Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №38
“Мурдагы Көк-Арт айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20.10.2021-жылдагы №123 “ Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023-жылдагы № 154-б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү “ Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы “Кыргызмамжердолбоорлоо” Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган мурдагы Көк-Арт айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын угуп жана талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023-жылдагы № 154-б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү “ Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы “Кыргызмамжердолбоорлоо” Жалал-Абад облустук жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган мурдагы Көк-Арт айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин;
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Малашевге милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий жарыялангандан баштап кучунө кирет.
Төрага : | А.А. Энназаров |