Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 14-октябры № 633-т
Республиканын калкын сапаттуу мөмө-жемиш азыктары менен камсыздоо жана багбанчылык тармагынын экспорттук потенциалын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
- 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
- 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча индикаторлор матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
- 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган башка юридикалык жактар (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын аткарууга алсын;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжа/Индикатор | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуулар | Каржылоо |
1-артыкчылык. Өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчү жана соода уюмдарынын ортосунда өз ара мамилелерди түзүү менен интеграцияланган уюштуруу түзүмүн калыптандыруу аркылуу багбанчылыкта жана жүзүмчүлүктө чарба жүргүзүүнүн уюштуруу-экономикалык механизмин өркүндөтүү | ||||||
1 | Мөмө-жемиш азыктарын жана жүзүмдү өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген чарбакер субъекттерди кластердик жана кооперативдик бирикмелерге консолидациялоо (ирилештирүү) саясатын өркүндөтүү | 1.1. Кластердик бирикмелердин негизинде багбанчылыкты, жүзүмчүлүктү жана мөмө-жемиш питомниктерин түзүү | Республиканын региондорунда 14 мөмө-жемиш кластердик бирикмелер түзүлдү | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ | АӨКК долбоорунун алкагында |
1.2. Региондук кооперативдерди жана алардын бирдиктүү бирлигин түзүү жана өнүктүрүү | 25 региондук кооператив түзүлүп, багбандар кооперативдеринин бирлиги түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ | Республикалык бюджеттен финансылык каражаттар талап кылынбайт | ||
2 | Мөмө-жемиш азыктарын жана жүзүмдү өндүрүү боюнча кластердик жана кооперативдик бирикмелерди түзүү жана ишин өнүктүрүү процесстерине дем берүү | 2.1. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүм отургузуу үчүн асылдуулугу төмөн жерлерди бөлүп берүү | Асылдуулугу төмөн жайыт жерлери айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизилди, асылдуулугу төмөн 49,0 миң га жайыт жерлерине мөмө-жемиш көчөттөрү отургузулду | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча ) | Республикалык бюджеттен финансылык каражаттар талап кылынбайт |
2.2. Багбанчылык чарбалардын жана мөмө-жемиш питомниктеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоо | Багбанчылык чарбалардын материалдык-техникалык базасы негизги каражаттар жана багбанчылык шаймандары менен жаңыртылды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), багбанчылык чарбалар | Багбанчылык чарбалардын каражаттары | ||
2.3. Багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларга жана мөмө-жемиш питомниктерине жеңилдетилген кредит берүү | АӨКК долбоорунун багыты боюнча 1900,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредиттик каражаттар берилди. Мөмө-жемиш кластеринин 100дөн ашык субъекттери жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз болду | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, ФМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | АӨКК долбоорунун кредиттери | ||
2.4. АӨКК долбоорунун алкагында көчөттөрдү, шпалердик мамыларды, зымдарды, тамчылатып сугаруу жабдууларын жеткирүүнү жана электрлештирүүнү каржылоо маселесин иштеп чыгуу | АӨКК долбоорунун алкагында каржылоо каралды | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, ФМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | АӨКК долбоорунун кредиттери | ||
2.5. Багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларды жана мөмө-жемиш питомниктерин түзүү, кайра иштетүүчү жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү | - 49,0 миң га аянтта 858 багбанчылык чарбасы түзүлдү - 200,0 га аянтта 10 мөмө-жемиш питомниги түзүлдү, анын ичинде: | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ААЖБ | Багбанчылык чарбалардын каражаттары | ||
1) 1,78 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник (Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылы); |
|
| Эл аралык уюмдардын каражаттары | |||
2) 1,78 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник (Чүй облусунун Сокулук районундагы КТСС); |
|
|
| |||
3) Нарын шаарында КДИИИ базасында 2,67 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; |
|
| KOICA долбоорунун каражаттары | |||
4) Баткен облусунун Кадамжай районунда КДИИИ базасында 2,67 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; |
|
| KOICA долбоорунун каражаттары | |||
5) Ош облусунун Өзгөн районунда АЧӨБЭД базасында 2.67 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; |
|
| KOICA долбоорунун каражаттары | |||
6) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 8,9 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; 7) Талас облусунун Бакай-Ата районунда 4,45 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; |
|
| Эл аралык уюмдардын каражаттары | |||
- Ош облусунун Ноокат районунда 120,6 млн. сом суммасына кубаттуулугу 1200,0 тонна алманы муздаткычта сактоо менен "Ноокат алмасы" соода-логистикалык борбору (СЛБ) түзүлдү, алма бак үчүн 15,0 га, алча өстүрүү үчүн - 5,0 га, жаңгак жана бадам үчүн - 5,0 га жер участоктору бөлүндү; - Ош облусунун Кара-Суу районунда 103,6 млн. сом суммасына СЛБ жана мөмө-жемиштерди акустикалык тоңдуруу менен сактоочу жай түзүлдү |
|
| "Ош облусун жана Ош шаарын региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун каражаттары (Дүйнөлүк банк), СЛБ каражаттары | |||
3 | Жүзүмчүлүк жана шарап өндүрүүдө ишкердикти өнүктүрүү | Жүзүмчүлүк жана шарап өндүрүү чарбаларын түзүү боюнча долбоорлор/бизнес-пландар үчүн техникалык карталарды, сорттор боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Типтүү долбоорлор/бизнес-пландар иштелип чыкты, региондор боюнча жүзүмдөрдү адистештирүү киргизилди | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
4 | Жүзүм өстүрүүчүлөрдү көчөт менен камсыз кылуу, энелик көчөт материалын импорттоого көмөк көрсөтүү | 4.1. Бул тармакты вируссуз отургузуу материалы менен камсыз кылуу үчүн жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү үчүн базалык питомниктерди түзүү | Ири базалык питомниктер түзүлүп, жогорку сапаттагы көчөт материалдары менен камсыз болуу жогорулады | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалар | Жүзүмчүлүк чарбалардын каражаттары |
4.2. Айыл чарба жүзүм өндүрүүчүлөрүн энелик көчөт материалы менен камсыз кылуу максатында энелик материалды импорттоо үчүн жеңилдетилген кредит берүү мүмкүнчүлүгүн кароо | Сунуштар даярдалды жана киргизилди, жогорку сапаттагы көчөт материалдары менен камсыз болуу жогорулады | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, ФМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | АӨКК долбоорунун кредиттери | ||
5 | Жүзүм өстүрүү үчүн жер участокторун белгиленген ставка боюнча ижарага берүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзүм өндүрүүчү фермерлерге, шарап өндүрүүчү ишканаларга жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү үчүн жер участокторун белгиленген ставка боюнча ижарага берүү маселесин иштеп чыгуу | Жүзүм өстүрүү үчүн айыл чарба жерлеринин жеткиликтүүлүгү жогорулады | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | Республикалык бюджеттен финансылык каражаттар талап кылынбайт |
6 | Жүзүмдү жана кайра иштетүү продукциясын сактоо үчүн адистештирилген жайларды түзүү | Жүзүмдү жана кайра иштетүү продукциясын керектөөгө, көлөмүнө жараша адистештирилген сактоо жайларын түзүү үчүн жер участокторун жана объекттерди аныктоо | Жүзүмдү жана кайра иштетүү продукциясын сактоо үчүн участоктор жана объекттер аныкталды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
7 | Шарап өндүрүү продукциясынын сапатын контролдоону камсыз кылуу | 7.1. Жүзүм шараптарынын физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча анализ жүргүзүүгө иштеп жаткан аккредитацияланган лабораториялардын (СМБ СЛ, ОА жана МСЭКД СЛ) мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө | Иштеп жаткан аккредитацияланган лабораториялар алардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча толуктап жабдылды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
7.2. Физика-химиялык көрсөткүчтөр боюнча жүзүм шараптарына анализ жүргүзүү үчүн иштеп жаткан аккредитацияланган лабораторияларды жабдуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредит бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароо | Ички рынок сапатсыз продукциядан, ак ниетсиз импорттон корголгон | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, ФМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | АӨКК долбоорунун кредиттери | ||
8 | Иштеп жаткан чарбалык субъекттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | 8.1. Жүзүмдү өстүрүүдөн кайра иштетүүгө жана даяр продукцияны өндүрүүгө чейин толук циклди камтыган кластер түзүү боюнча долбоорду даярдоо | Кластердин катышуучулары аныкталды. Кластердин долбоору даярдалды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | Республикалык бюджеттин финансылык каражаттар талап кылынбайт |
8.2. Андан ары кластерге интеграциялоо менен жүзүмдү кабыл алуу жана кайра иштетүү пункттарын түзүү | Кабыл алуу пункттары түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | Жүзүм өстүрүүчү чарбалардын жана донордук уюмдардан каражаттары | ||
9 | Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын сатууга колдоо көрсөтүү | Айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан жүзүмдүн техникалык сортторун белгилүү көлөмдө, анын ичинде кластердик ыкма аркылуу жүзүмдү кайра иштетүү ишканаларына сатуу механизмин иштеп чыгуу | Керектөөлөргө жараша жеткирүүнүн көлөмү аныкталды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | Жүзүмчүлүк чарбаларынын каражаттары, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
10 | КР жүзүмчүлүктүн жана шарап өндүрүүнүн инвестициялык потенциалын презентациялоо | Италиянын, Испаниянын Франциянын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жүзүмчүлүк ишканалары үчүн республиканын региондорундагы жүзүмчүлүктүн жана шарап өндүрүүнүн потенциалы жөнүндө промороликтерди, презентациялык материалдарды даярдоо | Презентациялык материал даярдалды, инвестициялык жагымдуулук жогорулады | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, "Кыргыз экспорт" МИ КРП ЫУӨ жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
11 | Заманбап технологияларды ишке киргизүү | 11.1. Таза сорттогу жүзүм өндүрүүгө инвестицияларды тартуу | Инвестициялар тартылды жана заманбап технологиялар колдонулду | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
11.2. Жүзүмдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн климатты контролдоонун автоматташтырылган системаларын киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу | Өндүрүштүн өсүшү, жүзүмдүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулатуу үчүн климатты контролдоонун автоматташтырылган системаларын киргизүү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
12 | Ата мекендик шарап өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын илгерилетүүгө көмөктөшүү | 12.1. Ишкананы жана жүзүм багынын мүнөздөмөлөрүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен өткөрүлүүчү дегустациялык сынактардын жыйынтыгы боюнча тармактык эксперттер тарабынан түзүлүүчү ата мекендик шарап өндүрүүчүлөрдүн ачык "шарап картасын" түзүү | Ата мекендик шарап өндүрүүчүлөрдүн ачык "шарап картасы" түзүлдү. Шарап өндүрүү продукциясынын сапаты жогорулады | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, Кыргыз экспорт" МИ, КРП ЫУӨ, жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
12.2. Ата мекендик шарап өндүрүү продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгарууга багытталган эл аралык иш-чараларга өндүрүүчүлөрдүн катышуусун уюштуруу, ошондой эле продукцияны дүйнөлүк сынактарда көрсөтүү | Өндүрүүчүлөрдүн эл аралык иш-чараларга катышуусу уюштурулду. Шарап өндүрүү тармагынын субъекттеринин билими жана экспорттук потенциалы жогорулады | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, "Кыргыз экспорт" МИ, КРП ЫУӨ, жүзүмчүлүк чарбалары, питомниктер | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
12.3. Кыргыз шараптарынын брендин түзүү, өлкөнүн масштабында, анын чегинен тышкары сапаттуу продукцияга көңүл буруу үчүн маркетингдик кампанияларды өткөрүү кампанияларын жүргүзүү | Таанылуучу бренд түзүлдү. Шарап өндүрүү тармагынын имиджи жогорулады | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, "Кыргыз экспорт" МИ, КРП ЫУӨ, жүзүмчүлүк чарбалары, питомниктер | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
13 | Шарап ишканаларынын жергиликтүү продукциясын илгерилетүү | 13.1. "Шарап картасынын" негизинде туристтик маршруттарды иштеп чыгуу | Туристтик маршруттар иштелип чыкты. Агротуризмди тартуу жана өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, Туризм департаменти, КРП ЫУӨ, жүзүмчүлүк чарбалары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
13.2. Шарап өндүрүү менен байланышкан шарап маршруттарын, фестивалдарды жана иш-чараларды уюштуруу | Маршруттар аныкталды фестивалдар өткөрүлдү. Агротуризмди өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, Туризм департаменти, КРП ЫУӨ, жүзүмчүлүк чарбалары, питомниктер | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
2-apтыкчылык. Жергиликтүү табигый жана экологиялык шарттарга ылайыкташтырылган интенсивдүү бакчаларды жана жүзүм бактарын өстүрүүнүн алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларын киргизүү | ||||||
14 | Инновациялык агротехнологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кыртышты жана сууну үнөмдөчү методдорду колдонууга акырындык менен өтүү | 14.1. Катаал жаратылыш-климаттык шарттарга, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу, түшүмдүүлүгү жогору болгон мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн жаңы сортторун чыгаруу | Катаал жаратылыш-климаттык шарттарга, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору чыгарылды | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, КУАУ, ББ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
14.2. Инновациялык агротехнологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кыртышты коргоочу жана сууну үнөмдөөчү методдорду колдонууга бара-бара өтүү | Мөмө-жемиш продукциясын өндүрүүгө тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу системасын колдонуу менен айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу жана сактоо технологиялары киргизилди | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
14.3. Чет өлкөлүк өндүрүштүн заманбап интенсивдүү көчөттөрүн түптөөнүн темпин жогорулатуу, республиканын шарттарында экологиялык жактан туруктуу болгон кыйыштыруу комбинацияларын кылдат тандоо | Багбанчылыктын жана питомниктердин түзүмүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн ташылып келинген интенсивдүү көчөттөрдү отургузуу көбөйдү | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, багбанчылык чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
14.4. Кыргыз Республикасынын жарандарын мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдары менен камсыздоо | Мөмө-жемиш бактарынын 17,0 млн. даана көчөт материалы өндүрүлдү. Республиканын жарандары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдары менен камсыз болушту | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, Багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
14.5. Республиканын рынокторуна мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүнүн өндүрүлгөн көчөт материалдарын жеткирүү | Ар бир райондук жана облустук борбордо мөмө-жемиш көчөттөрүн сатуу пункттары уюштурулду | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, облустардагы ПЫУӨ, багбанчылык чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
14.6. Багбанчылык жана жүзүмчүлүк үчүн суу скважиналарын жана тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу | Көп жылдык бак-дарактуу жерлердин 200,0 га аянтына 60 скважина жана тамчылатып сугаруу системасы орнотулду | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, Багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
15 | Багбанчылык тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн (рентабелдүүлүгүн) жогорулатуу | 15.1. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн айдоо аянттарын, түшүмдүүлүгүн жана мөмө-жемиш продукцияларын өндүрүүнү оптималдаштыруу | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн айдоо аянты 60,63 миң гектардан 109,63 миң гектарга чейин көбөйтүлдү мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү өндүрүү 2 эсеге көбөйтүлдү жана 638,44 миң тоннага жеткирилди, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 9,1 ц/га түздү | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, облустардагы ПЫУӨ, багбанчылык чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары |
15.2. Кайра иштетүү продуктуларын жана мөмө-жемиш продукцияларын экспорттоону көбөйтүү | Мөмө-жемиш азыктарын кайра иштетүүнүн көлөмү айыл чарба продукциясынын көлөмүндө 5,0%га чейин көбөйдү. Экспорт 3,5 эсеге көбөйдү | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, "Кыргыз экспорт" ММ, облустардагы ПЫУӨ, багбанчылык чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
15.3. Калктын мөмө-жемиш азыктары менен камсыз болушуна жетишүү боюнча иштерди жүргүзүү | Мөмө-жемиш азыктары менен камсыздоо 30,0% жогорулады | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, облустардагы ПЫУӨ, багбанчылык чарбалары, питомниктер | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктеринин каражаттары | ||
16 | Климаттык шарттарды эске алуу менен жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү талаптарына жооп берген жерлердин аянттарын контурун электрлештирүү жана сугаруу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен аныктоо | 16.1. Жүзүмдүн жогорку сапаттагы техникалык сортторун өстүрүү үчүн зонаны аныктоо | Тиешелүү климаттык шарттары бар зоналарда жер аянттары аныкталды | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, облустардагы ПЫУӨ, РМА, ЖӨБО макулдашуу боюнча | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
16.2. Жүзүмдүн жогорку сапаттагы техникалык сортторун өстүрүү үчүн зарыл болгон бардык мүнөздөмөлөрү менен жер участокторунун паспортун даярдоо: - ирригациялык системанын объекттерин көрсөтүү менен сугат суусу менен камсыз болуу; - электр менен камсыздоо; - борбордук трассаларга чыгууну камсыз кылган жолдорго жетүү (кирүү жолдору) | Жүзүм өстүрүү үчүн шарттар түзүлдү, жүзүм бактарынын аянты көбөйтүлдү | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, облустардагы ПЫУӨ, РМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
16.3. Жүзүм бактарын отургузуу үчүн бөлүнгөн аянттарга экологиялык жана агрохимиялык баа берүүнү камтыган илимий негизделген корутундуларды даярдоо, оптималдуу суу жана азыктандыруу режимин жакшыртуу жана андан ары сактоо боюнча сунуштарды даярдоо | Илимий жактан негизделген корутундулар даярдалды. Жүзүм бактарын отургузуу үчүн участокторго баа берилди | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, БИМ, КУАУ, облустардагы ПЫУӨ, РМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
17 | Республиканын аймактарында климаттык шарттарга ылайыкташкан жүзүм сортторун өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү | Региондордун климаттык шарттарына ылайыкташкан жана продукциянын жогорку сапатын камсыз кылган жүзүм сортторун иштеп чыгуу боюнча корутунду жана сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына аналитикалык кат жөнөтүү | Жүзүм сортторун иштеп чыгуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгына карата корутунду жана сунуштары менен аналитикалык кат берилди | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, КУАУ, облустардагы ПЫУӨ | Республикалык бюджеттин финансылык каражаттар талап кылынбайт |
18 | Экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү | Тышкы рынокторго чыгуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзүү | Сунуштар менен аналитикалык жазуу даярдалды. Шарап продукциясынын экспорттук потенциалы жогорулады | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, облустардагы ПЫУӨ, "Кыргыз экспорт" ММ, жүзүмчүлүк чарбалары, питомниктер | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
3-артыкчылык. Багбанчылык, жүзүмчүлүк жана питомник чарбачылык субъекттеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу | ||||||
19 | Селекционер-багбандарды жана жүзүмчүлөрдү даярдоо | 19.1. Жогорку окуу жайларда селекционер-багбандарды жана жүзүмчүлөрдү чыгаруу | Багбанчылык чарбалары атайын селекционер-багбандар менен толукталды | 2025-2029-жылдар ичинде | САЧКӨМ, БИМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
19.2. Багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарбаларынын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу | Багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарбаларынын жетекчилери мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялары боюнча билимге ээ болушту | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
20 | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүм көчөттөрүн өстүрүүнүн заманбап технологиялары боюнча фермерлерди системалуу окутуу | 20.1. Илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, окууларды, тренингдерди, тегерек столдорду өткөрүү аркылуу мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүм өндүрүү менен алектенген чарбалык субъекттердин билимин жогорулатуу | Илимий-практикалык конференциялар, семинарлар, окуулар, тренингдер, тегерек столдор өткөрүлдү. Чарбакер субъекттер мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү технологиялары жөнүндө билим алышты | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
20.2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК), САЧКӨМ расмий сайтында жана мобилдик тиркемелеринде багбанчылыктын жана жүзүм өстүрүүнүн заманбап технологиялары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу | ЖМКда, САЧКӨМ расмий сайтында багбанчылык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялары жөнүндө маалыматтар жайгаштырылды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
21 | Жүзүмчүлүк жана шарап өндүрүү багыты боюнча адистерди даярдоо | 21.1. КУАУда жүзүмчүлүк боюнча агрономдорду даярдоо программасын иштеп чыгуу | Адистер даярдалды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
21.2. Жыл сайын студенттерди тажрыйба алмашуу программаларынын алкагында окууга жиберүү | Студенттер окутулду | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
21.3. КМТУ, КУАУ, ОшМУ, ОшТу, "Манас" КТУ, ОКОЖ студенттери жана окутуучулары үчүн шарап өндүрүүчү ишканаларда практикадан жана стажировкадан өтүүнү уюштуруу | Студенттердин практикадан өтүүсү. Квалификациялуу адистер даярдалды | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, БИМ, жүзүмчүлүк чарбалары жана шарап өндүрүүчү ишканалар | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
|
| 21.4. Өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн тиешелүү окуу жайлардын өндүрүштүк филиалдарын түзүү | Тиешелүү окуу жайлардын өндүрүштүк филиалдары жана квалификацияны жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, КУАУ, тиешелүү окуу жайлары | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
21.5. КМТУ жана КУАУнун студенттери үчүн шарап өндүрүүчү ишканаларда пилоттук долбоорлорду түзүү жана өнүктүрүү | Шарап өндүрүүчү ишканаларда пилоттук долбоор түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, БИМ, КУАУ, КМТУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
22 | Региондордо жүзүм өстүрүүчү фермерлерди окутуу | Жүзүм өстүрүүчү жергиликтүү фермерлерди жүзүм өстүрүүнүн, кыртышты иштетүүнүн, жүзүм бактарын багуунун заманбап методдорун окутуу боюнча билим берүү программаларын, семинарларды ишке киргизүү | Жергиликтүү фермерлер үчүн семинарлардын билим берүү программалары түзүлдү | 2025-2029-жылдардын ичинде | САЧКӨМ, БИМ, КУАУ | 2025-2029-жылдарга республикалык бюджетте каралган, министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети |
ББ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" улуттук институту |
РАӨБ | - | райондук агрардык өнүктүрүү башкармалык |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ААЖБ | - | Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору |
"Кыргыз экспорт" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча "Кыргыз экспорт" борбору" мамлекеттик мекемеси |
КМТУ | - | Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |
АӨКК | - | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору |
KOICA | - | Корея эл аралык кызматташтык агенттиги |
ОАА МСЭКД СЛ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Сыноо лабораториясы |
СМБ СЛ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Сыноо лабораториясы |
СЛБ | - | соода-логистикалык борбор |
КДИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту |
АЧӨБЭД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент" мекемеси |
ОшМУ | - | Ош мамлекеттик университети |
ОшТУ | - | Ош технологиялык университети |
"Манас" КТУ | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университети |
ОКОЖ | - | орто кесиптик окуу жайы |
КТСС | - | кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйбалык-селекция станциясы |
|
| 3-тиркеме |
2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча индикаторлор МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык 2024-жыл | Индикаторлор | Акыркы индикаторлор/ максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||||
2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 |
|
| |||||
1-артыкчылык. Өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчү жана соода уюмдарынын ортосунда өз ара мамилелерди түзүү менен интеграцияланган уюштуруу түзүмүн калыптандыруу аркылуу багбанчылыкта жана жүзүмчүлүктө чарба жүргүзүүнүн уюштуруу-экономикалык механизмин өркүндөтүү | |||||||||||
1 | Мөмө-жемиш азыктарын жана жүзүмдү өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген чарбакер субъекттерди кластердик жана кооперативдик бирикмелерге консолидациялоо (ирилештирүү) саясатын өркүндөтүү | Кластердик бирикмелердин негизинде багбанчылыкты, жүзүмчүлүктү жана мөмө-жемиш питомниктерин түзүү жана өнүктүрүү | бирдик | 1 | 2 | 3 | 3 | 3 | 3 | 14 | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ |
Региондук кооперативдерди жана алардын бирдиктүү бирлигин түзүү жана өнүктүрүү | бирдик | 2 | 2 | 4 | 5 | 6 | 8 | 25 | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ | ||
2 | Мөмө-жемиш азыктарын жана жүзүмдү өндүрүү боюнча кластердик жана кооперативдик бирикмелерди түзүү жана ишин өнүктүрүү процесстерине дем берүү | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүм отургузуу үчүн асылдуулугу төмөн жерлерди бөлүп берүү | миң га |
| 4,82 | 7,2 | 10,47 | 12,41 | 14,1 | 49,0 | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларга жана мөмө-жемиш питомниктерине жеңилдетилген кредит берүү | млн. сом | 500,0 | 500 | 400 | 400 | 300 | 300 | 1900,0 | САЧКӨМ, ФМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
49,0 миң га аянтта 858 багбанчылык чарба түзүлдү | бирдик | 107 | 110 | 150 | 180 | 200 | 218 | 858 | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ | ||
200,0 га аянтта 10 мөмө-жемиш питомниги түзүлдү, анын ичинде: | бирдик |
| 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 |
| ||
га |
| 40 | 40 | 40 | 40 | 40 | 200,0 |
| |||
1) 1,78 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник (Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылы); | млн.сом |
| - | - | 1,78 | - | - | 1,78 | Эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
2) 1,78 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник (Чүй облусунун Сокулук районундагы ККТСС); | млн. сом |
| - | - | - | 1,78 | - | 1,78 | |||
3) Нарын шаарында КДИИИ базасында 2,67 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; | млн. сом |
| - | 2,67 | - | - | - | 2,67 | KOICA долбоорунун каражаттары | ||
4) Баткен облусунун Кадамжай районунда КДИИИ базасында 2,67 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; | млн. сом |
| - | 2,67 | - | - | - | 2,67 | KOICA долбоорунун каражаттары | ||
5) Ош облусунун Өзгөн районунда АЧӨБЭД базасында 2,67 млн. сом суммасына түзүлгөн питомник; | млн. сом |
| - | 2,67 | - | - | - | 2,67 | KOICA долбоорунун каражаттары | ||
6) Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы питомник, суммасы 8,9 млн. сом; | млн. сом |
| - | - | 8,9 | - | - | 8,9 | Эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
7) Талас облусунун Бакай-Ата районундагы питомник, суммасы 4,45 млн. сом | млн. сом |
| - | - | - | 4,45 | - | 4,45 | Эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
"Ноокат алмасы" СЛБ (ТЛЦ) (Ош облусунун Ноокат району) түзүлдү, суммасы 120,6 млн. сом | млн. сом |
| 120,6 | - | - | - | - | 120,6 | "Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун каражаттары (Дүйнөлүк банк), СЛБ каражаттары | ||
СЛБ жана акустикалык тоңдургучу менен жемиш сактоочу жай түзүлдү (Ош облусунун Кара-Суу району), суммасы 103,6 млн. сом | млн. сом |
| 103,6 | - | - | - | - | 103,6 | |||
2-артыкчылык. Жергиликтүү табигый жана экологиялык шарттарга ылайыкташтырылган интенсивдүү бакчаларды өстүрүүнүн алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларын киргизүү | |||||||||||
3 | Инновациялык агротехнологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кыртышты топуракты коргоочу жана сууну үнөмдөөчү методдорду колдонууга акырындык менен өтүү | Кыргыз Республикасынын жарандарын мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдары менен камсыздоо | млн. даана |
| 3,0 | 3,5 | 3,5 | 3,5 | 3,5 | 17,0 | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары |
Багбанчылык жана жүзүмчүлүк үчүн суу скважиналарын жана тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу | скважина бирдиги |
| - | 10 | 15 | 15 | 20 | 60 | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
га |
| 20,0 | 40,0 | 40,0 | 50,0 | 50,0 | 200 | ||||
4 | Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн (рентабелдүүлүгүн) жогорулатуу | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн айдоо аянттарын, мөмө-жемиш азыктарынын түшүмдүүлүгүн жана өндүрүүнү оптималдаштыруу | миң га |
| 60,63 | 71,85 | 84,32 | 98,73 | 109,63 | 109,63 | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары |
миң тонна |
| 319,37 | 378,25 | 486,69 | 566,89 | 638,44 | 638,44 | ||||
Мөмө-жемиш азыктарын кайра иштетүүнү жана экспорттоону көбөйтүү | % |
| - | 1,0 | 1,0 | 1,5 | 1,5 | 5,0 | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
% |
| - | 250 | 250 | 300 | 350 | 3 эсе | ||||
Калкты мөмө-жемиш азыктары менен камсыз кылууга жетүү боюнча иштерди жүргүзүү | % |
| 5,0 | 5,0 | 6,0 | 7,0 | 7,0 | 30,0 | Багбанчылык чарбаларынын жана питомниктердин каражаттары | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Облустардагы ПЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети |
ББ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" улуттук институту |
РМА | - | райондук мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ААЖБ | - | Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору |
"Кыргыз экспорт" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча "Кыргыз экспорт" борбору" мамлекеттик мекемеси |
КМТУ | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |
АӨКК | - | "Агро өнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору |
СМБ СЛ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун сыноо лабораториясы |
ОАА МСЭКД СЛ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноо лабораториясы |
КДИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту |
СЛБ | - | соода-логистикалык борбор |
АЧӨБЭД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департамент |
KOICA | - | Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги |
ОшМУ | - | Ош мамлекеттик университети |
КТМУ | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университети |
ОшТУ | - | М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети |
АОЖ | - | орто кесиптик окуу жайы |
|
| 4-тиркеме |
2025-2029-жылдары Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасынын БЮДЖЕТИ
№ | Чаралар | Өлчөө бирдиги | Каржылоо муктаждыгы | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
РБ | ПГИ | Башкалар | Бардыгы | РБ | ПГИ | Башкалар | Бардыгы | РБ | ПГИ | Башкалар | Бардыгы | |||
1-милдет. Мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү боюнча кластердик жана кооперативдик бирикмелердин ишин түзүү жана өнүктүрүү процесстерине дем берүү | ||||||||||||||
1 | Кластерлердин негизинде багбанчылыкты, жүзүмчүлүктү жана мөмө-жемиш питомниктерин өнүктүрүү | млн. сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
- Дүйнөлүк банктын "Ош облусун жана Ош шаарын регионалдык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында | - | - | 224,2 | 224,2 | - | - | 224,2 | 224,2 | - | - | - | - | ||
- Баткен, Нарын облустарында 2 питомник түзүү (ФАО каражаты); | - | - | 5,34 | 5,34 | - | - | 5,34 | 5,34 | - | - | - | - | ||
- Ош облусунда 1 питомник түзүү (Өзгөн району) АЧӨБЭД базасында; | - | - | 2,67 | 2,67 | - | - | 2,67 | 2,67 | - | - | - | - | ||
- Жалал-Абад облусунда (Токтогул району) жана Талас облусунда (Бакай-Ата району) 2 питомник түзүү | - | - | 13,35 | 13,35 | - | - |
|
| - | - | 13,35 | 13,35 | ||
2 | Багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларын жана мөмө-жемиш өстүрүү питомниктерин жеңилдетилген кредиттөө ("Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору (АӨКК)) | млн. сом | - | - | 1900,0 | 1900,0 | - | - | 1900,0 | 1900,0 | - | - | - | - |
3 | Кайра иштетүүчү жана логистикалык инфратүзүмдөрдү түзүү жана өнүктүрүү, анын ичинде: | млн. сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
- БУУнун (ФАО) азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Багбанчылыктын мыкты технологияларын киргизүүнүн инновациялык методдорун жайылтуу жана илгерилетүү" долбоорунун алкагында; |
|
| 3,56 | 3,56 | - | - | 3,56 | 3,56 |
|
|
|
| ||
- Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) "Кыргыз Республикасынын айылдарын комплекстүү өнүктүрүү" долбоорунун алкагында |
|
| 48,7 | 48,7 | - | - | 38,7 | 38,7 |
|
| 10,0 | 10,0 | ||
| Программа боюнча, бардыгы: | млн. сом |
| - | 2197,82 | 2197,82 | - | - | 2174,47 | 2174,47 | - |
| 23,35 | 23,35 |
Кыскартуулардын тизмеси:
АӨКК | - | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору |
KOICA | - | Корея эл аралык кызматташтык агенттиги |
АЧӨБЭД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент мекемеси |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму |
ФАО | - | Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму |