Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-октябры № 616
Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым актыларды бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануунун тартиби жана шарттары 1-тиркемеге ылайык;
2) Карын энелик жол-жобосун пайдалануунун тартиби жана шарттары 2-тиркемеге ылайык;
3) Жыныстык клеткалардын донордугунун, ошондой эле репродуктивдик органдарды, ткандарды жана биоматериалдарды сактоонун жана пайдалануунун тартиби жана шарттары 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 "Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым актыларды бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 81 (3635) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |