КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 4-октябры ПЖ № 284
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 4-главасынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Жогорку Кеңештин Аппараты |
Жогорку кызмат орду | |
Ж-Б | Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы |
Башкы кызмат орду | |
Б-А | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын башчысы Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын эксперти Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын улук консультанты |
Б-Б | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын консультанты Башкы адис |
Улук кызмат орду | |
У-А | Жогорку Кеңештин Төрагасынын спичрайтери |
".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 78 (3632) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| С.Н. Жапаров |