Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №37
“Жалгыз-Жангак айылына трансформатор орноту үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылынын Б.Азимбаев көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн 0,005 га жер, К.Сыдыков көчөсунө трансформатор орнотуу үчүн 0,005 га бөлүп берүү жөнүндөгү Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылынын Б.Азимбаев көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн 0,005 га жер жана К.Сыдыков көчөсунө трансформатор орнотуу үчүн 0,005 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Жерди бөлүп берүү үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу жана иш кагаздарын даярдап берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү
жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага : | А.А. Энназаров |