Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 17/3

 

Жеке ишкер Султанов Эрсынардын билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын № 1188 контурундагы 0,40 га жер аянты аң болуп акыр чикир төгүлүп кароосуз турган жерди реконструкция кылып, акыр-чикирден тазалап, айланасын тосуп максаттуу пайдалануу, айыл өкмөтүнүн бюджетине салым кошуу максатында сурап жазган арызын карап, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Сары-Колот айыл аймагынын жеке ишкер Султанов Эрсынарга 5-жылдык мөөнөткө ижара келишими менен Курбан-Кара айылынын №1188 контурундагы 0,40 га кароосуз турган жер аянтын реконструкция кылып, инвестиция тартуу максатында жер аянтын ажыратып берүү сунушу Сары-Колот айыл өкмөтүнүн администрациясына сунушталсын

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Н.Молдоев