыратууну жүргүзбөө жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |