Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИККЕН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ, КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024– жылдын 22-февралы № 2

 

Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22-февралындагы № 2 протокол бекитилсин.

 

2.Өзгөн районунун бириккен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин шайланган Кайкыев Анварбек Абдимиталипович төрагасынын орун басары деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

М.А.Камалов

 

 

 

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

№ 2 ПРОТОКОЛ

2024-жылдын 22-февралы Эски-Покровка айылы

Төрага М. Камалов

Сессиянын катчысы Т. Муратова

Катышкандар: 29- депутат. Себебтүү-2 Маматова Угулхан, акимназар кызы Чынара Себебсиз-1 Топчубаев Бектур

Тизме тиркелет:

  Ош облусунун Өзгөн районундагы бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 32, анын ичинен катышкандары – 29.

                 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ  Убактылуу жобого ылайык,  Төрага  Н. Камалов бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш    айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

    Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Төрага Н. Камалов Депутат Кайкыев Анварбек Абдимиталиповичти сунуштады.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталды:

1. Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны - 32(отуз эки) түзөт.2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны -29 (жыйырма тогуз). Шайлоонун жыйынтыгы менен Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь бириккен Кара-Таш  айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Кайкыев Анварбек Абдимиталипович бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин шайланган төрагасынын орун басары   деп таанылды.    Төрага:                                                                                         М. Камалов.                                                                                                           

Сессиянын катчысы: Т. Муратова.