Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №41

 

“Көк-Арт айыл өкмөтү тарабынан Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна долбоорду сунуштоо жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы,

Көк-Арт айыл өкмөтүнун Кара-Алма айылындагы А.Азимбаев көчөсундөгү ички жолдун жегине сел арык кетүүчү лоток орнотуу үчүн Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна долбоорду сунуштоо боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловдун кайрылуусун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

           

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Кара-Алма айылындагы А.Азимбаев көчөсүнүн ички жолуна сел арык кетүүчү лоток орнотуу үчүн долбоор Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна сунушталсын;

 

2.    Долбоорго керектүү иш кагаздарын даярдап, тапшыруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловго жүктөлсүн.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров