Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2023-жылдын 1-ноябры № 1558-VII
"2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 11-июлундагы чыг. № 28-5832) "2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |