Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-октябры № 606
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:
- 4-пункт "Кыргыз Республикасынын аймагында соода иши" деген сөздөрдөн кийин "эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт "жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин "эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
- 331-пункт "акчалай милдеттенме" деген сөздөрдөн кийин "товарды өлчөө бирдиги үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 172-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"172. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын, маданият эстеликтеринин, сыйынуу курулмаларынын жанында, автожолдордун өтүү бөлүгүндө, тротуарларда, токтотмолордо, сейил бактарда, гүлбакчаларда, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде (бөлүүчү тилкеде) жана жол жээгиндеги тилкеде товарлардын жана продукциялардын кайсы болбосун түрүн чакан чекене сатууга уруксат берилбейт. Мындай талапты бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган чараларды көрүүгө алып келет.";
- 174-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"174. Чакан чекене соода тармагынын пункттары сооданы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен же колдонбостон жүргүзөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Эгерде товарлардын айрым түрлөрүнүн бааларын, алардын бааларына соода үстөктөрүн (кошмо бааларды) мамлекеттик жөнгө салуу (анын ичинде алардын чектүү (максималдуу жана (же) минималдуу деңгээлин) белгилөө) каралса, мындай товарлардын баалары, алардын бааларына соода үстөктөрү (кошмо баалар) "Атаандаштык жөнүндө", "Баа түзүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жөнгө салынат.";
- 8-пунктта "он төрт күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "7 календардык күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пунктта "он пайызынан ашпоого тийиш" деген сөздөр "беш пайызынан ашпоого тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта:
"ушул Жобонун 7-пункттарында көрсөтүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
"Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттун 1-3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарлары соода тармагы тарабынан товарлар сатылган датадан тартып 7 календардык күндөн кеч эмес төлөнүүгө тийиш;
2) өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) тарабынан берилген азык-түлүк товарлары соода тармагы тарабынан товарлар сатылган датадан тартып 14 календардык күндөн кеч эмес төлөнүүгө тийиш;
3) соода ишин жүзөгө ашырган башка ишкердик субъекттери тарабынан берилген азык-түлүк товарлары тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнүүгө тийиш.";
- 22-пунктта "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |