Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 17/2

 

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жер адиси З. Реджаповдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылындагы №1206- контурундагы 9,0 га жер аянтын максаттуу пайдалануу максатында логистикалык борбор куруу боюнча жер адиси З. Реджаповдун билдирүүсүн угуп, карап чыгып, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара айылынын №1206-контурундагы 9,0 га жер аянты логистикалык борбор куруу, инвестиция тартуу максатында жер аянтын ажыратып берүү сунушу Сары-Колот айыл өкмөтүнүн администрациясына сунушталсын

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Н.Молдоев