Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №35
“Жерге-Тал айылындагы корпуста жашаган жарандарга корпустун алдындагы жерди жеке менчике берүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылындагы корпуста жашаган жарандарга эшигинин алдындагы жерлерин ар бир жаранга 0.02 га жер аянтынан жеке менчике берүү жөнүндө аталган корпуста жашаган жарандардын кайрылууларын жана депутат Т.Эгембердиев жана Н.Эркинбек уулунун сунушун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жайгашкан корпус үйдүн алдындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтын ошол уйдө жашаган жарандардын ар бирине 0.02 га жер аянтынан жеке менчике бөлүнуп берилсин;
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага : | А.А. Энназаров |