Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №34
“Көк-Арт айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы кезектеги IV-сессиясында кабыл алынган №18 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан бала-бакча жана спорт комплексин куруу үчүн 0.30 га жер бөлүп берүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги IV-сессиясын № 18 токтомуна өзгөртүү киргизип, кошумча 0.20 га жер аянтын бөлүп берүүнү сурап депутат Н.Абдукаимовдун сунушун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан 0.30 га бөлүп берүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги IV-сессиясын № 18 токтомуна өзгөртүү киргизилсин;
2. Бала-бакча жана спорт комплекс куруу үчүн бөлүнгөн 0.30 га жерге кошумча 0.20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага : | А.А. Энназаров |