БИРИККЕН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ, КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024– жылдын 22-февралы № 6
Кара-Таш айыл аймагынын айылдык кенешин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешине кошулуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргузүү мезгилде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси болуп кайра түзүлүүгө макулдук берилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, регламент, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| М.А.Камалов |